Айыл аймактарын ирилештирүү реформасынын негизинде Москва районундагы мурдагы Беловодск, Первомайское айыл аймактары бириктирилип, Нарзан айыл аймагы болуп кайра түзүлгөн. Белгилей кетсек, ушул эки бакыбат айыл аймактарынын негизинде түзүлгөн Нарзан айыл аймагы өлкөбүздөгү инфраструктурасы кыйла өнүккөн, экономикасы кубаттуу айыл өкмөттөрүнүн бири болуп калды.
Нарзан айыл өкмөтү боюнча 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштерди төмөнкү слайддардан көрүүгө болот. “Алты айдын ичинде биз жыл башында башталган бардык долбоорлорду ийгиликтүү аяктадык. Келерки жарым жылдыкта таза суу менен байланышкан негизги көйгөйлөрдү чечүүгө токтолобуз, ошондой эле бүтүндөй айылды көрктөндүрүү боюнча башталган бардык долбоорлордун үзүрлүү аткарылышын күтөбүз, аткарылган иштердин жыйынтыгы мындан аркы өсүш жана алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн бекем негиз түзөт”, – дейт Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Эралиевич Оскомбаев.
2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына киреше бөлүгүнүн бекитилген планы боюнча маалымат:
- 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына киреше бөлүгүнүн бекитилген планы – 75 млн.490 миң сомду түзүп, бюджетке 78 млн. 644 миң сом түштү, аткарылышы 104.2% түздү.
- Киреше салыгына 56 млн. 411 миң сом план коюлса, 60 млн. 59 миң сом түшүп, аткарылышы 106,5% түздү.
- Кыймылсыз мүлккө төлөнүүчү салыктын планы 323,3 миң сом болсо, 782,0 миң сом түшүп, аткарылышы 242% түздү.
- Айыл чарба эмес жер салыгынын планы 4 млн. 559 миң сом болсо, 4 млн. 738 сом түшүп, аткарылышы 103,9% түздү.
- Айыл чарба эмес жерлердин ижарасынын планы 1 млн. 819 миң сом болсо, 1 млн. 914 миң сом түшүп, аткарылышы 105% түздү.
Калкты таза суу менен камсыз кылуу
- 2024-жылы жергиликтүү бюджеттен суу түтүктөрүн капиталдык ремонт иштерине, кудуктарды (скважиналарды) тазалоо иштерине жалпысынан 30,4 млн. сом каралган.
- Эскилиги жеткен ичүүчү суу түтүктөрдүн капиталдык ремонтуна 6300,0 миң сомго 3000 метр түтүктөр сатып алынды. Калкты үзүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз кылууга кудуктардагы (скважина) иштен чыккан терең насосторду тез арада алмаштыруу үчүн 5 даана насос 1590,0 миң сомго жана электрондук башкаруусу (шкаф управления) 5 даана 600,0 миң сомго сатып алынган.
- Ошондой эле ичүүчү суунун көлөмүн көбөйтүү максатында аймактагы 3 даана кудуктары тазаланды, алар: РИИБ имаратынын жанындагы кудук – 1397,3 миң сом, Калина/Шевченко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кудук – 1367,5 миң сомго, Ак-Суу айылында жайгашкан ипподромдун жанындагы кудук – 2050,1 миң сомго тазаланды.
Аида БОЛОТБЕК кызы, «Кыргыз Туусу»