(Сатиралык аңгеме)
Кыргыз сатирасын кыр ашырып кеткен Мидин Алыбаевдин кайсы чыгармасын окуба, маанайыңды көтөрүп, бир жылмайып алмайың бар. Окурмандарыбызга төмөнкү сатиралык аңгемесин сунуш кылабыз.
Жантек чал ооруп төшөктөн турбай калганына үч күн болду. А дегенде эле ичим деп жыгылган, ушу убакка чейин басалбай, басалмак тургай ооруганы күчөй берди, ал гана түгүл өткөн түндө көзүнө алда немелер көрүнүп чыкты. Жантек эч нерсе түшүнбөй турган чалдын бири эмес. Ал жөнөкөй сасык тумоо болсо ичтен кармабасын түшүнөт. Эгер ич бурап ооруса же жел өткөн, же күптүнүн кесепети экенин түшүнөт. Андай учурда кантип айыгып кетүүнү да жакшы билүчү.
Азыркы оорусу тигиге да, буга да окшобой бир түрдүү сайгылашып, эң катуу чымырап ооруп жатат. Демек, башкача оору. Ысык чай ичип тердеп да көрдү. Көмөч да басты, болбоду. Ысык күл, кууруган кумду тартып көрдү, эч натыйжа чыкпады. Кыскасы, адеп жыгылганда «эчтеке эмес, кудай буюрса айыгып кетем» деген Жантек азыр тереңирээк ойлоно баштады.
Бул түнү Жакең эң жаман болуп чыкты. Чыдатпай ооруганды коё туралы, баарынан да көргөн түштөрү жаман болду. Түшү чакчелекей: кээде Жантек үңкүргө кулап кетет… кээде аны бир өңү суук неме: «Жүр, Жантек», – деп сүйрөйт… Баарынан да Жантектин эсинде калганы – эчакы өлгөн атасы учкаштырып жүрүптүр… түшү жаман. Жаман болгондон кийин камынышсын.
Ал ойлонуп-ойлонуп жатып: «Коош, – деп ичинен айтты. – Коош, түш жаман… бул оору жан алуучу оору. Анын үстүнө быйыл алтымыш үчкө, мүчөлүмө келдим. Эми Кудайды сакта десем да болот, сактаба десем да болот. Андан көрө кудаадан тиги дүйнөнү тилейин. Ал мени улам эле сактап отурмак беле. Үч жеткен ажалдан алып калды. Илгери кой кайтарып жүргөнүмдө көчкү алып баратканда, кудаанын кудуретчилдиги, тонум арчага илинип калып аман калдым. Экинчи жолу чөп чаап жүрсөм бутумду жылан чагып, шишик чокума келгенде кайра жанып… дагы аман калдым. Бу да кудаанын колдогону. Баягы жылы жазында Кабактын капчыгайында кетип бара жатсам, казандай таш кулап мага тийбей, минип бара жаткан атыма тийип ал өлүп, мен аман калдым. Бул дагы кудаанын колдогону. Ушинтип үч жолу сактады.
Үчтөн кийин чүч дейт. Мына эми «чүч» болом го. Деги өзүм деле топук кылышым керек, улам эле колдой берип Кудай мага бир тууган жээн беле. Андан көрө балдарымдын өмүрүнө береке берсин. Мага тиги дүйнөдөн жай берсин…» деп ичинен ойлонду да, бир келме келтирип алып, тиги «дүйнөнү» ойлой баштады. – «Коош, – деди Жантек. – Коош, жан көкүрөктөн кеткенден кийин эле Үңкүр Манкир сурай баштайт. Өмүрүмдө эмне соопкерчилик кылдым, кыянатчылык да кылдым. Өздөрү эсептээр, бирине-бирин тороштураар. Баарын кайдан санай алам. Бирок мен кийинки жылдарда балдардын тилине кирип орозону үч жылы кармаган жокмун. Быйыл такыр намаз окуган жокмун. Баякы жылы дүкөндө кароолчу болуп турганда көп эле майга бышырган токоч жеп жүрдүм. Кандай майга бышырганын билдим. Коош, булардан тышкары эмне кылдым? Бая күнү Ныязбайдын кетменин алып жүрө бердим эле. Бу да күнөө! Кой… көзүмдүн тирүүсүндө бердирейин. Дагы бир жолу ал кургурдун короосунун эшигин бекиткен чынжырын тамдын үстүнө бекиттим эле. Бул да күнөө! Ысактын карала итине былтыр мен ийне берип, Жаңыл кургурга шылтадым эле. Бул болсо эң бир оор күнөө! Ушулардын баарын тирүүмдө, тилим күрмөөгө келип турганда айтып моюнга алыш керек… Коош… дагы эмнелер калды…» деп Жантек ичинен улам ойлонуп, улам келме келтирип жатты да кемпирин чакырды.
– Ээ кемпир! Менин ишим начар… Мен тиги дүйнөгө жөнөйт окшойм. Эки баланы тең чакыр, керээзимди айтып калайын, – деди.
– Ок! Жөн эле дөөрүбөчү, – деди кемпири.
– Жоок… жөн эмес. Кийин арманда калып жүрбө, керээз айтам, чакыр. «Бул ооруганда минтип сүйлөчү эмес эле, чын эле бирдемени сезип жатат го» деп ичинен айтып кемпир балдарын чакырып келди.
– Коош, балдар! – деди Жантек. – Экөөңдү бактым, чоңойттум, өз тизгиниңерди колуңарга бердим. Мен эми тиги дүйнөгө жол тартам. Убак келди, жашым да жетти, арман жок. Мурун азапта жүрсөм да совет чыкканы жыргадым. Аз да болсо силердин убайыңарды көрдүм. Кош… Эми айтарым, кемпирди, Ысак, сен колуңа ал, – деп кичи уулуна айтты. – Үй да сенин колуңа өтсүн. Шадыкан, сен таарынба, эгер апаң сенин колуңа өтсө аялыңдын кыялы таранчыдай эле чырт-чурт деп турат, кемпирди кагып-силкип коёр, – деп уулуна айтты. Торгашка бээ менен жээрде атты, Шадыкан, сен ал. Ысак, сен чаар уйду, сары атанды ал. Менин коногума көк байталды жана эки кой сойгула, ошол жетишет. Коош… Эми менин мүрзөм жөнүндө. Коош… мени, балдар, өзүбүздүн огороддун аяк жагындагы жалгыз теректин түбүнө койгула. Ошол жерди жакшы көрөм. Коош… эми келиндерди чакыр, – деди кемпирине. Ушинтип Жантек сүйлөп жатканда кичүү уулу Ысак ыйлап жиберди. Эки келин келээр замат:
– Коош… айланайындар, мен тиги дүйнөгө жөнөмөк болдум, – деп кичи келинине жалынып: «Ырыстуу болосуң айланайын», – деп колунан өптү да, улуу келинин: «Бул кыялың койбосоң, балам, кор болосуң», – деп бурулуп кетти. Бурулуп кетти да тескери караган бойдон: – Ныязбай, Ысакты, Жаңылды чакыргылачы, – деди. Ошол замат кичи келини менен кемпири айтылган кишилерди чакырганы кетишти. Ысак шашып ат токунуп, районго доктурга жөнөдү.
Ныязбай, Жаңыл, Ысак келер замат Жантек оң бурулду да:
– Коош… силерди чакырганым: мен тиги дүйнөгө жөнөп бара жатам. Үчөөңөрдүн алдыңарда тең менин күнөөм бар. Өлөөрдө кечирим сурайын дедим, – деп тигилерди жалдырап карады.
– Айтыңызчы, Жаке, кечиребиз, – деп тигилер чурулдашты.
– Коош… Айтсам, Ниязбай! Сенин бир кетмениң аңызда жатса сурабай алып келип, сабын сууруп ыргытып ийип, жаңы сап саптатып катып койдум эле, атканада, акырда турат, ала кой. Коош… Дагы короонун оозун бекиткен бир чынжырды чечип алып, тамдын үстүнө каттым эле аны да ал, анан күнөөмдү кечир, – деп Ниязбайга тигиле карады.
– Ой жарыктык, аны мен Жээналыдан көрүп жүрдүм эле. Кечирдим, кечирдим, – деп шашып жооп берди Ниязбай.
– Коош… Айтсам анда мындай, – деди бир кезде отургандарды карап, – баягы жылы кышында ийне жутуп өлгөн кабаган карала итиңди мен өлтүрдүм эле, сен байкуш Жаңылдан көрдүң. Анын убалына калдым. Экөөң тең кечир.
– И-и, Жаке, капыр Ысак ошол ити үчүн мени нечен каргантты го. Аскердеги жалгыз уулумдун көзүн көрбөй калайын деп карганбадымбы, – деп Жаңыл тызылдап бара жатты эле: – Э, койчу, – деп жиберди Ысак.
– Э жарыктык, каралага эмне үчүн ийне берип жүрөсүз?
– Ээ Ысак, күнөөнү мойнума алып жаткандан кийин нары жагын сурабасаңчы, – деп Жантек онтоду.
– Жоок. Жарыктык, шарыятта бардык чындык тиги дүйнөдө күнөөнү жеңилдетет эмеспи.
– Коош… Анда эмесе угуп тур. Мен аны өлтүргөнүм… бастырмаңдын үстүндөгү бедеңден алып жээрдеге… – деп дагы онтоду.
– Ии, ошондой, – деп Ысак күлүмүш болду, күнөөнү үчөө тең кечирип, үйлөрүнө кайтышты.
Ысак доктурду ээрчитип үйгө киргенде атасы дале керээзин айтып бүтө элек эле. Доктур ары-бери ичин басып көрүп туруп: – Оору коркунучтуу эмес. Сокур ичеги деген ушул. Муну бат эле айыктырам, операция кылыш керек, – деп чалды ооруканага алдырып жөнөдү.
Жантек эсин жыйып, көзүн ачса чоочун үйдө жатат. Ичинин ооруганы басылып калыптыр. Бирок ооруган жери өтө ачышат. «Неге ачышат. Мени сойдубу же соё элекпи…» деп аң-таң калды да жанындагы кыздан сурады:
– Коош, кандай, мени сойдубу?
– Сойду. Ооруңуз сокур ичеги деген экен. Союп, кесип таштап, кайра тигип койду, – деди.
– Эмне үчүн ооруган жок?
– Дары жыттабадыңызбы?
– Ыя, дары жыттаган эмнеси?
– Дары жыттайт деген сөз, чыдабайбы деп өлтүрүп туруп анан сойду, – деди.
– Чын эле өлдүмбү?
– Ооба. Өлдүңүз. Анан тирилтип койдук, – деп кыз күлдү.
«Мына кызык… Мен өлдүм. Эмне үчүн Үңкүр Маңкир келип сураган жок?» деген ой менен алек боло берди.
Жакем бир жума өткөндөн кийин эле үйүнө чыгып барды. Дагы бир топ убакыт өтпөй, майда-чүйдө оокаттарын кыла баштады. Бирок ичинен айтат: «Коош… Мен өлүп, тирилдим. Мындайча айтканда тиги дүйнөгө барып келдим. Неге мени эч ким сураган жок? Үч жолку ажалдан Кудай сактады эле, бир жолкудан доктур сактады. Доктур деле кыйын тура. Керээзиң түшкүрдү бекер айтыпмын», – деп тиштенди. Ушинтип Жантек жакшы айыгып кетти. Балдарына эч кандай энчи бөлүп бере элек. Өзүнө деп сактаган кепиндик алты метр акты шейшеп жасаттырды деп уктум. Баягы: «Мени ушул жерге көмгүлө» деген теректи кыйып, дүмүрүнөн өйдө казып, анан ордуна ашкабак тигип жатканын көрдүм.
Ныязбай, Ысак, Жаңылдар болсо Жакем барса кет дешпейт, бирок чыгарда кандай кеткенин байкап турушат. Улуу келини болсо: “Мени өлгөнү жатып жаман көзү менен карады эле тирүүсүндө кантип жакшылык кылсын” – деп абысынына ар дайым айтат экен.
Жантек болсо доктурга миң мертебе ыраазы болуп, кабагым-кашым дебей эле оокат кылып жүрөт.