Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Москвадагы “Кыргызстан”

Быйыл Кыргыз мамлекетинин 100 жылдыгына карата дагы бир олуттуу окуя болгону турат. Кыргызстандын Москва шаарындагы Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн территориясында жайгашкан павильондун башкаруучусу Аниса ЖЕЕНБЕКОВА толугу менен кайрадан жасалып жана жабдылып чыккан павильон быйыл Көз карандысыздык майрамына карата ачыла турганын айтты.

Анын айтымында, Көр-гөзмө союздук республикалардын ынтымагын билдирген, элдердин башын бириктирген курулуш болгон. Ал союз тарагандан кийин каралбай калган.

А.Жеенбекованын бул кызматка дайындалышы да тегин жерден эмес. Ал 2010-2013-жылдары ушул ВДНХда директордун орун басары болуп иштеген.

– Ал убакта муну менчик компания иштетип турган, мамлекетке салымы болбой калган, — дейт ал. — Анын үстүнө тарыхый эстеликтерге жетиштүү көңүл бурулбай калгандыктан россиялык тарап жаптырып койгон.

Эми бул аянтча кайрадан иштеп, тиешелүү төлөмдөр мамлекетке төлөнүп турмакчы. Россия тарап 49 жылга бекер берди. Азыр бюджеттен ремонт иштерине, ички жасалгасына жана жабдууга жетиштүү акча бөлүнүп, быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу ачабыз деп турабыз. Ремонт иштери сапаттуу жүргүзүлүүдө, дагы 4-5 күндө аягына чыгарылат.

Андан кийин жабдуу иштери башталат. Керектүү жабдуулар, уникалдуу италиялык люстралар, италиялык эмерек алынып жатат.

А.Жеенбекованын айтымында, павильондо ар кандай: маданий, социалдык, билим берүүчүлүк багыттагы иш-чаралар уюштурулмакчы. Кыргызстандын жетишкендиктери көрсөтүлүү менен катар эле ишкерлерге керектүү маалыматтар топтолот, алар россиялык ишкерлер менен контрактарды түзүшсө болот.

– Россиянын рыногу өтө чоң, ишкерлерибизге ал рынокко чыгуусуна жардам беребиз, – дейт ал. – Бул жерде чоң лед-экран болот. Кыргыздын кинолорунун, жакшы китептердин бет ачаарларын өткөрөбүз. Мунун өзү да бул жактагы жарандарыбыз үчүн жакшы иш болмокчу. Азыр Россияда миллионго жакын кыргыз бар. Алар да ушуну каалашат.

Андан тышкары россиялыктар деле кызыгышып, качан ачыла турганыбызды сурап жатышат. Кыргызстандан көчүп келишкен орус, башка улуттагы жарандар кымыз, максым сыяктуу улуттук тамак-аштарды алгысы, тамактангысы келишет. Ошондойлорго бардык шарттарды түзүп бергенге аракет кылмакчыбыз.

Маектешибиздин былтыр августта бул кызматка дайындалышы да кокусунан эмес. Ал Москвада 15 жыл кыргыз диаспорасын жетектеп келген. Азыр да Россиядагы 140тай коомдук уюмдардын башын бириктирген “Кыргыз биримдиги” коомунун биринчи вице-президенти. Ошондуктан ал жергиликтүү бийликтегилер менен да, мекендештер менен да жакшы иштеше алат.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар