Бүгүн, 6-августта Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык 4 балбан килем үстүнө чыгат.
Адегенде Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча турнирде беттештерин башташат. 77 килограммдан 97 килограммга чейинки салмактагы балбандардын расписаниеси:
6-август саат 15:00 — 1/8 финалдык беттештер
6-август саат 22:15 — жарым финал
7-август саат 15:00 — жубатуучу беттештер;
7-август саат 23:30 — финал жана коло үчүн кармаш.
Бүгүн Мээрим Жуманазарова алтын үчүн, Жоламан Шаршенбеков дагы коло үчүн кармашат. Расписание боюнча беттештер саат 23:30да башталат деп көрсөтүлгөн.