whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсык"Принцтин" иши боюнча жабырлануучу да камакка алынды

«Принцтин» иши боюнча жабырлануучу да камакка алынды

Өспүрүмгө бутун өптүргөн сокулуктук «принцтин» иши боюнча жабырлануучу да камакка алынды.

Милиция жабыркады деген бала өзү чагымчылыкка барып, шектүүнү кылмышка түрткөнүн айтты.

Чүй облустук милициянын маалыматы боюнча, майда 19 жаштагы Ч.И. жана 16 жаштагы К.Ж. ортосунда келишпестик пайда болгон. Мындан кийин жабырлануучу шектүүнүн Б.А. аттуу карындашын (бир тууган эмес) «өлтүрөм» деп билдирүү жазып, коркуткан.

Укук коргоочулар кийин К.Ж. «принцти» жолугушууга чакырып, ал жерге өлтүрүү үчүн маки ала келгенин маалымдады. Бирок ниетин ишке ашыра албай, кайра өзү санга бычак жеген.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүүгө даярдык көрүү» беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бардык СМС-жазышуулар, маки жана башка далилдер алынган. Натыйжада буга чейин жабырлануучу катары өтүп жаткан 16 жаштагы өспүрүм камакка алынган.

Гезит

Рубрикалар