“Эркин Тоо” гезитинин тарых алдындагы аткарган негизги миссиясынын бири, алгачкы сандарынан тартып эле аялдар укугун коргоо маселеси болгон. Өзгөчө жашы толо элек кыздарды турмушка берүүгө, калың малга сатууга каршы аёосуз күрөш ачып, айрыкча аялдардын тең укуктуулугун камсыз кылуу, сабатсыздыгын жоюу, аларды коомдук уюмдарга тартуу, мамлекеттик кызматтарга коюу маселесин курч коюп турган.
Калыңга малга тойбой калып
“Эркин Тоонун” чалкан тилдүү кабарчысы, кызматкери Байсерке Калпак уулунун гезиттин №3 (10-декабрь, 1924-жыл) санына жарыя-
ланган алгачкы макаласы “Катын-кыз теңдиги” деп аталат. Анда Кутаалы деген абышка Сулайман Үркүмбай уулу дегенге куда түшүп, калыңга деп бир бут (центнер) буудай, төрт кара бергени айтылат. Ошентип, куда түшкөн Канышай кызды алышат. Бирок кыздын атасы, анын туугандары калың малга “тойбой” калышып, Кутаалы абышкага дагы он кара бересиң дешет. Анын колундагы малын эсептеп көрсө үч карага араң чыгыптыр.
“Эми калган жети каранын ордуна 9 жашар кызыңды бересиң деп кысташканда, бечара Кутаа-лы Пишпек шаарына качып келип, темселеп жүрүп мага жолукту. Мен жалгыз аттуу жолоочу эмне кыла алам. Мындай ишке эл ичиндеги партия мүчөлөрү, үстөл кучактаган азаматтар жакшылап көз салбаса, келер күнүбүз каран болуп, кыз-келиндер теңдик ала албайт”, – деп жазат Байсерке Калпак уулу.
Аялдар арасындагы жумуш
“Эркин Тоонун” ушул эле санындагы “Аялдар арасындагы жумуш” аталган маалыматта Ош шаарында биринчи мертебе аялдар кенперенсийасы (конферециясы) болуп, 80дей аял катышканы, алар сабатсыздыкты жоюу мектептерине киргизүүлөрү жана бойго жетпеген кыздарды алууга, көп аял алууга тыюу салган мыйзамдарды бузган адамдарды жоопко тартууларын талап кылышканын, Ош шаардык аялдар бөлүмүнүн башчысы Праздникова билдирген.
8-Март майрамдалсын
“Эркин Тоонун” №6 (16-февраль, 1925-жыл) санына “Орто Азиядагы бардык партия жана комсомол уюмдарына” аталган Орто Азиянын партия-
лык, кесипчилер (профсоюз) жана комсомол уюмдарынын кайрылуусунда, 1925-жылдын 8-март күнү жакындап калганы, бул күн бүт дүйнөдөгү жумушчу аялдарынын майрам күнү экендиги, мындан ары бул күндү Орто Азия эмгекчилеринин жалпы майрамы катары белгилөө керектиги айтылат. Башкача айтканда, 8-март майрамы Орто Азияда 1925-жылдын 8-мартынан баштап белгилене баштаган.
…Социализм кура албайбыз
“Эркин Тоонун” ушул эле санындагы Жусуп Абдыракмановдун “Өкмөт кемдиги” аталган макаласында, аялдар укугу, аларды коомдук, мамлекеттик иштерге тартуу маселеси боюнча мындай дейт: “Мындан мурун казан аякка гана ээ болуп, мал ордуна сатылып, кор болуп, эркектердин куурчагы болуп жүргөн аялдарды, аткаруу мекемелерине киргизүү керек. Аялдар калк кызматына аралашпай караңгыда калган учурда Кеңеш өкмөтүнүн жарды-жалчылары, өздөрүнүн түбөлүктүү максаты – сатсийализимге (социализмге) жакында жете албайт.
…Аял кызматкерлер качан жетишет
Гезиттин ушул санына аялдар темасын камтыган, дагы бир “Катын-кыздар тиричилиги” аталган маалыматты аттап өтүүгө болбойт. Мында айтылгандар ошол учурдагы аялдардын коомдогу абалын толук чагылдырып турат десек жаңылышпайбыз. “Эркин Тоо” ушундай көрүнүштөрдү ашкерелеп, элге ачык айтып турган.
“Караколдо үйөздүк кыз-келиндер бөлүмүнүн иштери азыркы күндө начарлады, мурун болуп турган баштыгы кетип, аял кызматкерлер табылбай, бир орустун аялы баштык кылып дайындалды эле. Ал байкуш өзү да кат тааныбайт жана иш билбейт…Аялдарды агарткандан мурда, эң мурун мунун өзүн агартып алуу керек эле.
Караколдогу, айыл-кыштактардагы жалпы кыргыздардын кыз-келиндеринин арасында иш жүргүзүлбөгөн. Орус аялдарынын “Клуб” дегендей бирдемеси бар. Алардын арасында кыргыз келин-кыздары жок. Болсо да бирөө, экөө. Жергиликтүү калктын аял кызматкерлерин жетиштирүүгө партия аракет кылбай олтурат. Бул эмине деген иш!? Башка жерлерде да ушундайбы? Келин-кыздар арасында иштөө меселеси кагаз жүзүндө калбай иш жүзүнө аша турган заман качан болот?
Г.Кулмат уулу
“Эркин Тоонун” №118 (26-октябрь, 1926-жыл) санында “Аялдар теңдиги” рубрикасынын алдында төмөнкү маалыматтар жарыяланган.
“Кыз сатуудан мугалимдер да куру эмес”
“Тоң болушунун күн батыш селаткомуна (айылдык аткаруу комитети) караган, Кара Жал мектебинин мугалими, жолдош Ысакбек Казакбай уулу, өзү кызыл мугалим боло туруп, карындашы Батманы, ошол элдеги Тынай деген атактуу Атыгай байдын уулуна, 50 кой, 1 жорго, 1 күлүк жана 2 жакшы ат баш кылып, 25 карага сатып отурат. Эми калк арасындагы караңгылыкты жана элдин жаман эски адаттарын жоючу кызыл мугалим ошондой ишти кылып жүргөндөн кийин, башка караңгы калк эмне болмок?
Кемсомол
Кыз балдарды ыйлатып кетти
Күнтуу элинин 1-мектебинде 1919-жылдан бери кыздар окуучу эле. Быйыл кыз балдарды окутуу үчүн Күбийа деген орус аял барып, 2 күн туруп кайта кетти. Буга тиги окуучу кыздар ыйлап, калаада окусак деп доктурдан күбөлүк кат сурап жүрөт. Эми кыздарга да окуу керек экени билинди.
Айылга барган окутуучу аял, жалаң акча табуу жагын карабай, ыйлап калган кыздардын максатын да ойлоо керек.
Чарчабас
Кызын дагы сатты
Прунзе округундагы Узун-Кыр элинен Кырбай Койчуман уулу, кызы Тойбулакты 1917-жылы Нарман болушундагы Жазыбай дегенге берип, 100 кой, 10 жылкы алган. Быйыл кызын андан бузуп чыгарып алып, калаа тегереги болушундагы Желдек Арпачы уулунан 100 сом, 2 ат, 5 уй алып (анын бир кичине кыз баласы менен) дагы сатып жиберди. Кырбай ушунтип адам соодасын жүргүзүп жатат.
Адигине
“Өктөбүр өзгөрүшү күн-чыгыш аялдарына эмине берди?
“Эркин Тоо” гезитинин №123 (14-ноябрь, 1926-жыл) санына жарыяланган “Өктөбүр өзгөрүшү күн-чыгыш аялдарына эмине берди?” аталган олуттуу макала, жалпы алганда совет бийлигинин, анын ичинде Кара-Кыргыз автономия-луу облусунун аялдардын укугун коргоо жаатындагы олуттуу саясатын жана анын жыйынтыгын көргөзүп турат.
Өктөбүр өзгөрүшү күн чыгышта болгон улуттардын аялдарын эски замандан бери укуксуз болуп, мал катарында сатылып келүүдөн куткарды. Илгери аялдар 8-9 жаштарында эрге берилип, чынын айтканда мал үчүн аксакалдуу абышкаларга берилүүчү жана да эрлери мурунку адат, шариятка таянып, катынын жактырбаса балдарынан чыркыратып ажыратып, аларга каражат бербей айдап, чыгарып жиберүүчү.
Мурунку мыйзам, адат, шарият боюнча аялдар ыктыярсыз, укуксуз болуп, өмүрү өткүчө күң болуп келген.
Бул адаттардын биринчиси жашы жетпеген кыз баланы эрге берүү, өз теңине, өзүнүн тилегенине бербей калың малга сатуу, өлгөндүн катынын эринин жакын тууганына берүү.
Ошонтип, күн чыгыш аялдары азыркы убакыттагыдай көпчүлүк иштерине аралаша албай, өзүнүн бүлөсүндө, өзүнүн никесинде эч кандай укугу болгон эмес. Ушунун катарында окуудан таптакыр куру болуп, карангылыкта калган болучу.
Өктөбүр өзгөрүшү биринчи күндөн баштаб аялдарга болуп келген зулумдуктарды, адаттарды жоюп, эркек кишилер катарында колдоруна болгон укуктарын берип олтурат.
Өктөбүр өзгөрүшү эмгекчи аялдарга жумушчулар жана жалчылар катарында саясий жагынан бирдей укук берип, өкмөт башкармаларына эркектер менен бирдей шайланууга жана шайлоого укук берди.
Эгер аял бир жерге кызматка киришсе эмгек акысы эркектердики менен бир чамада төлөнүп, эгер боюнда болсо төрөөдөн мурун 2 ай, төрөгөндөн кийин 2 ай кызматтан бошотуп, дем алыш (отпуске) берилет. Бул төрт ай үчүн өкмөт кызмат кылбаса да айлык акыларын толук берип турат. Дагы баласына сүт акысын ай сайын берип турат.
Өктөбүр өзгөрүшүнөн мурун күн чыгыш аялдары жер-суудан пайдаланган эмес. Өктөбүр өзгөрүшү аялдарды эркектер менен тең жер-суудан пайдаланууга укук берди. Чарбасына эри гана ээ болуп, эри өлгөндөн кийин үй оокаты бардык байлыгы эринин туугандарына калуучу.
Өктөбүр өзгөрүшү жогорку айалдардын үстүндө болуп келе жаткан зулумдуктардын бардыгын: зордук менен эрге берүү, калың малга сатуу, 16 жашка жеткирбей эрге берүү жолдорун, адаттарын жоюп, эркектерде кандай укук болсо, аялдарга да ошондой укук берди.
Күн чыгыш аялдары! Өктөбүр өзгөрүшү сенин өзүңө жана балдарыңа келечектеги турмушуң үчүн кең жол ачты.
Эркиндик жолуна, жакшы турмушка Өктөбүр өзгөрүшүнүн жолбашчысы болгон кемүнүст балшебик (коммунист, большевик,) партиясы чыгара
алат.
Петүхуба
Окурмандардын эсине сала кетсек, “Эркин Тоо” гезитинин алгачкы сандарын (1924-1927) арап тамгасынан кириллицага которуп чыккан окумуштуулар эже-сиңди Гүлзада жана Топчугүл Нармаматовалардын эмгеги тоодой. “Эркин Тоого” байланыштуу буга чейин жана кийинки жазыла турган материалдарыбыз ушулардын эмгектерине таянып жазылууда.