Былтыр эле “Буюрса, мугалимдер эмгек өргүүсү үчүн алган маяна менен Ысык-Көлгө гана эмес, Кара Деңизге, Анталияга барып эс алып келе алышат” десе, “Каяктагы жомокту айтасыңар” деп ишенбегендер четтен чыкмак. Көрсө, жомокту деле чынга, түштү өңгө алмаштырса болот экен.
Быйыл эмгек өргүүсү үчүн сый акыларын алышкан мугалимдер көргөн көздөрүнө ишене албай жатышат. Алсак, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин июнь айынын эмгек маянасы менен эмгек өргүү акысынын көлөмү 100 миң сомду түздү. Жаңы эле эмгек жолун баштаган мугалимдер эмгек өргүү жана айлык акысын кошуп 48 миң сом алса, 30-40 жыл эмгек стажы бар мугалимдердин колуна тийген акчасы 100 миң сомду түзүп, Кара Деңизге барсакпы же Анталияны тандасакпы деп бири-бирин тамашалашып жатышат.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, быйыл педагогикалык жана башка билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек өргүүсү үчүн багытталган акча каражатынын көлөмү 7 млрд. сомду түзгөн. Айлык акы жана эмгек өргүү акылары жалпы билим берүү мекемелеринин эсептерине өз убагында которулууда.
Бишкек шаарында кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалиминин эмгек өргүү акысы 102 миң сомду түзүп, салык, соцфонд төлөмдөрүнөн кийин колуна 82 миң сом алса, Тогуз-Тородо башталгыч класстын мугалими болуп иштеген Гүлнура Касымбекованын эмгек өргүү акысы айлык маянасын кошкондо 125 миң 500 сомду түзгөн. Ал мындан 4-5 жыл мурда эмгек өргүү үчүн 25 миң сомдун тегерегинде акча алганын айтып кубанганын жашырбайт. Ал эмгек стажысы 20 жыл экенин айтып, педагогикалык ишмердигинде алгачкы жолу мына ушундай көп акча алып жатканын белгилейт.
Мектеп мугалимдеринин арасынан эң көп эмгек өргүү акысын алгандардын бири биология мугалими, Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматалы атындагы мектептин завучу Перизат Бейшебаева. Ал 23 жылдан бери мугалим болуп иштеп, биологиядан сабак берет. Ал июнь айындагы маянасы жана эмгек өргүү акысын кошкондо 187 миң сом алган.
Июнь айынан эмгек өргүүсүнө чыга баштаган мугалимдер быйыл эмгек өргүү акысына ыраазы. Ош шаарында физика мугалими айлык маянасы эмгек өргүү акысы болуп 101 миң сомду түзүп, колуна 81 миң сом алса, Аламүдүн районунда орус тил мугалиминин июнь айынын айлык маянасы менен эмгек өргүү сый акысы 143 миң сомду түзгөн, колуна 115 миң сом алган. Мос-ква районунда математика мугалиминин маянасы жана эмгек өргүү сый акысы 104 миң сомду түзсө, Ак-Талаада мугалимдердин маяна, эмгек өргүү сый акысы 110 миң сомдон кем болгон эмес.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучунун айтымында, 2023-2024-окуу жылында райондо 735 мугалим, 176 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары иштеп, аларга эмгек өргүү сый акылары толугу менен төлөнүп берилген. Мектеп мугалимдерин каржылоого 64 млн. 242 миң сом кетсе, бала бакча тарбиячылары үчүн 15 млн. 195 миң сом жумшалган.
Сөз болгон райондо бийик тоолуу коэффициентти жана 30 жылдык эмгек стажын кошуп алганда, мугалимдердин эң алдынын алган эмгек өргүү акысы 129 миң сомду түзсө, орто эмгек өргүү жана маяна 110 миң сом болгон. Алсак, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы мектептин мугалими Нургүл Мамбетова 30 жыл эмгек стажы, 50% коэффициент менен эмгек өргүү акысына маянаны кошуп алганда 129 миң сом алган.
Баткендик жаш мугалимдер да быйыл маянасы менен эмгек өргүү акысын кошкондо 80 миңден кем эмес алышкан. Алар айлыгы 20 миң сом экенин айтып, биринчи жолу мындай көп акча алып жатышканын айтышат.
Быйыл таластык мугалимдер да эмгек өргүү жана маянасын кошкондо чоң акча алып, кубангандыктарын жашырышпайт. Талас шаарында жана Талас районунда 1500 мугалим бар. Шаар жана райондо эң жогорку эмгек өргүү акысы менен маяна 152 миңди түзгөн. Орточо 100 миңден кем алышкан эмес.
Бир мезгилде мугалимдердин айлык маянасы аз болуп, 5 жыл окуп мугалимдик дипломду алгандар гана эмес, көп жылдык эмгек стажысы барлар да мектептен качышып, базарга барып, соода кылып, бала-бакырасын бакканды туура көрүшчү. Минтип айлык акылар жогорулап, эмгек өргүү акылары жогорулаганы коомчулуктун мугалимдик кесипке карата болгон мамилесин өзгөртө турганы турулуу иш. Анын өзү өз кезегинде билим берүүнүн сапатынын жакшырышына алып келет деген ойдобуз.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”