Суббота, 28 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Бүгүн балбандар Исмаилов, Махмудов жана Жусупбеков килемге чыгышат

Бүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков килемге чыгат.

Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгат.

Амантур Исмаилов болсо, турнирде алгачкы беттештерин өткөрөт.

Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

77 килограмм салмак ченинде Акжол Махмудов Алексис Муньоз (Колумбия) менен, 97 килограмм салмак ченинде Үзүр Жусупбеков Жозефь Патрик Рау (АКШ) менен, ал эми 67 килограмм салмак ченинде, 1/8 финалда Амантур Исмаилов Рамаз Зоидзе (Грузия) менен беттешет.

Белгилей кетсек, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган болчу.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиададан эки медалы бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар