whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАзербайжан менен соода-экономикалык кызматташтык талкууланды

Азербайжан менен соода-экономикалык кызматташтык талкууланды

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжан Республикасынын экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиев менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелери, анын ичинде Азербайжандан Кыргызстанга мунай жеткирүү жана ата мекендик айыл чарба продукциясын, тактап айтканда, кой этин жана төө буурчакты экспорттоо перспективалары талкууланды.

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан — Каспий деңизи — Азербайжан» каттамы боюнча жүктөрдү ташуу маселелери, анын ичинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунан улам жүктөрдүн келечектеги көлөмү өзүнчө сүйлөшүлүп, тараптар бул багыт боюнча биргелешкен иштерди улантуу тууралуу тең пикирге келишти.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө уставдык капиталы 100 млн АКШ долларына чейин көбөйтүлгөн Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун ишине да токтолушту.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар