Воскресенье, 29 декабря, 2024
-10.9 C
Бишкек

Күйөрмандарыбызды сүйүнткөнда, күйүнткөн да олимпиада

  Учурда өтүп жаткан жайкы олимпиада оюндары дүйнө элин арбап алып, бир сүйүнтүп, бир күйүнтүп жаткан учуру. Айрым спортчулар көп жылдык мээнетинин үзүрүн көрүп, байгелүү орундарды ээлеп жатса, айрымдар бир каталыктын айынан ооматын оодарып, колунда турган медалын атаандашына жулдуруп жиберип, өкүттө калууда.
Мелдештер соңуна чыгып баратат, а Кыргызстанга алтын байге утуп алууга шансы бар спортчуларыбыздын таймашуулары алдыда турат. Ошондуктан, Айсулуу Тыныбековага, Айпери Медет кызына, Эрназар Акматалиевга, мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна ишеним артып, сүрөөнгө алып туралы.

Мээримдин алтынга тете күмүшү 

7-августка караган түнү балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова финалда америкалык балбан Амит Элор  менен беттешип, эгемен Кыргызстандын тарыхында дагы бир олимпиадалык күмүш медаль утту.

68kg WW — Meerim Zhumanazarova (KGZ) df. Blessing Oborududu (NGR)

Ал 1/8 финалда дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда дүйнө жана Азия эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, жапониялык Нонока Озакини 8:6 эсебинде утуп,  жарым финалдык беттеште Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, Африканын 13 жолку чемпиону, нигериялык 35 жаштагы Блессинг Оборудуду жеңип, финалга чыккан.

Мээрим алтын  медаль үчүн чечүүчү финалдык күч сынашууда 72 кг салмакта дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык 20 жаштагы балбан кыз Элор Амит менен күрөштө 3:0 эсебинде утулуп, атаандашына алтынды алдырып койду. Ошондой болсо дагы Мээрим тарыхый эрдик жаратып, кыргызстандык спортчуларда эки жолку олимпиадалык байге уткан алгачкы балбан болуп калды.

Бул жеңиш — Мээримди спорт дүйнөсүнө алып келген атасы, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаровдун, ушундай даражага жеткирген устаттары, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучулар Нурбек жана Чынарбек Изабековдор менен Байгазы Кенжебаевдин эмгегинин үзүрү.

Жоломан өлкөбүзгө сыймык алып келди

6-августта дагы бир атактуу балбаныбыз Жоламан Шаршенбеков коло медаль утуп алды. Ал ирандык Мехди Мохсеннежад менен беттешип, атаандашын 3:1 эсебинде жеңип, Париж олимпиадасынын Кыргызстан үчүн байге эсебин ачты.

Жоламан 1/8 финалда дүйнөнүн жана Азия чемпиону, казакстандык балбан Айдос Султангалини 6:3 эсебинде, чейрек финалда Европанын чемпиону, румыниялык Разван Арнаутту 9:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.

Акжол менен Үзүр коло медаль алышты

8-августка караган түнү грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов коло медаль үчүн күрөштө атаандашы дүйнөнүн эки жолку вице-чемпиону, азербайжандык Санан Сулеймановду утуп, үчүнчү орунду ээледи.

Акжол Мээримден кийинки эки олимпиадалык оюндарда күмүш жана коло медаль уткан экинчи кыргыз  спортчусу аталып, тарых жаратты.

6-августта Акжол чейрек финалда казакстандык атаандашына алдырып коюп, жарым финалга чыга албай калганда күйөрмандар күйүнсө, эми сүйүнүп турган учуру.

Ал 1/8 финалдагы атаандашы америкалык Камал Амир Бэйди 4:1 эсебинде утуп алып, чейрек финалга чыккан.  Акжолдун кийинки атаандашы дүйнө жана Азия чемпионаттарынын күмүш байге ээси, казакстандык Демеу Жадраев болду. Акжолдон мурда утулуп жүргөн казакстандык балбан бул жолу 3:1 эсебинде жеңип алып,  Акжол жарым финалга чыкпай калган. Эми Д.Жадраев финалга чыгып, баш байгеге талапкер болгондуктан Акжолдун коло байге үчүн күрөшүүсүнө жол ачылган. Жубатуучу мелдеште Акжол колумбиялык атаандашын утуп, коло байге үчүн күрөшүүгө укук алган.

Ушундай коло байге үчүн таймашууда Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков египеттик Мохамед Али Элсайед Габрды утуп, үчүнчү орунду алды.

Эскерте кетсек, Үзүр 1/8 финалдагы атаандашы, 2008-жылкы Олимпиадада күмүш байге ээси, литвалык Миндаугас Венскайтисти 4:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан.

Үзүрдүн жарым финалга чыгуу жолун Токио Олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпиону жана Азиянын эки жолку чемпиону, ирандык Мохаммадхади Сарави тосуп, 8:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарттырып койгон.

Үзүр жубатуучу беттешүүдө америкалык атаандашын артыкчылык менен утуп, коло медаль үчүн күрөшүүгө жолун ачкан.

Алдыда дагы шанс бар

Эркин күрөштөн Кыргызстандын намысын 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу коргойт.

Жубатуучу беттештин 1-раундунда ал кытайлык балбандын далысын килемге тийгизип, таза жеңди. Бекзат Алмаз уулу эми коло байге үчүн өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен кармашат. Алардын беттешин бүгүн кечинде көрүүгө болот.

Бокс боюнча эл аралык спорт чебери, 2023-жылы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты.

Спортчу жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Диасты жеңип алды.  Ошентип, Мунарбек Сейитбек уулу спорттун бул түрү боюнча Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон алгачкы кыргызстандык мушкер болуп калмакчы. Биздин намысты туу туткан жигит Алтын байгеге жетет деп ишенебиз.

Айсулуу Тыныбекова Олимпиададагы беттешин жеңиш менен баштады 1/8 финалда ал Нигериянын балбаны Эстер Колаволе менен кармашып, 5:1 эсебинде утту.
Анын чейрек финалдагы каршылашы Несрин Баш (Түркия) же Кайла Миракл (АКШ) болот. Тагыраагы, кимиси утса Айсулуу ошол балбан менен күрөшөт.
Кызыбызга ийгилик каалайбыз! Айсулуу Тыныбекова атаандаштары менен күч сынашат. Ал эми Айаал Лазарев тилекке каршы жеңилип калды.

10-августта эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев менен кыздар күрөшүндө Айпери Медет кызы байге үчүн күч сынашат.

Кабыл МАКЕШОВ,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар