Суббота, 28 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Бокс саясаттын курмандыгы болуп калбайбы?

Учурда Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) Эл аралык бокс ассоциациясына (IBA) мүчө болгон федерациялардын мушкерлерине 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышууга уруксат бербей жатканы кайчы пикирлерди жаратууда. Бул жагдайдын кандай чечилээрине дүйнө коомчулугу да кабатыр болуп турушат. 

Акыркы бир нече жылдан бери ЭОК  Эл аралык бокс ассоциациясындагы көйгөйлөр – коррупция жана паракорлук боюнча айыптоолор менен күнөөлөп келет. 2020-жылдын декабрында IBAнын президенти болуп, Россиянын бокс федерациясынын мурдагы башчысы Умар Кремлев шайланган. Кремлев Эл аралык олимпиада комитетинин сунуштарын эске албай реформаларды жүргүзүп жатканы ЭОКтун нааразычылыгын жаратып жатканы белгилүү. Бирок, азыр санкцияларга кабылган “Газпром” компаниясына IBA каржылык көз карандылык болуп, башкы демөөрчү кылганы өзгөчө шылтоо болууда. Мындан тышкары IBA ышкыбоздордун бокс уюмун башкаруу борбору Лозанна шаарынан Москвага көчүп кеткени да Эл аралык олимпиада комитетин ыңгайсыз абалга калтырып, IBAга ишенбөөчүлүк улам тереңдеп кеткендей.

2022-жылдын сентябрында IBA дагы жөн жатпай Украинанын бокс федерациясынын мүчөлүгүн токтоткону тирешүүнү күчөттү. Ошондой эле 2022-жылдын октябрында IBA Орусия менен Беларустун мушкерлерине дүйнө жана континенталдык чемпионаттарда, эл аралык турнирлерде өз желектери жана гимндери астында беттешүүгө чыгууга уруксат берген.

2022-жылы Эл аралык олимпиада комитети болуп көрбөгөндөй чечим кабыл алып,  өз спорт айдыңында IBA колдогон боксту четке кагып,  анын таасирин жокко чыгарууну максат кылып, Париждеги олимпиада оюндарын өздөрү өткөрүү демилгесин колго алышаарын билдирген. ЭОКтун спорт директору Кит Макдоннелл Умар Кремлевдин дарегине кат жөнөтүп, эки уюмдун тиреши дагы күчөгөн.

«Учурда ЭОКтун чечими менен бокс 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын спорттук программасына киргизилген жок. Чыныгы өзгөрүүлөрдүн жоктугун эске алуу менен, ЭОКтун Аткаруу кеңеши бул чечимди жокко чыгара албайт жана олуттуу тынчсыздануу менен IBAнын башкаруусуна мониторинг жүргүзүүнү улантат», – деп жазган Кит Макдоннелл.

– 2023-жылы жайында, ЭОК тарабынан IBA таануудан ажыратылып, Париж Олимпиада оюндарындагы бокс мелдештерин  өткөрүүнү өз мойнуна алган. IBA уюмунун олимпиадалык кыймылдан четтетилишин кийин Спорттук арбитраждык сот (CAS) колдогон. Ошентип Париж Олимпиадасында бокс боюнча мелдештерди ЭОК өз демилгеси менен өткөрдү. Учурда IBAдан башка дүйнөлүк бокс уюму түзүлүп, ага 37 мамлекет мүчө болду. ЭОК бул жаңы түзүлгөн уюмга быйыл октябрь айына чейин мөөнөт берип, эгерде 50 мамлекет мүчө болсо, анда 2028-жылкы Олимпиада оюндарында бокс мелдештерин алар өткөрүүгө уруксат берээ-рин билдирген. Менин оюмча, октябрга чейин 50 мамлекет бул жаңы уюмга мүчө болот. Олимпиадага чейин 4 жыл убакыт бар, 2028-жылы Лос-Анжелесте бокс программага кошулат деп ишенем, – дейт Кыргызстандын Улуттук бокс федерациясынын президенти, Үмбөталы Кыдыралиев.

Июль айында Парижде күндөлүк брифингде Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлү Марк Адамс ЭОК мындан ары бокс боюнча олимпиадалык турнирлерди уюштурбай турганын расмий билдирген.

– 2028-жылга чейин Лос-Анжелес Олимпиадасында бокс боюнча мелдештерди өткөрө турган орган түзүлүүгө ЭОК аракет кылып, IBAнын таасирин басаңдатып, алардын мүмкүнчүлүктөрүн четке сүрүүгө аракет кылып, өздөрүнүн демилгеси менен жаңы түзүлгөн Дүйнөлүк бокс уюмун сүрөөнгө алып жатат. Биз эки уюм менен бирдей калыс мамиле кылып, кыргыз боксун өнүктүрүүгө болгон аракетибизди уланта беребиз. Менин оюмча, бокс эң таасирдүү, тарыхы терең спорт болгондуктан олимпиада оюндарынын программасынан алынбайт. Дүйнө коомчулугу, бокс ишмерлери, күйөрмандар дагы мындайга жол бербейт, – дейт Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов.

Бул жагдай тууралуу Париж Олимпиадасынын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулунун алгачкы устаты, эмгек сиңирген машыктыруучу, ОшМУнун профессору Турдалы Оморов мындай пикирин билдирди:

– Бокс олимпиадалык программадан чыгарылат деп бир топ жылдан бери айтылып келатат. Алдыда 4 жыл убакыт бар, талаш-тартыш улана берет. Бирок, бардык өлкөлөр ЭОКтун мындай чечимин колдобойт. Убагында деле спорттук күрөштү олимпиададан чыгарабыз дешкен. Бирок, ишке ашкан эмес. Мурда бокста 13 салмак боюнча олимпиадалык таймашуулар болсо, кийин эркектер арасында 7 салмак, кыз-келиндер арасында 6 салмак кылышып, өзгөртүп, кыскартып салышкан. Эгерде кыз-келиндер боксу боюнча терс пикирлер жаралып, дүйнө коомчулугу нааразы болсо, кыз-келиндер боксун кыскартып койсо болот да. Ал эми жыл өткөн сайын  IBAнын таасири жогорулап, кадыр-баркы көтөрүлүп жатканы ЭОКко жакпай жатат окшойт.

Мурда эки жылда бир ирет дүйнө чемпионаты өткөрүлүп келсе, IBA ышкыбоздор ассоциациясынын президенти Умар Кремлев болгону ар жыл сайын өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилүүдө. 2032-жылы ар бир салмактагы дүйнө чемпионуна 1 млн. доллардан сыйлык берилээрин билдирген. Ошондой эле Париж Олимпиадасынын чемпиондоруна IBA өзүнчө 200 миң доллар байге берүүгө убада кылган.

Ышкыбоздор ассоциациясы мушкерлерге жакшы шарт түзүп берүү менен күчтүү, таасирдүү уюмга айланып баратат. Ошондуктан 2028-жылы Лос-Анжелесте боксту программадан алып салууга мүмкүн эмес. Андай болсо олимпиаданын кызыкчылыгы кетип, дүйнө коомчулугунун нааразычылыгын жаратат.

Мына ушундай эле пикирин Мунарбектин жеке устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Беганас Султанбаев да айтты.

– Спорт саясаттан тышкары болушу шарт эле. Бирок, батыш өлкөлөрү Россия менен Беларуска санкция салуу менен мелдештерге катыштырбай, У.Кремлев жетектеген IBA ЭОКтон четке сүрүп салуу саясатын ишке ашыруу-га аракет кылууда. 2028-жылга чейин убакыт бар. Ынтымакка алып келген чечим чыгарылып, бокс олимпиаданын программасында калышы зарыл. Эки уюмдун тирешинен башка өлкөлөр-дүн мушкерлери жабыр тартпашы керек.

Кыргызстан эгемен болгону бокс боюнча Парижде алгачкы олимпиадалык медалдын ээси болуп, жаштарды Мунарбек шыктандырып койду. Ошондуктан 2028-жылкы олимпиадалык оюндарга биздин жигиттер барып, байгелүү орундарды ээлейт деген ишеним зор. Мунарбекке У.Кремлев убада кылган 50 миң доллар сыйлык берилет деп ишенем, – дейт ал.

Жайкы олимпиададагы бокс боюнча мелдештер биринчи жолу 1904-жылы Сент-Луис шаарында өткөн. Ал бир жолу гана – 1912-жылы Стокгольмдо өткөн оюндардын программасына кирген эмес. Ошондон бери бокс Олимпиаданын күн тартибинин ажырагыс бөлүгү болуп, күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан, таасирдүү мелдеш болуп калган. 100 жылдан кийин 2012-жылы Лондон Олимпиадасында кыз-келиндердин боксу кошулуп, алгачкы жеңүүчүлөр аныкталган.

Ал эми жакында эле Париж шаарында аяктаган Олимпиада оюндарында бокс боюнча 30 өлкөнүн өкүлдөрү медаль тагынган. Эң көп алтын байгени (5 алтын медалды) Өзбекстандын мушкерлери жеңип алды. Андан кийинки орунда кытайлыктар ээлеп, алар 3 алтын медаль утту. Тайвань, Куба, Алжир, Ирландия, Украина бирден алтын байгелүү болушту.

Кабыл МАКЕШОВ,
спорттук баяндамачы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар