Воскресенье, 29 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Өрүк гүлдөгөндө

(Аягы. Башталышы өткөн санда)

Сыкма шашпай чайнап жей турган өрүк, илешимдүү, жегенде ооз толот. Кантек болсо абдан таттуу, бирок кургаганда катуу болуп калчу майдараак өрүк. Бул мөмөнү экиге толук ажыратпай туруп ачып, ичиндеги сөөгүн алып, данегин чагып, данекти ачылган мөмөнүн ичине салып, аны кайра бириктирип кургатышат. Бул “аштек” деп аталат. Мунун базар баасы баарынан кымбат, өзү да абдан жештүү, данегин кошо чайнайсың, бул өрүк какка өтө бөлөкчө жагымдуу даам берет. Касеки — сорту төмөн өрүк, ошон үчүн аны тоголок бойдон эле кургатып алышат. Бу алтын эрежени сактап өрүк кургаткандар күзүндө кагын каалаган баасында пулдап алышат.

Бешим ченде кичи мекенимдин аймагына кирип келдик. Ал мени көз уялткан аппак нурлуу өрүкзарлары менен тосуп алды. Ушул гүлдөгөн бак ичинде кере-кере дем алып бир саат отурчу. Өрүк гүлүнүн жыты сенин тулку боюңду аралап, аруулап, бир паста тазалап коет, көңүл кушуң асманга учат. Өрүкзардан аппак гүлдөй тазарып чыгасың. Бак ичинде керээли-кечке күймөнүп, арык тазалап жүргөн багбандар өздөрүнүн ушул бактысын туяр бекен!? Ким билет. Мына, машинеде баратып мен бак ичинен азыр да оң алаканын пешенесине такап, булуттар тарап кетти бекен деген санаа менен анда-санда асманды бир тиктеп койгон багбандарды көрдүм. Баары илгеркидей, биз бала кездегидей. Бир гана жыты аңкыган, нурлуу бак ээн, илгеркидей топурап ойногон бала-чака көрүнбөйт, анан да Зулай ортагым айткандай, чоң өрүктөр азайып, бак суюлуп калган. Өрүкзардын мурунку дүпүйгөн күн көрүнгүс, ай көрүнгүс сөөлөтү кыйла кайта түшүптүр.

Анан эмне кылсын, башына кымбатчылык, жокчулук мүшкүлү түшкөндө багбандар кайра эле өрүгүнө таянды. “Өрүгүмдүн бар экенине да шүгүр” деди назары ток өрүкзарлыктарым.

Кийинки жылдары көмүр саткан кызыл кулактар бул бактуу-шактуу айылдарга келбей да калышыптыр. Келгенде эмне, эч ким сатып албайт, баасын сурайт да кетип калышат. Алайын десе пулу жок, ишенгени өрүк багы. Анан да бечаралар чоң машинеде үйүлүп турган көмүрдөн көзү өтүп турса да сыр бербей:

– Биздин өрүк отундун табы Сү­лүктүнүн көмүрүндөй эле, – деп мурдун көтөрө мактанып коюшат экен.

– Өрүгүңөрдү жага бергиле отун кылып, он жылдан кийин айылыңарда бир түп өрүк калбай калат. – Көмүр саткандар да айтылган сөздү жоопсуз калтырышпайт.

– Биздин өрүктөр түгөнбөйт, жаз сайын жаңы көчөттөрдү отургузуп, көбөйтө беребиз. Беш-он жылда жетилип, мөмө байлайт. А, силердин көмүрүңөр каза берсеңер точно түгөнөт.

Ушинткен өрүкзарлыктарымдын жөн эле минтип сүйлөп койбогонуна дагы бир ирет ынандым. Жол бою эски, суюлган бактарга катар жаңы тигилген кыркалекей өрүк көчөттөр “биз барбыз!” дегенчелик боюнун кичинелигине, бутактарынын ичкелигине карабай бир жакшына гүлдөп алышып, мага окшоп ары-бери өткөндөргө күлүмсүрөй тиктеп турганы жүрөгүмдү толкутту. Булар чын эле он-он беш жылда жаңы, жаш өрүкзарларга айланаарын элестетип, көөнүм толду.

Тоо таянган айылыма жакындаганда алыс жолдо чарчаганымды да, шаардан бери өзүм менен кошо алып келаткан көп түйшүктөрүмдү да, анан калса алтымыш ашкан жашымды да унуттум. Азыр ортактарыма жолугуп, чоң бакта алар менен селкинчек тебээримди, анан күүлөнгөн сайын өрүк эненин гүлдөрүнүн үлбүрөгөн аппак желекчелери башыбызга кардай болуп жаап, ансайын күлкүбүз бакты жаңыртаарын эстегенде менден бактылуу адам жок эле. Чачтарыбыз ак басып, өзүбүз да эбак өрүктөй “гүлдөп” алганыбыз менен ишим жок, жаш балача жүзүм албырып, шопурга “түз эле чоң бакка айдаңыз” дедим.

Машина тик көчөдөн ылдый бурулганда алыстан эле бактын кире беришинде окшош гүлдүү ак көйнөк, окшош ак жоолук салынган байбичелер каз-катар тизилип, жол карап отурушканын көрүп алып сүйүнгөндөн көзүмө жаш тегеренди. “Ылайым катарыңар кемибесин, катарыбыз кемибесин, кыздар” дедим ичимден кайра-кайра.

– Арыбагыла, ортактарым!

P.S. Чек арада жайгашкан өрүк­зарым, мен сени өлкөмдүн кийген сырткы тонундай элестетем. Өлкөмдүн кийген тону өрүк гүлдүү кооз экенин, Күндүн нуру өтмө катарына сиңип калган жылуу экенин да билем. Бул тондун табы ушунчалык күчтүү, алыскы борбордо турган мага да, сага да, баарыбызга сезилет, баарыбызды жылытат.

А мен болсо ушул тонго кадалган үзүлбөгөн Топчу экенимди билем.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар