whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортБалбан Өмүрбек Асан уулу өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду

Балбан Өмүрбек Асан уулу өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөсү Өмүрбек Асан уулу Иорданиянын Амман шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болду.

Балбан 60 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште япониялык балбан Итсуки Йонаширону 6:4 эсебинде утту.

Чейрек финалдык беттеште украинанын балбаны Иван Залискону 11:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште америкалык Джордин П.Ранейди 12:6 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган. Ал эми алтын медаль үчүн беттеште азербайжандын балбаны Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпиону болду.

Ошондой эле 51 кг чейинки салмак категориясында Марлен Абдраимов коло медалга ээ болду.

Ошентип, Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама жалпы командалык эсепте 104 упай топтоп, үчүнчү орунду ээледи.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар