«Туңгуч» кичи районундагы эки көчөдө капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Учурда Ауэзов көчөсүндө Анкара көчөсүнөн Чоң-Чүй каналына чейин бордюрлар орнотулуп, эски асфальты сыйрылып, тротуардын негизин даярдоо иштери аяктады. Мындан тышкары, тротуарды кеңейтүү жүргүзүлдү.
Ошондой эле аталган кичи райондогу №36/2 үйдүн түштүк тарабынан, №7 үйдүн түндүк тарабынан №181 үйгө чейинки жолду капиталдык оңдоо иштери башталды. Учурда жаңы ирригация системасын орнотуу пландалууда.
Белгилей кетсек, жолдор «Чүйдорсервис» ЖЧК подряддык уюму тарабынан оңдолууда.
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык, борбор калаанын аймагындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин улантууда.