Пятница, 27 декабря, 2024
2.1 C
Бишкек

Садыр Жапаров: “Ынтымак Ордо” – кубаттуу Кыргызстандын негизги учурларын чагылдырат»

“Президенттик администрациянын имараты жаңы Кыргызстандын архитектуралык символу болуп, кубаттуу Кыргызстандын пайда болушунун негизги учурларын чагылдырып, олуттуу өзгөрүүлөрдүн далили катары кызмат кылат”, – деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров 30-августта президенттик администрациясынын “Ынтымак Ордо” жаңы имаратынын ачылыш аземинде.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу мекендештер,

бүгүнкү салтанаттуу иш-чаранын коноктору!

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Биз бүгүнкү салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн эң маанилүү майрамдарынын бири – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында чогулуп жатабыз.

3000 жылдык бай жана улуу тарыхы бар өлкөдө жашап жатканыбызды ар бирибиз көкүрөгүбүздө сактап келебиз. Мамлекеттүүлүктү түптөө үчүн күрөштө оттун күлүнөн чыккан Феникс кушундай улам кайра жаралып, татаал жолду басып өткөндүгүбүзгө көөнө тарыхтын өзү күбө.

Бүгүн чынында эле өзгөчө күндүн алдында турабыз. Бул — тарыхый окуя. Анткени КР президентинин администрациясынын «Ынтымак Ордо» деп аталган жаңы имараты ачылууда.

Мындай объектинин ачылышы азыркы Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн жана эгемендүүлүгүнүн калыптанышындагы маанилүү этап болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына дал келгени да бекеринен болбосо керек.

Жаңы доордун көшөгөсүн ачып, эшигин аттаардан мурун, мунун баары кантип башталганын кыскача эске сала кетейин.

Менин президенттик кызматым башталгандан бери мамлекеттик башкаруунун жана өнүгүүнүн тартибин жаңылоо, өзгөртүү негизги милдеттеримдин бири болуп келе жатканы баарыңыздарга маалым.

Биздин команда жаңыдан иш баштаганда алдына бир катар өтө дымактуу милдеттерди коюп, элге бир топ убадалар берилди эле, мына эми ошолор четинен ишке ашырылууда.

Тынымсыз эмгек, артка кайтпас чечкиндүүлүк, ички демибиздин күчү калың элдин ишенимин жана Мекенибизди өнүктүрүүгө болгон умтулууну ойготту.

Кыргызстан бардык кыйынчылыктарга туруштук берип, өлкөнүн кыялдарын конкреттүү жетишкендиктерге, ийгиликтерге айландырды:

– Биз экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга убада бергенбиз – иш жүзүндө биз болуп көрбөгөндөй өсүштү көрсөтүп жатабыз. Акыркы жылдарда ИДПнын (ички дүң продукциянын) орточо өсүү ыргагы 7%ды түздү. Ал эми 2024-жылдын жети айында ИДПнын реалдуу өсүү ыргагы 8,7% көрсөттү. «Кумтөрдүн» салымын эсепке албаганда, ИДП реалдуу түрдө 10,6%га өсүп, олуттуу өнүгүүнү көрсөттү. Кыргызстандын экономикасы бекемделип, бир топ чыңдалды.

– Биз өлкөнүн бюджетин көбөйтөбүз деп убада бердик – биз убадабызды аткардык жана өткөн жылдын аягында аны эки эсеге көбөйттүк.

2020-жылдагы 247,7 миллиард сомдон быйыл 660 миллиард сомдон ашырып, муну менен бюджетти 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик дагы үч эсеге көбөйтүүнү камсыз кылууну пландадык.

Бул жылдар аралыгында биз бюджет аркылуу өлкөнүн экономикасына кошумча 1 триллион ашуун сом төктүк;

– Биз эң аялуу маселени – өлкөнүн чек ара маселелерин чечүүгө убада бергенбиз – бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси толугу менен чечилди, ал эми Тажикстан Республикасы менен кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча аяктоо этабына келип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

– Биз коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшөбүз деп убада бергенбиз. Аларга каршы кандай аёосуз күрөш жүрүп жатканын баарыңыздар билесиздер жана бул иш улана берет.

Мына ушул жерден мен заманыбыздын чыныгы баатыры Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке өзгөчө ыраазычылыгымды жана терең урматымды билдиргим келет. Анын чечкиндүүлүгү, берилгендиги жана кайраттуулугу, улуттук коопсуздуктун ишине чексиз аракети эң жогорку баага татыктуу.

Урматтуу мекендештер!

Биз заводдорду, фабрикаларды куруп, жумуш орундарын түзүүгө убада бергенбиз. Быйыл 100дөн ашык өнөр жай объектиси ишке киргизилет, анын 30дан ашыгын бүгүн эле ишке киргиздик;

– Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбооруна убада берип – ишке ашырууга кириштик, ага 500 миллион АКШ доллары каражатты таптык, азыр даярдык иштери жүрүп жатат: жолдор, көпүрөлөр, тоннелдер, көмөкчордондор жана жумушчулар үчүн убактылуу лагерь курулууда. Бул долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн толук энергетикалык коопсуздугун камсыз кылат;

– жолдорду курууга да убада бердик эле, алар курулуп жатат, жолдор гана эмес, темир жана аба жолдору да курулууда.

Республиканын бардык 7 облусу аба байланышы менен камсыздалып, ошол эле учурда алыскы райондор, мисалы, Тогуз-Торо районун да авиациялык инфраструктура менен камсыздалды. Учактар сатылып алынды, алар жакында Кыргызстанга келип, жарандарыбызга кызматын көрсөтөт. Жакында дагы учак сатылып алынат.

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү Балыкчы-Макмал темир жолу курулуп жатат, бул үчүнчү өлкөнүн аймагы аркылуу каттоо машакатынан кутултат.

Анын 43 км курулуп бүттү, келерки жылы Балыкчы-Кочкор каттамы бүтөт.

Эң негизгиси – биз Кыргызстандын көптөн берки кыялы болгон Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга киришип жатабыз.

Биз мектептерди курабыз деп убада кылганбыз, жыл сайын жүздөгөн мектеп ачылып жатканын баары билет. Мурда бир мектептин ачылышы бүтүндөй өлкө үчүн чоң жетишкендик болсо, бүгүнкү күндө катардагы окуяга айланып баратат. Демек, өлкөнүн талаптары бийиктеп, өсүү жолундагы стандарттары өзгөрдү.

Биз эмгек акыны, пенсияны, жөлөк пулду көтөрөбүз деп убада бергенбиз – бул убадалар да аткарылды. 350 миңден ашуун бюджеттик кызматкердин маянасы жогорулады.

Акыркы үч жылда пенсия 170%га өстү. Үстүбүздөгү жылдын июль айынан баштап 787 миңден ашуун пенсионердин пенсиясы жогорулады жана октябрь айынан баштап жашоо минимумунан төмөн пенсия алган бир дагы пенсионер калбайт;

Биз жакырчылык менен күрөшүүгө убада бердик жана “социалдык контракттардын” системасын иштеп чыктык. Эки жыл мурун үймө-үй кыдырып изилдөө жүргүзүлүп, 111 миңге жакын жакыр үй-бүлөнү аныктасак, азыр алардын саны 81 миңге азайган; Бул аралыкта 13 миңге жакын үй-бүлө социалдык келишим менен камсыз болгон. Ушул жылы дагы 23 000 үй-бүлөгө колдоо көрсөтөбүз.

Биз жеткиликтүү ипотеканы берүүгө убада кылганбыз, бүгүнкү күндө республика боюнча активдүү долбоорлоо жана куруу стадиясында 415 үй бар, башкача айтканда 20 759 батир курулат. Быйыл 5000 жакын үй-бүлө турак-жай алат. Бул саамалык узак жолдун башталышы гана десек болот.

Ошол эле учурда элибиздин башка көйгөйлөрүнө сергек баа берүүнү жана чечүүнү улантуу зарыл. Маселен, ирригация, таза суу менен камсыз кылуу жана балдарды бала бакча менен камсыз кылуу маселелери. Бул маселелер акырындап чечилиши керек.

Албетте, элге берген убадабызды орундатуу үчүн күнү-түнү талыкпай эмгектене беребиз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Президенттик Администрациянын имараты жаңы Кыргызстандын архитектуралык символу болуп, кубаттуу Кыргызстандын пайда болушунун негизги учурларын чагылдырып, олуттуу өзгөрүүлөрдүн далили катары кызмат кылат.

“Ынтымак Ордо” – бул жөн гана административдик имарат эмес, бул биздин чечкиндүүлүгүбүздүн, биримдикке, гүлдөп-өнүгүүгө болгон эркибиздин далили.

“Ынтымак Ордо” аталышы терең мааниге ээ. Бүткүл жамаат жана коомчулук өлкөнүн келечектеги тагдырын сүрөттөгөн так атоону издеп жатканда кызуу талкуулар болду. Кандай атасаң, жол ошондой болот, башы кандай башталса, жыйынтыгы да ошондой болот. Элдин, өлкөнүн бакубаттуулугу – биздин негизги максатыбыз.

“Ынтымак” – “тынчтык, достук жана биримдик” дегенди билдирет, бул биздин негизги принципти – улутуна жана динине карабастан элдин биримдиги менен ынтымагын каммыздоону чагылдырат. Өз ара колдоо көрсөтүү, түшүнүшүү жана өз ара жардам болмоюнча албан милдеттерди чечип, максатка жетүү мүмкүн эмес.

Ал эми “Ордо” – өлкөнүн келечек жолун аныктоочу стратегиялык маанидеги чечимдер жаралып, ишке ашырылуучу жери, борбору.

Урматтуу кыргыз элим!

Бул имарат биз үчүн, азыркы жашап жатқандар үчүн гана курулган жок. Аны тарыхта терең из калтырып, ондогон жылдар бою кызмат кылат деген ой менен курдук.

“Ынтымак Ордо” азыркы муундун гана эмес, бизден кийинки муундардын да келечегин аныктаган милдеттер иштелип чыккан бекем чепке жана ордого айланат.“

Ынтымак Ордого” келген ар бир адам тарыхтын, элдин, келечектин алдындагы жоопкерчилигин сезип, өлкөнүн тилеги, кыялы ишке ашкан жайга айлансын.

Бул бизге эле эмес, биздин балдарыбызга, урпактарыбызга жана өлкөбүздүн келечегин түзө тургандардын баарына, бүгүнкү Кыргызстандын улуу максаттарын түптөгөндөргө кызмат кылат. Ошондой эле «Ынтымак Ордо» улуу идеялар жаралган, маанилүү чечимдер кабыл алынган, ар бир адам өзүнүн негизги миссиясын түшүнгөн – элге кызмат кылууга дилгирленген борборго айланат.

Биз биригип, ынтымактуу болгондо гана өнүгөбүз жана чогуу болгондо ийгиликтерге жетебиз жана бийиктиктерди багындырабыз. «Ынтымак Ордобуз» кут болсун!”.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар