31-августта Борбордук Ала-Тоо аянтында мамлекеттик туу көтөрүү салтанаты өттү.
Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка жетекчилер катышты.
Эскерте кетсек, желектин узундугу 33 метрди, ал эми флагштоктун бийиктиги 100 метрди түзөт.