Аңгыча эле ошол митингде студенттердин атынан зоотехника факультетинин үчүнчү курсунун студенти, Сталиндик стипендиант Чыңгыз Айтматов сүйлөйт деп калышты. Карасам узун бойлуу, мүчө башы келишкен, арыкчырай, кара чачтуу, европалыктарча кийинген, абдан маданияттуу, орусча так сүйлөгөн жигит экен. Башкаларды билбейм, мен ичимден “атаңдын көрү, ушундай да болот экен ээ” – деген элем. Ошону менен Чыңгыз Айтматовго болгон кызыгуум артып, сураштырсам “бул биздин институттун жалгыз Сталиндик стипендианты, өзү адабиятка да аралашып бирдеме жазып жүрөт” деген сөздөрдү укчумун. Ошону менен Ч.Айтматов окуусун бүтүп кеткиче институтта эки жыл аралаша окудук. Сыртынан көрүп жүрдүм. Албетте, жакындан тааныша албадым. Анын үстүнө Чыңгыздын жанына жолош кайдан. Ошол кезде анын аты институтта дүңгүрөп турчу. Күндөрдүн биринде студенттер кайсы бир гезитти биринен-бири талашып, биздин Айтматов жазыптыр деп тытып окуп жаткандары күнү бүгүн эсимде. Көрсө, “Гезитчи Дзюдо” деген аңгемеси чыгыптыр. Айыл чарбасын окуп жүрүп аңгеме да жазат экен деп катуу таңгалганбыз.
Ч.Айтматов 1953-жылы бүтүп кетти. Ошондон 13 жыл өткөндөн кийин 1966-жылы Ч.Айтматовдун даңкы таш жара баштаган мезгилде Москвада, болгондо да Кремлде бетме-бет таанышкан элем. Ал кезде Сокулуктагы тажрыйба жүргүзүүчү станциянын директору кызматында болчумун. Мени ВЛКСМдын ХVI съездине делегат шайлашып ошого баргам. Чыңгыз Айтматов ал съездге конок катары чакырылып катышып жатыптыр.
Кызык жери ошол съездде Кыргызстандан барган делегаттардын ичинен Сагын Наматбаев экөөбүз ВЛКСМдын БКсынын мүчөсү болуп шайланып калдык. Тарыхта республикалардан бирден гана киши шайланчу экен. Бизден экөөбүздү шайлап коюшту. Сагын Наматбаев Кыргызстан комсомол уюмунун жетекчиси болчу. Анан илимден мен. Ал кездеги комсомолдун күчү азыркы бийликтин түшүнө да кирбейт болуш керек. Абдан таасирдүү эле. (Ал эми менин ВЛКСМдын БКсына мүчө болуп шайланып калышымдын Хрущев менен кайым айтыша кеткениме байланышкан себептери бар. Ал жөнүндө кезеги келгенде айтармын).
Съезддин аягында Кремлдин чоң залында жаңы шайланган Борбордук Комитетинин мүчөлөрүн чакырып банкет кылышты. Банкетке партиянын Борбордук Комитетинин бюросунан Суслов катышты. Сөз сүйлөдү. Мен алфавит менен ордум боюнча Гагариндин жанына отуруп калыптырмын. Тааныша отурдук. ВЛКСМдын БКсынын мүчөсүнө эки гана космонавт Ю.Гагарин менен В.Терешкова кириптир. Ошону менен банкет 2-3 саатка созулду. Орус журту кандай, бакылдашып арактан да бастырдык. Анан банкетте басып да жүрмөй бар эмеспи. Чыңгыз Айтматов бирөөлөр менен турган экен Сагын экөөбүз басып барып учурашып калдык. Ч.Айтматов ошол жылы “Гүлсарат” чыгармасы үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгын алган болчу. Ошол сыйлыгы менен куттуктадык. Анан Сагын мени тааныштырып жатат: “Бул Жамин Акималиев деген жаш окумуштуубуз болот”, –деп. Айтматов “билем, угуп жүрөм” деп калды. Мен дагы баягы студенттик күндөрдөн бери сыртынан билеримди, чыгармаларын үзбөй окуурумду айтып бердим. Ошентип, Чыкем менен жакындан таанышуу бактысы аны студент кезинен билсем да көп кийин болгон. Ал жерден бат эле ымалабыз да келише түштү окшойт, банкетке коюлган “Столичный” арагы да кошулуп кеттиби, тез эле эски тааныштардай сөзгө кирип кеттик. Биз кийин орду түбү менен жоголгон “Россия” деген мейманканада жатчубуз. Чыкем да ошол жерде экен. Кремлден чыккандан кийин бакылдашкан боюнча үчөөбүз мейманканага бардык.
Ошондон бери 42 жыл бою Ч.Айт-матовдон жашым кичүүрөөк болсо дагы жан курбусу болуп, байланышыбыз бир саамга да үзүлбөдү. Биздин ортобузда сөз менен жеткире алгыс өзгөчө бир сый-урмат жашады. Жан кишиге чыгарбаган жан сырыбыз да бар эле. Мен Чыкемдин биринчи, экинчи үй-бүлөсүн, балдарын да жакшы билип, үй-бүлөлүк катышыбыз да үзүлгөн жок. Экинчи аялы Мария менен Москвада тааныштырганы да жадымда. Бул бир өзүнчө кеп кыла турган чоң сөз болгондуктан кийин кезеги келгенде кененирээк айтып берермин.