Воскресенье, 29 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Мелис СОВЕТ уулу: «Кусалык, сүйүү, санаа кене сымал, Жабышып алыптыр эх, мага бекем!»

Ой кууган ойлор

Бишкектин жолундагы кымгуут сымал,
Бир муштум жүрөгүмдө башаламан,
Канткенде санаам тынчып, тынчтана алам,
Кайдадыр кетсемби шамал болуп,
аралга адам аттуу жашабаган.

Кетемин, бирок баарын ала кетем,
Кусалык, сүйүү, санаа кене сымал,
жабышып алыптыр эх, мага бекем!
Билбеймин, эмнегедир көкүрөгүм,
апамдын бир кездеги чайнегиндей
буркан-шаркан,
Бул сезим же адамга сыноо сымал,
Басылган мөөр болуп,
алмустактан келе жаткан жара бекен?

Күздөгү түркүн-түстүү жалбырактай,
адамдар, санаа-ойлор баратат
улам башка түскө өтүп.
Ала-телек карга окшош ала ойлор,
чала ойлор,
күтүүсүз коногумдай кирип келди
күзгө өтүп.
Эңсеймин эриксизден айылымдын
коңур күзүн,
Элестеп тээ илгерки, бырбыйган
бутумдагы күздөгү өтүк.

Санаага салып алып салыштырсам,
окшошпойт оо илгерки оюм башка.
Кашайгыр жада калса, азыркы
балдар билген оюн башка.
Арзанбы же оңойбу өмүр, өлүм,
Єспүрүм ойлонбостон жанын кыят,
асынып, атынып же боюн таштап.

Ачуу сөз, мээримсиз көз, орой мүнөз –
бешилик, такап жарга кысып турат.
Көкүрөк жанар тоодой атыла албай,
жарыла албай,
көөрүктүн оозундагы оттой болуп ысып
чыгат.
Чекилик иштер болсо күнү-түнү,
чекчейип суроо менен жан дүйнөм
жышып чыгат.
А менин акыбалым –- түйшүгү
кумурсканын,
Дүйнө элин кызыктырбайт, а балким мен
тааныган бирөөнү кызыктырат.

 Бала ыйык, бала аруу

Күндө адамдар жүрөктү нурдагыла,
Күлкүсүнө баланын жыргагыла,
Күкүмдөй да күнөөсүз наристени,
Күчкө салып, таяктап урбагыла.

Ата наркын аталар сактагыла,
Аппак, назик бөбөктөн качпагыла!
Алсыз бала – боор этиң, келечегиң,
Апалар эх, балдарды чаппагыла!

Балалуулар сыноого чөкпөгүлө,
Бала менен жашоону көктөгүлө.
Бала аруу, бала ыйык баарысынан,
Башка уруп, баланы сөкпөгүлө!

Бала жыты, бала үнү, алаканы,
Бар кылыгы, турпаты, караганы,
Баары келип бир бейиш баалаганга,
Бат сакайтчу жүрөктө жараканы.

Атасыңбы, акыры оңдо жолуң,
Энесиңби, баланы кордобогун!
Жүрөгүңөр сыздайбы көргөн кезде,
Жырткыч дагы баласын коргогонун!?

Тирүүлөр тизмесинде толук кылсын

Биз анда ойноок, тентек бөбөк элек,
Көңүлгө көөдөй кара чөгөрө элек.
Чурулдап ойноп жүрүп көчөлөрдө,
Чуу чыгып калган үйдү көрөр элек.

Ал үйдөн күлкү алыс узачу эле,
Анан эл бейит көздөй чубачу эле.
Карылык тушап алган ата, апалар,
“Эмнеден, ким өлдү?” – деп сурачу эле.

Балалык улам бизден алыс калып,
Биз дагы турмуш жолдо арыштадык.
Бир кезде атам куран окуучу эле,
Эми ага Куран калды багышталып.

Кемитип адамдардын асылдарын,
Кетти ажал алып далай жакындарым.
Узартып Куран түшчү тизмелерди,
Суук өлүм турат аңдып азыр дагын.

Токто ажал, токто, жүрөк согуп турсун,
Тойлордо аксакалдар болуп турсун.
Тирүүлөр тизмесинде жакындарды,
Жараткан жүз жылдарга толук кылсын!

Мурунку макала
Кийинки макала

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар