Воскресенье, 29 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Рекс

Тун балам бешке чыгып калганда көчөдөн “Ата, бул менин күчүгүм, досумдун атасы берди!” деп бир агала-саргыч күчүктү кучактап эдиреңдеп жетип келди. Көздөрү кубанычтан жайнап чыкканын көрүп апасы экөөбүз тең унчукпадык. Ошол күндөн тарта Залкардын ой-санаасы, эрмеги, кубанычы ошол күчүк болуп калды. Эми гана үч жарым жашка чыккан Бекзатыбыз да Акжолтойду жакшы көрөт. Балдарыбызды бактылуу кылган күчүккө ырымдап Акжолтой деген ат койдук. Өзү эмне жесе күчүгүнө да бөлүшүп жүрүп Акжолтой тун уулубуздун жанынан чыкпай калды. “Кичинекей кожоюн” кээде күчүгү менен кадимкидей сүйлөшөт, ойнойт, ал тургай кээде “Апа, Акжолтой кирдеп кетиптир” деп таштекке салып жуунтуп да жиберет. Эрке болгондуктан “Күчүккө жолобо” десек эле ыйлачудай. Жайына коёбуз. Апасы тамакка кирерде экөөнүн кийимдерин бир сыйра алмаштырып, бети-колдорун, денесин бир сыйра самындап жууп жиберет. Куюлган тамакты шаша-буша иче салган Залкар кайра эле сыртка чуркайт. Аны Бекзат ээрчийт. Экөө үйдөн чыга калышса Акжолтой аларды үч-төрт тегеренип, боорлоруна секирип жыргайт. “Кичинекей кожоюну” кыткылыктап качып жөнөсө чуркап барып багалегинен тиштей калат. Ансайын Залкар Акжолтойду бирде томолотуп, бирде качып жыргайт. Күн өткөн сайын күчүк көзгө сүйкүмдүү көрүнүп чоңоё баштады.

Бир күнү сыртка чыксам Акжолтойдун жанында дагы бир көгүш күчүк пайда болуп калыптыр. Ансыз да балдарды тигил күчүктөн оолактата албай жүргөн жаным “Эми мунусу кайдан келе калды?” деп жиним келди. Ишке кетип кечинде келсем Залкар тигил эки күчүктү тең кучактап алыптыр. Мени көрө сала: “Ата, карачы бизге дагы бир күчүк келди. Атын Рекс деп койдум. Муну да багып алалы ээ ата? Апам караса эркек экен” деди мурдун шыр тартып. Өзүм үй жаныбарларын жакшы көрсөм да эки иттин бир үйгө ашыкча экенин, анын үстүнө ит баласынан адамга көп илдеттер жугарын билгендиктен аны багууга каршы болдум. “Жок балам, аны бакпайбыз. Бизге бир эле ит жетет. Аны бирөөлөргө берип таштайлы ушунчасында” дедим. Мындайды күтпөгөн балам “Ата, Акжолтой меники, Рекс Бекзаттыкы болсунчу, аны эч кимге бербей эле коёлучу” деди муңайып. Ага болбой ана жоготобуз, мына жоготобуз болуп жүрүп арадан бир топ күн өттү. Балдар эки күчүгү менен керелден кечке ойноп жандары тынбайт. Көгүш күчүктү бирөөгө берели деп алчу адам таппадык. Өзү кетип калабы деп түнкүсүн Акжолтойду далиске киргизип, тигини сыртка таштайбыз. Жалгыз калган байкуш кыңшылап, мени да киргизгиле дегенсип эшикти тытмалайт. Эки-үч күн сыртта калтырып көрдүк. Көгүш күчүк кеткен жок. Ошентип күндөр күнгө, айлар айга уланып Акжолтой да, Рекс да биздин ит болуп калды. Башында Акжолтойго таланып калчу Рекс кийин тыңый баштады. Кийинки жылы кулактары туруп, овчарка экени билине баштады. Акжолтой болсо тайганчалыш ит болуп баратты. Залкар, Бекзат төртөө аябай ынак. Кээде үйдү тегеренип куушуп ойносо, бирде Залкар алар менен “жашынмак” ойнойт. Ашынып кеткенде апасы урушуп: “Ушу силердин күчүктөрүңөр тажатты, кармалай берип ооруну да жугузмай болдуңар! Буларды жоготобуз!” десе Залкар өңгүрөп ыйлап кирет. Жашы он талаа болгон балабызды кайра эптеп сооротобуз. Андайда Бекзат болпоюп көп нерсени түшүнө бербей туруп калат.

Билинбей жылдар өттү. Бир күнү үйгө конок келет болуп Акжолтойду байлап койдук. Эмне себептен экенин билбейм, Рекс ал күнү байланбай калды. Келген меймандарды узатып бүтүп кечинде Акжолтойду бошотоюн деп барсам ал кыймылдабайт. Эңкейип карасам жипке муунуп эбак эле жан бериптир. Ичим туз куйгандай ачышып, ыйламсыраган Залкарды көз алдыма элестетип жибердим. Ал ойноп кеткендиктен итти дароо алыс жакка алып барып көмүп келдим. Күүгүм талаш чуркап келген Залкар Акжолтойду чакырып издей баштады. Алдап-соолап жатып акырында Акжолтойдун чоо-жайын айттык. Өпкө-өпкөсүнө батпай көпкө ыйлады. Экөө бир боор боло түшкөнүн ошондо түшүндүм. Анын кайгысын түшүнгөнсүп Рекс да балабыздын колу-бутун жыттап, жанынан чыкпайт. Эки күн Залкар Акжолтоюн унута албай жүрдү. Үчүнчү күнү оюнга алаксып, бир аз унуткандай болду. Бара-бара Акжолтой унутулуп баарыбыздын эркелеткенибиз Рекс болуп калды. Үйдөн катуурак үнүбүз чыгып калса “Мени урушуп жатабы” дегенсип Рекс көздөн далдоо боло калат. Бирок, сыртка чыгып “Рекс!” деп кыйкырарыбыз менен заматта шыйпаңдап жетип келе калат. Сүйлөй албаганы эле болбосо баарын түшүнөт. Эркелетип койсок ары секирип, бери секирип ойноп жиберген Рекс үчүнчү балабыздай эле болуп калды. Бир азга жок болуп калса эле издей баштачу болдук.

Үчүнчүбүз кыз болду. Ал да эс тарткандан тарта Рекске аябай жакын болду. Үчөөнү биз үзүлүп түшүп эркелетсек, үчөө бала туруп Рексти эзилип эркелетишет. Үчөөнүн кимиси кайда баспасын Рекс жанында. Ансайын алар досторуна “Биздин Рекс аябай акылдуу. Жат десең жатат, тур десең турат. Атам урушса, эркелетсе түшүнөт” деп мактанышат. Күчүк кезинен байланбай эркин чоңойгон Рекс кийинчерээк бир-эки күн жок болуп кетип кайра келип жүрдү. Келгенде түшүнө калчудай болуп “Эй, темселеп кайда жүрдүң? Каякка бардың?” деп урушам. Күнөөлүү баладай башын шылкыйтып туруп берсе таң калып, кайра аяйм. “Болду мындан кийин жоголбой жүр, уктуңбу! Биз сени жакшы көрөбүз да Рекс!” деп башынан сылап койсом эки бутуна тура калып, белимден кучактай калат. Аны көргөн балдарым көздөрү жайнап: “Ата, карачы, сени Рекс түшүнүп жатат! Бул баарын түшүнөт!” деп жетине албай калышат.

Бир курдай тун уулум экөөбүз эле үйдө калдык. Бир нерсеге бушайман болуп жатып көлөкөлөп жаткан Рекске чалынып кеттим. “Чык эй, жатчу жерди тапкан тура! Кет, жогол!” деп аны тилдеп калдым. Чочуп кеткен ал тура калып үйдөн алыстай берди. “Ата, Рексти эмнеге урушуп жатасыз?! Ал эмне кылды сизге?” – деп 5-класс-тагы тун уулум ыйлап жиберди. Жүрөгүм сыгыла түшүп баламды кучактап, Рексти кайра чакырдым. Ал шыйпаңдап жетип келсе, балам аны азыр жоготуп алчудай сыга кучактап турганы дале көз алдымда.

Рекс былтыр капысынан дайынсыз жоголду. Ичибиз ачышып сураштырдык, издедик. Балдарым көчөдөн ага окшош ит көрүшсө эле “Ата Рекске окшош экен. Анын балдары окшойт” дешет. Күн алыс кылык-жоруктарын айтып түгөтө алышпайт. Ар күнү баягысындай чуркап келип, баарыбызга эркелейби деп үмүт үзбөйбүз. Айрыкча, балдарым Рекстин биротоло жоголгонуна, өлгөнүнө такыр ишенгилери келбейт. “Ата, мен Рексти сагынып кеттим” дейт кечээ тун уулум көзүнө жаш алып…

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар