Сел – өмүргө, экономикага жана жаратылышка зыян келтирүүчү табияттын коркунучтуу бир кубулушу. Быйыл жаз-жай айларында анын кесепетинен улам 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды, алардын 10дон ашыгы – балдар; көпүрөлөр, гидротехникалык курулмалар кыйрады; айрым социалдык объектилер жабыркады; бир топ аймактарды топон суу каптап, аларды чополонтуп таштады. Жергиликтүү тургундардын короолоруна жана үйлөрүнө кирип барып, аларды бир топ ири зыяндарга учуратты.
Сел бизде болбой койбойт
Сел тоолуу жерлерде жүрөт. Биз тоолуу өлкөбүз. Анын өзүнүн жүрүү жолдору бар, алар – сайлар жана кокту-колоттор.
Элди көбүрөөк кыйнап жаткан селдер – мына ошол кокту-колоттон чыккандар. Буларда тоо ичинен пайда болуп, андан чыга беришинде – сел түздүк жерде конус сыяктуу түзүлүштө жайылып ага баштайт. Бул жерге шилендилерин калтырып, өзүнүн суусу жерге сиңип бүткөндө гана, ал өзү жок болот.
Бул жерди, адистер «чыгаруу конусу» дешет. Улам кийинки сел өткөн
сайын бул жердин аянты шилендилер менен көбөйө берет.
Тоо пайда болгондон бери конусча жай бош жаткан. Совет доорунда да бул жер бош кармалган. Совет өлкөсү жоюлуп, өз алдынча мамлекет болгондон кийин эл жерди үлүш-үлүш кылып, тоонун чокусуна чейин бөлүп алган. Анан «менин жерим – өзүм билем» дегенсип, конус жайга, сел жөнүндө ойлонбой, үйлөрдү сала беришкен. Мунусу аз келгенсип, кокту-колоттор да пайдаланыла башталган. Мал жайылып, суу топтоочу бассейндер такырланып калган. Мына ушул себептерден селдин кокту-колоттордон катуу жүрүшүнө шарт түзүлгөн.
Ал азыр жүрүп жатат жана жүрө берет. Мындай учурда сел менен кандай күрөшүш керек, конусча жайга салынган экономикалык объектилерди кантип сактап калыш керек деген суроолор пайда болуп, алар жылдан жылга катуу коюлууда.
СССРдин сел комиссиясы
Мындай суроолор азыр гана эмес, советтик доордо да турган. СССРдин тоолуу республикаларында сел катуу жүрүп, коркунучту пайда кылып жатканынын негизинде, аны изилдөө жана аны менен күрөшүү иштерин уюштуруу үчүн, 1947-жылы өлкөдө «Сел комиссиясы» түзүлөт. Бул комиссия 1949-1964-жылдары 5 илимий конференция жана бир топ кеңешмелерди өткөргөн. Алар Москва (1949-ж.), Алма-Ата (1950, 1956-жж.), Тбилиси (1952, 1961-жж.), Баку (1962-ж.), Ташкент (1960-ж) ж.б. шаарларында өткөрүлгөн.
Бул чараларда советтик илимпоздор жана инженерлер гана эмес, чет өлкөлүк адистер да катышкан.
Селге кандай маани берилгенин мындан билсе болот: 1962-жылы Баку шаарында өткөн илимий конференцияда 72 доклад окулган.
Мына ушул «Сел комиссиянын» ишинин негизинде:
– 1964 жылы «СССРдеги селдер жана аны менен күрөшүүчү чаралар» деген жыйнак чыгарылат;
– кээ бир республикалардагы селдин жайланышканын көрсөткөн карталар түзүлөт;
– сел менен кандай күрөшүү керек экендигинин жолдору аныкталат;
– «сел» жана «селдин агышы» дегендерге аныктамалар берилип, селдин түрлөрү түзүлөт.
Сел боюнча илимий натыйжалар берилбей, сел менен күрөшүү жолдору келтирилет. Бул боюнча сунуш кылынган жолдор: такырланган суу топтоочу аянттарды жашылдандыруу, аларда жарака кетсе аларды оңдоо, мындай бассейндерге малды жайылтууну токтотуу, бассейндерди токойлотуу, мына ушундай максат үчүн тоолордун боорлорун тектирлөө, мындай жерлерге сарайларды жана башка курулмаларды салбоо, таштанды ж.б. кокту-колотторго таштабай, аларды ачык жана таза кармоо.
Бул пассивдүү сунуштар селди токтотпойт, анын күчүн азайта турган гана чаралар. Башкача айтканда, ал жолдор менен сел баса турган айылдарды андан сактап калуу мүмкүн эмес.
Селден сактоо үчүн конусча жай жерлерде жашап жаткан эл башка жакка көчүрүлүшү керек: үй, сарай ж.б. курулмалардын бардыгы бузулуп, курулган жерлеринен башка жакка чыгарылып кетиши керек, дагы керектүү иштер жүргүзүлүп, селдин нугун мурунку өзүнүн калыбына келтириш керек. Мына ошондо түз акканды жакшы көргөн сел анчалык коркунучту туудурбайт.
Буга конусча жай жерлерде жашап жаткан эл макул болбойт. «Мындан башка сел жүрбөс» деген ой менен жашай берет. Бирок, сел жүрөт.
Кантип сактануу керек?
Мына ушундан улам сел менен күрөшүүнүн дагы бир жолун пайдалануу керек. Ал жол – жер тосмо (плотина) куруп, селди дароо кармоо же токтотуу жолу. Бул – биздин шартта туура жол. Эгерде ал курула турган болсо, курулма суу сактагычтарга окшоп сууну эмес, шилендилерди кармайт. Шилендилерден тазаланган суу акырындык менен курулманын ылдый жагына агызыла берет.
Кыргызстанда Араван – Ак-Буура (чыгымы 18 м3/с) жана Төө-Моюн (10 м3/с) каналдарында селден коргоо максатында мына ушуга окшогон курулмалар курулган. Бирок, алардын айырмалары: тосмо (плотина) өзү эле (суу агызгычы жок), тосмо суу агызгыч түтүк менен, тосмо катастрофалык суу таштагыч менен бөлөк-бөлөк курулган. Мындай курулмалардын иштери начар болгондуктан, жүргүзүлгөн илимий иштердин негизинде курулманын бир топ жакшыртылган жана жаңы конструкциялары түзүлгөн (алар С.Сатаркуловдун, К.Бейшекеевдин, Э.Мамбе-товдун «Селдер агымы жана алардын коргонуунун чаралары» (Бишкек. 2024) китебинде келтирилген). Алардын бири төмөнкү чиймелерде көрсөтүлдү.
Чийме 1. Жылчыктуу мунаралуу суу чыгаргыч – суу таштагычтын схемасы.
1 – тосмо (плотина); 2 – жылчыктуу мунара; 3 – суу агызгыч түтүк;
4 – фундамент; 5 – плита; 6 – блок-тоңолук; 7 – жылчыктар; 8 – сууну өткөрүүчү тешик; 9 – тоңолук жаткырылуучу дөңчө.
Бул жылчыктуу мунаралуу суу чыгаргыч – суу алгыч деп аталып, чийменин астында жазылган бөлүктөрдөн турат. Мунаранын ичи көңдөй, үстү – ачык, ал – катастрофалык суу таштагыч болуп эсептелет.
Бул иште келтирилген жылчыктуу мунара – тикесинен орнотулган. Аны тосмонун бетине жаткырып койсо да болот.
Курулма мындай иштейт: сел тосмого урулуп, артын көздөй кетет. Бул кезде сыйдыргычта суунун деңгээли көтөрүлө баштайт; мына ушул кезден баштап курулмадан суу ага баштайт – адегенде жылчыктардан мунаранын ичине, андан түтүк аркылуу курулманын сыртына агып чыгат. Ал эми шилендилер болсо, курулманын сыйдыргычында кала берет.
Мунаранын төмөн жагындагы жылчыктар шилендилер менен басылып калса, анда суу мунаранын үстү жагындагы жылчыктардан ага берет. Эгерде сыйдыргыч сууга толуп кетсе, анда ашык суу мунаранын үстүндөгү катастрофалык тешиктен ташталат. Сыйдыргыч акырындык менен шилендилерге толсо, анда бул жерде кокту-колот жок болуп, тоонун жантаймасына айланат.
Дароо айта кетсек, бул курулманын сыйдыргычы эч качан сууга толбойт. Себеби, жылчыктуу мунарага жеткенден баштап, суу агызыла баштайт жана селдин суусу бүткөнчө агызыла берет.
Бул курулма – суу сактагычка окшош, бирок, андан айырмасы:
– сууну топтобойт, ал бүткөнчө, аны токтоосуз агыза берет;
– суу агызуучу жана аны таштоочу курулмаларынын өзгөчөлүктөрү бар (муну адистер жакшы түшүнүшөт).
Дагы бир нерсе: сунуш кылынган курулмадай эле суу сактагыч да бизге сездирбей, сел менен күрөшөт, келе жаткан селди токтотот, анын суусун шилендилерден тазалап, курулмадагы сууга кошот. Шилендилер болсо суу сактагычтын сыйдыргычында кала берет, аны менен кайсы бир убакытта толгондо – суу сактагычтын ордунда – түз жер же тоонун жантаймасы пайда болот.
Кошумчалап айта кетсек, жылчыктуу мунара суу агызгыч – суу таштагычты мына ушундай сыйдыргыч толгондо да жөөктөр аркылуу пайдалана берсе болот.
Сабатбек САТАРКУЛОВ,
«Суу автоматика жана метрология» институтунун башкы адиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу, профессор