(Башталышы өткөн санда)
XI БАП
Пишпек
Түн бир оокумда Олуя-Атага70 келип жеттим, которгондо “ыйык атанын мүрзөсү” деген маанини берет . Ал жаңы орус шаарларынын көпчүлүгүндөй эле, чачкын салынып, көп жерди ээлеп жатат. Бул шаарды кенендиги боюнча Петроград же Париж менен атаандашка чыкканбы деп ойлоп кетесиң, базарынын чоңдугу эле Place de la Concorde71 аянтынан ашып кетчүдөй.
Албетте, мында кандайдыр бир пландаштыруу, таш төшөлгөн жолдор, тротуарлар, суу түтүктөрү жок. Бардык үйлөр чийки кирпичтерден, эч кандай кооздуктарсыз салынган, ошол эле учурда ар бир үй чоң чарбагы жана бактары менен кенен-жайкын курулган.
Почта станциясы каралбаган, жарымы кыйраган абалда. Аттар жана экипаждар өтө жүдөө, чарчаган, каралбай калган. Азыр эми почта кызматы оригиналдуу подрядчиктер – жумушчу-дыйкандарга карап кылган. Мен кечке чейин ал жерде болгонумда, жарым мас жумушчулар жана араба айдоочулар аттарды аябай токмоктоп, өкүрүп-бакырып сөгүнүшүп, экиден, үчтөн арабаларга чегип жатышты. Байкуш бактысыз жаныбарлар, таяктан бою-башы калтырап, кара терге чөмүлүп, ооздорунан ак көбүк кетип, көздөрү чакчайып ордуларынан атып кеткенге даяр турушту.
– Эмне үчүн сиз байкуш аттарды сабап жаткандарды токтотпойсуз? – деп сурадым, станциянын башчысынан.
– Мен кантип токтотом? – жооп берди ал. Пролетардык бийликтин буйругу менен бул аттар кыргыздардан тартылып алынган. Биздин эски аттарыбыз өлүштү же жинигип бүтүштү. Менин кишилерим аларды арабага жүргөнгө үйрөтүп жатышат.
Кечке жуук гана мен кош ат чегилген араба алып, бул жүрөк айланткан жерден тезирээк кетип калууга камындым.
Менин экипажым ордунан жылайын деп жатканда, мага эки аял келишти, жаш кыз жана анын энеси. Кыз аларды ала кетүүнү өтүндү. Ал мен бара турган тараптагы айылда мугалим экен жана алардын почта атын, араба алганга “мандаттары” жок болчу. Менин экипажымда орун жетишерлик эле, ал эми алардын кошулушу бизге жай турмуштагы респектабелдүү көрүнүштү тартуулап тургандыктан мен кубануу менен макул болдум.
Шаардан жаңы эле чыга бергенибизде, бизге ушунчалык таза, тунук жана агымы күчтүү сууну кечип өтүүгө туура келди. Суу аябай терең болгондуктан экипажды дээрлик жаап калды эле, менин жүргүнчүлөрүм идишке сузуп алып, тамшануу менен ичип жатышты.
Түндү станцияга жакын жерде өткөрдүк, эртеси күн бою кургак, чаңдуу талаа менен жүрүп отуруп, кечинде гана Луговое айылына жетип, бул жерден Сибир менен Жети-Суунун чек арасында турган, большевиктик комиссиянын мүчөлөрү өздөрү айткандай – “делегаттары”, кандайдыр бир самсаалаган, кир кийимдерди кийип алышыптыр. Аларга самоор менен чай ташыган кыз кечигип калды эле, эки “делегат” ал бечараны “эки жактан жарга такамак” болушту. Алар ордунан туруп, айткандарын аткармакчы болду эле, мен кызды жазалоо ниеттеринен кайтууга ынандыра баштадым, ал деле силер өңдүү пролетарлардан болушу мүмкүн дедим.
– Бизде көп нерсе бар, – деди алар, –эт жана нан, бардыгы арзан, бирок эч кандай товар жок. Биз партияга баарын алабыз, бирок бир шарт менен, алар фронтко барып казактар менен согушуусу керек. Эгерде ал социалисттик ата-мекен үчүн салгылашкысы келбесе, биз андайларды, каргыш тийгирлерди аябайбыз.
Алар өздөрү Ташкентке бара жатканына ыраазы сыяктуудай, ал жакта согуштан алыс, тынч күндөрдү өткөрсө болот эмеспи.
Кийинки түндү Меркеде, азыр бош калган, бир кезде берекелүү жана гүлдөп турган айылда өткөрдүк. Бул жерден биз биринчи жолу жумуртка жана аш жей алдык, жакшы тамак маанайыбызды көтөрүп койду.
Мерке түрдүү жаныбарларга бай, тоонун этегинде жайгашкан. Бул жерде тоо текелер, аркар-кулжалар, доңуздар көп кездешет, алардын арасында өтө сейрек кездешүүчү Ovis heinzii да бар. Анда бир кезде мыкты аңчылык чарбасы бар эле.
Эртең менен мени менен жол жүрүп келаткан мектеп мугалиминин жол инженери болуп иштеген агасынын үйүнө түшүп тамактандык. Жаш жигит большевиктерге кызмат кылгысы келбей турганын, Балхаш талаасы аркылуу өтүп, Колчакка кошулгусу келерин ачык айтты. Ошондой эле ал бул айылда, коммунисттик бейиштен качкысы келген адамдарга жардам берген жашырын уюм бар экенин да айтты. Карындашы менен энеси анын идеясын колдоду. Улайып калган энеси уулунун алыскы жана тобокелдүү жолуна ак батасын берди. Жаш жигит мени бирге барасыңбы деп сурады эле, мен баш тарттым, анткени анын өзүнүн да так жана ойлонулган планы жок эле.
Бул күнү кечке жайкалган шалбааларды жана айдоолорду аралап жүрүп отурдук, көчүп бараткан кыргыздарды көп кездештирдик, алар биринчи эле мүмкүнчүлүктө, аш болумдуу, көңүл көтөргөн, чаңкаганды кандырган, таңгалычтуу сергиткен – мыкты кымыз менен сыйлап жатышты.
Андан кийин кызыктай көрүнгөн орус айылдары кездеше баштады. Булардын аталышы да кызык эле: Кара-Балта, Беловодское, Александровка, Дунганка72 ж.б.у.с. булардын баары почта тракты өткөн, элүү чакырымга созулган жалгыз жолду түзүп турушкансыйт, ал жолдун кээ бир жерлеринен кургак күндөрү да ылайдан өтүүгө мүмкүн эмес эле. Биздин экипаждын дөңгөлөктөрү огуна чейин батып кеткендиктен, аттарга бизди тартуу абдан кыйын болду. Үйлөр өз-өзүнчө, кенен жана эч кандай системасы жок салынган. Үйдүн артында тал-терек, кочкул-жашыл жалбырактуу дарактар бойлото тигилген, бак-шагы, чарбачылык короо-жайы жана беде аянттары көрүнөт.
1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшүндө Беловодск айылы көтөрүлүшчүлөр тарабынан чабуулга кабылган. Көптөгөн жашоочулар өлүп, кыргыздар бир нече аялды алып кетишкен. Бирок көтөрүлүш басылгандан кийин айылдыктар катуу өч алышкан. Каарданышкан орустар кыргыздардын жети жүздөн ашыгын, анын ичинде көтөрүлүшкө катышпагандарын да өлтүрүшкөн.
Кыргыздардын орус бийлигине наа-разы болуусунун себеби адилеттиктин болбогондугунда, алардын жерин тартып алышып, орус келгиндерине бере беришкенинде. Согуш учурундагы жергиликтүү бийлик тарабынан ар кандай кызмат абалынан пайдалануу өкүм сүргөн: жалпы кыйынчылык милдеттүү чыгымдарды алып келет деген негизде, малдарын, аттарын, боз үйлөрүн ж.б. адилетсиз тартып алган. Көтөрүлүш болсо, албетте, жогорку орус администрациясынын шалаакалыгынан улам, немис агенттери жана түрк резиденттери тарабынан уюштурулган. Петрограддагы өкмөт согуш учурунда Түркестандын генерал-губернатору кылып, улуту немис Мартсонду73, ал эми Жети-Суунун аскер губернатору кылып – башка немисти, Фольбаумду74 дайындагандан башка, жакшы бирдеме ойлоп тапкан эмес. Фон Мартсон күтүүсүздөн фронт үчүн аскердик жумуштарга чакыруу жолу менен Түркестандагы мусулмандардын көтөрүлүшүн атайылап козгогон.
Кыргыздардын жерин орус келгиндеринин пайдасына тартып берүү, бир гана адилетсиздик болбостон, өтө олдоксон экономикалык жаңылыштык болгон. Кыргыздардын малды арзан багуу ыкмасынын шарапаты менен Россия Европада артыкчылыктуу абалды ээлеген, миллиондогон жылкылар, уйлар, койлор, эбегейсиз зор арзан эт, жүн, тери, сүз азыктарынын корун түзүп турчу. Борбор Азиядагы орус дыйкандары бир гана дан өндүрүшчү, аны ташып кетүүгө мүмкүн эмес эле.
Кийинчерээк большевиктер падышалык өкмөт кетирген жаңылыштыкты оңдошту. Бирок мен Жети-Сууда болгон ошол учурда, көпчүлүк орус айылдары күлүнө чейин өрттөлүп, жашоочулары өлтүрүлүп же бул берекелүү жерден качып чыгышкан, аттиң, акыл-эске салып башкарганда, бул жерден баарына жетерлик азык-түлүк өндүрсө болор эле.
Кайсы бир айылга келгенде аялдар түшүп калышып, мен жалгыз жолумду уладым. Биринчи эле атымды алмаштырган станцияда, почта кызматкери мага, бир гана үч аттык экипаж калганын, ал дагы Верныйга75 бара турган эки кызыл комиссарга бериле турганын билдирди.
– Алардын “мандатын” мага көрсөтчү,- дедим үнүмдү көтөрө сүйлөп, анан алардын документин текшерип:
– Буга караңыз! Алардын “мандатын” Верныйдагы аткаруу комитети жазган, а мага – Ташкенттеги борбордук бийлик берген, демек меники жогору турат. Үч атты мага бересиз, менин убактым жок.
– Жакшы, – деди, – почта кызматкери. – Мен үч атты, сиздин экипажга чеккенге буйрук берем.
Ошол замат комиссарлар келишип, аттарга болгон укукту талаша башташты, мен аларды сөзүн кескин бузуп, салабаттуу түрдө “революциялык тартипти” эске алууларын эскерттим, алар тынчып калышты. Көп өтпөй келишүүчүлүк шартты сунуш кылышты: аскер жүктөрү меникинен көп болгондуктан, аттарды алардын экипажына чегүүнү сунуш кылышты, андан ары чогуу кетмей болдук.
Буга мен макул болуп, үчөөбүз Пишпекке жөнөдүк.
– Сиздин фамилияңыз Новиков да, – деп сурады комиссарлардын бири. – Верныйда бир топ Новиковдор бар, алар сиздин туугандарыңыз эмеспи?
– Алар эски диндегилерби, эски динди тутунушабы?
– Ооба, ошондой.
– Анда алар, нак эле менин туугандарым. Аларды көрсөңөр мен тууралуу эске салып койгула.
Ошентип, өзүмдүн жалган фамилиямды, реалдуу жашагандарга байланыштыра салдым. Дагы бир дал келүү жөнүндө айта кетүүгө туура келет: ошол учурда Верныйда Назаров аттуу комиссар иштечү.
Пишпек өзүнүн атын, ушул жерге малы жайылган кыргыздын урматына алган. Шаар Тянь-Шандагы тоолуу өлкөнүн бир бөлүгү болгон, Александров76 кырка тоосунун дээрлик алдында, гүлдөгөн жашыл талаалуу жерде жайгашкан.
Бул тоо этегинен түбөлүк ак мөңгүлөргө чейин тик өйдө көтөрүлүп кеткен, күн ачыкта алыстан көп сандаган капчыгайлар, тоолорду бөлүп турган бөксөлөр даана көрүнөт, күнгө чагылышкан аппак карлар, мөңгүлөр өзүнчө бир керемет панораманы түзүп турат. Келишкен кырка тоонун коктуларынан төмөн карай көп сандаган муздак, мөлтүр тунук суулар агат. Агын суулардын түбү тоо-дон агып келген яшма жана түркүн түстүү таштардан жасалган эң мыкты мозаикадай көрүнөт. Шаардын көчөлөрү ушул суулар менен бир нече жеринен бөлүнгөндүктөн, шаарга өзгөчө өң-түс берип турат.
Пишпек, Жети-Суудагы башка шаарлардай эле кенен жана жайыла салынган. Шаардын көчөлөрү жазы, бак-шактуу, айрым жерлерин чөп баскан, аянттары кенен, көп сандаган дарактар отургузулган, суу каналдары дайыма толуп турат. Шаардын кире беришинен көчөдө бейкапар ээн-эркин жүрүшкөн эки чулдукту көрдүм.
Биз шаардагы жападан жалгыз конок үйүнө келдик, бул жерде мен үчүн бүтүндөй комната даярдалып коюлган эле.
Тепкичтен түшүп келатып, бир кызык ишке туш болдум. Анча жаш эмес, анча сулуу да эмес, бирок ошол мезгилге ылайык жакшы кийинген, ак жоолукчан бир аял, тепкичтин алдында ким бирөөнү күткөндөй ары-бери басып турду. Бир аздан кийин килейген таякты тандап алып, колуна кыса кармады. Бир нече мүнөттөн кийин эшиктен үстүндөгү кийими начар, үйдө жүргөндөй кийинген жаш кыз чыга келди. Ак жоолукчан аял жаш кызга жолборстой атырылып, таш менен башын жанчып жиберди. Байкуш кыздын башынан кан кетип, эки аял тең акылдан адашкансып, айкырып-кыйкырып жатышты. Мен экөөнү ажыраштырмак болдум эле, бирок бир-бирин чачтан алып, бир нерсе деп кыйкырышкан экөө, жулмалашып көчөгө чыгып кетишти. Адамдар тегеректешип, келе калган милиционер баарын тынчытты, мен өзүмдүн комнатама кирип кетүүнү эп көрдүм. Аздан кийин бул адаттан тыш окуянын финалына да күбө болууга туура келди.
(Уландысы бар)
Которгон
Элмира ЖУМАЛИЕВА