ХХ кылым Советтер Союзуна гана эмес, анын курамындагы Кыргызстандын тарыхына да көөнөргүс изин калтырды. Ошол мезгилдерде Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү зарылдыгын көтөрүп чыккандардын сап башында мамлекеттик жана коомдук ишмер Иманалы Айдарбеков да болгон. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсан тууралуу китеп жазып, анын айкелинин тургузулушун жана анын ысмын көчөгө ыйгарууну демилгелеп чыккан экономика илимдеринин доктору, профессор Эльмира Джумалиева менен болгон маекти окурмандарга сунуштайбыз.
– Эльмира Бусурманкуловна, мамлекеттик жана коомдук ишмер Иманалы Айдарбеков жөнүндө китеп жазууңузга эмне түрткү болду эле? Эркиндик гүлбагындагы Аталар Аллеясына анын эстелигинин тургузулушунда да сиздин салымыңыз болсо керек…
–Жогорку Кеңештин 10-чакырылышына депутат болуп шайлангандан баштап, Иманалы Айдарбековдун сүрөтү парламенттин жетекчилеринин тизмесинин эң башында турганы көңүлүмдү бурду. Кыргыз эли-жери үчүн жан аябай эмгек жасап, репрессиянын курмандыгы болгон инсандардын арбагына таазим кылып, ысмы унутта калып кеткендердин ысмын элге, келечек муундарга таанытуу жана тарыхыбызда татыктуу орун ээлеши боюнча маселени парламенттин отурумунда бир нече жолу көтөрдүм.
Иманалы Айдарбеков – Кыргызстандын биринчи жетекчиси катары кыргыз мамлекетин түзүүнүн башатында турган инсандарыбыздын бири. Анын ысмын түбөлүккө калтыруу боюнча маселе мага чейин көтөрүлүп, токтом кабыл алынып, каражат бөлүнгөнү менен эч кандай иш-чаралар жүргүзүлбөптүр. Мамлекеттик ишмердин 125 жылдыгына 400 миң сом каралып, бирок ал каражат каякка кеткени да белгисиз боюнча калган экен. Ошондо парламентте анын эстелигин тургузуу жана борбордогу көчөлөргө ысмын ыйгаруу керектигин көтөрдүм. Сунушум колдоого алынып, 5 миллион 500 миң сом бюджеттен бөлүнүп берилди. Натыйжада айкели тургузулуп, иш-чаралар уюштурулду жана илимий конференциялар өткөрүлдү. Ал тууралуу маалыматтар биздин архивде жок болгондуктан, Москвадагы архивден караттырып, ал жактан алдырган тарыхый маалыматтардын негизинде чакан монографиялык китепчемди чыгаргам.
И.Айдарбеков өзүнүн пикирлештери, элибиздин чыгаан уулдары Т. Айтматов, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, К.Тыныстанов жана башка инсандар менен биргеликте Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүп, өлкөбүздүн пайдубалын түптөбөгөндө, биз өз алдыбызча мамлекет боло алат белек, жокпу, ким билет? Калкынын саны бизден бир нечеге көп айрым элдер өзүнүн территориясы жок, мамлекеттүүлүккө жана эркиндикке ээ боло албай жүрүшкөндүгүн көрүп отурабыз. Ошондуктан Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөп, элибиздин келечеги үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалган улуу инсандарды эстен чыгарбай даңктап жүрүү, биздин парзыбыз.
– Мамлекеттик жана коомдук ишмердин өмүр таржымалына токтолсоңуз.
– И.Айдарбеков 1884-жылы Пишпек уездине караштуу Күн-Туу болушунун Жал айылында туулган. Бир катар маалымат булактарда ал кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгандыгы айтылат (Кыргыз Совет Энциклопедиясында), а бирок чындыгында ушул аймактагы белгилүү манап Айдарбек Турдиндин үй-бүлөсүндө жарыкка келет. Мамлекеттик жана коомдук ишмердин атасы чарба башкарып, жер айдатып, мал баккан, колунда бар адам болгондуктан, баласын 14 жашында Пишпектеги айыл чарба мектебинен окутат. Төрт жылдык мектепти эң мыкты баалар менен аяктап, орус тилин жана араб арибин жакшы үйрөнүп чыгат. Айыл чарба мектебинде билим алгандыктан ал багбанчылыктын сырларын жакшы өздөштүрөт. Мектептин жетекчилери анын шыгын байкашып, Ташкенттеги гидротехникалык мектепке кирүүсүн сунушташат. 1908-жылы атасы каза болуп, айылына келүүгө мажбур болот.
– Эмгек жолу кандайча башталган жана “Алаш Ордо” партиясында андан башка кимдер болгон?
– Тарыхый маалыматтарга таянсак, 1912-1918-жылдарга чейин Пишпектеги Айыл чарба башкармалыгында болуштук катчы (писарь), андан соң Пишпектеги Эл көчүрүү башкармалыгында котормочу болуп иштейт. 1914-жылы башталган империалисттик согуш кош эзүүнү пайда кылып, эл көтөрүлүшкө чыгат. Падышалык бийлик көтөрүлүшчүлөрдү кыргынга алганда 1916-жылы эл Үркүнгө качууга аргасыз болот. Ошол учурда боштондук үчүн күрөшкө аттангандардын башчыларынын бири И. Айдарбеков болот.
Ал “Алаш-Ордо” партиясына Пишпек бөлүмүнүн уюштуруучусу болуп кирет. “Алаш Ордо” партиясы кадеттер партия-сын колдогон жана өзүн туркестандык кадеттердин филиалы деп эсептеген, ошондой эле Россиянын чектеш элдерине автономияны берүүгө каршы болгондуктан И.Айдарбеков ал партиядан баш тартып, большевиктердин партиясына өтөт. Маалымат булактарында “Алаш Ордо” партиясында И.Айдарбеков менен катар А.Сыдыков, И.Арабаев, К.Тыныстанов, Н.Тулин, Д.Сооронбаев ж.б. болгондугу айтылат. 1918-жылы В.И.Ленинге кол салуу болгондон кийин коммунисттик партиядан башка партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, “Алаш Ордо” партиясы жабылат. Андан соң И.Айдарбеков 1919-жылдын аягында Пишпек Советинде председатель, андан кийин Токмокто Волостук Аткаруу Комитетинде председателдик кызматты аркалайт.
– Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү урунттуу учурлары жөнүндө айтып берсеңиз?
– 1922-жылы И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, А.Сыдыков ж.б. кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү өз алдынча Тоолуу облусун түзүү демилгесин көтөрүп чыгышат. Бул саясат РКП (б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөсү Д.Бабаканов менен Жети-Суу облустук комитетинин төрагасы Р.Кудайкуловдун топторунун сая-сатына туура келбейт. Р.Кудайкуловдун ою боюнча Кыргызстандын түндүгү Казакстандын курамына киргизилмек, ал бул максатын ишке ашыруу үчүн күрөш жүргүзүп келген, анткени Пржевальск жана Пишпек уезддеринин борбору Верный шаары болгон жана Жети-Суу облусунун курамында болгон.
1922-жылы 4-июнда Пишпек шаа-рында Тоолуу облусунун Советинин биринчи уюмдаштыруучу съезди ачылат. Мына ушул съезд Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башаты болот. Ал Ж.Абдрахманов менен биргеликте 1924-жылы В.Куйбышев башында турган РКП(б) БКнын республикалар менен облустардын чек араларын аныктаган комиссиянын ишине катышат. Ошондой эле 1922-жылы А.Сыдыковдун, И.Айдарбековдун, И.Арабаевдин катышуусу менен Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек аралар такталат. Ошол коюлган чек менен азыркы күндө да жашап келе жатабыз.
1924-жылы октябрь айында ВЦИК Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 17 адамдан турган Ревкомунун курамын бекитет. Ревкомдун председатели болуп И.Айдарбеков дайындалат. 1925-жылы март айында өткөрүлгөн Кара-Кыргыз облусунун Советинин съездинде Кара-Кыргыз автомомиялуу облусун Кыргыз Автономиялык Республикасына уюштуруу демилгеси кабыл алынат. 1925-жылы Пишпекте Советтердин кезектеги съездинде Автономиялуу облустук Советтин председателдигине И.Айдарбеков шайланат.
Ал 1926-1929-жылдарга чейин Кыргыз АССРинин жеңил өнөр жайы жана соода боюнча эл комиссарлыгын аткарат. Анын жетекчилиги менен фабрика-заводдор курулуп, техникалар менен жабдылып, бул тармак өнүгө баштаган. 1929-1930-жылдары Республиканын Юстиция Эл комиссариатын жана Башкы Сотун жетектеген. Анын замандаштарынын эскерүүсүндө “ал кайсы уюмда иштебесин күжүрмөн, эрктүү адам болгон жана сөзү, жасаган иши менен башкаларды ээрчите алган. Ошондуктан кайсы уюмга кирбесин ага жетекчилик кылууга жетише алган” деп айтылат. Ал өз мекенинин атуулу катары Советтик Кыргызстандын өнүгүшүнө, кубаттуу индустриясы, өнүккөн айыл чарбасы бар республикага айланышына, кыргыз элинин сабаттуу болушуна бардык күч аракетин жумшаган.
– Кандуу жылдарда атылгандардын арасында И.Айдарбеков да бар. Репрессиянын курмандыгы болушуна эмне себеп түрткү болгондугу боюнча маалыматыңыз болсо бөлүшсөңүз?
– Аны 1925-жылдагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун съездинде эле кес-кин сынга алышып, бай-манаптардын жан-жөкөрү катары күнөөлөшкөн. Ошол учурда аны жумушунан да четтетишет. Бирок ал көпкө узбай Орто Азиялык экономикалык кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүл катары Ташкентке жөнөп кетет. Андан соң кайра келип, бир катар жооптуу кызматтарды аркалайт.
Кыргыз мамлекетинин чыгаан уулдары А.Сыдыков, Б.Исакеев, Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, А.Орозбеков, Т.Айтматов өлүм жазасына тартылгандан кийин И.Айдарбековду да жумушунан четтетишип, 1937-жылы жалган жалаа менен камап, 1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку сотунун Аскер коллегиясынын көчмө сессиясы өлүм жазасына өкүм чыгарат, өкүм ошол эле күнү аткарылат. Соттун күнөөлөчү өкүмүнөн цитата келтирсек, анда: “Кыргыз Автономиялуу Республикасынын НКВД органдары тарабынан антисоветтик, улутчулдук, террористтик, диверсиялык-зыянкеч уюм катары аныкталган, оңчул-троцкистик террористтик уюм менен биргелешип иш жүргүзүп келген. Бул уюм “Социал Туран” партиясы куралдуу төңкөрүш, террор, зыянкечтик, диверсия жолу менен Совет бийлигин кулатууну, Кыргыз Автономиялуу Республикасын Советтер Союзунан ажыратууну, Англиянын көзөмөлүндөгү буржуазиялык капиталдык мамлекетти түзүүнү эңсеген”, – деп айтылат. 1937-1938- жылдарда кыргыздын келечектүү күчтөрүнө, биринчи интеллигенциясына кыйраткыч сокку урулган.
Маалымат булактарына таянсак, тарыхыбыздагы бул кандуу жылдарда Чоң-Таш айылынын жанында 138 адам атылган жана атылгандардын арасында И. Айдарбеков да болгон…
– Убактыңызды бөлүп, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө зор салымын кошкон улуу инсан тууралуу, баяндуу маек куруп бергениңизге ыраазычылыгымды билдирем!
Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”