Абдивакаб КАРА, Мимар Синан көркөм өнөр университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору.
Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы казак менен кыргыздын карым-катышы кандай болушу керектигин көрсөтүп турат. Анткени, ал өзүн эки боордош калктын орток перзенти катарында көргөнү жана ага айланганы анык. Ошондуктан Чыңгыз Айтматов өмүрдөн өткөндө Шөмүшбай Сариев ага:”Чыңгыз сен тирүүсүң”, – деп кайрылуу жасап, анын казак менен кыргыздын орток инсаны экенин бул өлөңдөрү менен даана сүрөттөгөн:
“Жанды өрттөнүп жүрөгүң жанганынча,
Кактың канат канатың талганынча,
Сен өлбөйсүң, о, Чыңгыз сен тирүүсүң,
Жер бетинде бир кыргыз калганынча,
Жер бетинде бир казак калганынча”
Негизинен, түрк ааламынын башка калктары да казактар сыяктуу Ч.Айтматовду жогору баалашат, өздөрүнүкү катары көрүшөт. Ошол себептен, Ч.Айтматовдун чыгармалары Азербайжан, Өзбекстан, Татарстан, Түркия, Түркмөнстан сыяктуу, ар бир түрк элинде сүймөнчүлүк менен жана өз элинен чыккан бир жазуучунун эмгеги өңдүү жатсынбай окулат. Ал тургай ошол элдерде эң көп окулган сүйүктүү авторлордун бири болуп эсептелет. Бул жагдай Ч.Айтматовдун мындан сегиз кылым мурда, башкача айтканда, 1208-1284-жылдар аралыгында жашаган Кожанасырдын даңкы менен махабатын кайталагандыгы тууралуу айтууга негиз болот. Анткени, бардык түрк элдери Кожонасырды жакшы көрүп, аны өз элинин бир кулуну катарында эсептешет. Ал эми Кожонасыр Түркиянын Эскишехир калаасына караштуу Сиврихисардын Хорту айылында эмес, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Татарстандын же Түркмөнстандын бир айылында төрөлгөндөй кабыл алынат. Ошол элдердин ар бири үчүн анын улуту азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, татар же түркмөн. Эгерде сиз калктардын өкүлдөрүнө Кожонасырдын Сиврихисарда төрөлүп, Кониянын Акшехир калаасында өлгөнүн, Анадолунун уулу экенин айтсаң, алар аны сөзсүз кабыл алышпайт. Анын үстүнө өздөрүнүн сүйүктүү адабият алптарын, өздөрүнөн алыстатып, Анадолунун уулуна айлантууга аракет кылганыңар үчүн сизге ачуусу келиши толук ыктымал. Чыңгыз Айтматов да ушундай улуу инсан.
Бир гана айырмасы бар: ал биздин доордо өмүр сүргөндүктөн, анын кыргыз экенин ар ким билет, билсе да өздөрүнүн элинин бир уулундай көрүшөт.
Бул макалада Ч.Айтматовдун казактар менен жакын мамилесине, ал тургай өзүн кыргыз менен казактын орток баласындай көргөнүнө токтолобуз. Балким тагдыр аны ушундай жакындыкка түрткөн чыгар. Себеби, ал бала чагында, жаш кезинде, жада калса жазуучулук чыгармачылыгынын ар бир кезеңинде казак эли менен терең байланышта болгон. Ушундан улам өзүн казак иретинде сезген учурлары да болгон.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында казак талаасы көп чагылдырылган. Бул аныгында таң калыштуу эмес. Анткени, казак менен кыргыздар маданияты, жашоо образы жагынан бири-бирине абдан жакын. XX кылымдын биринчи чейрегине чейин орустар казактарды кыргыздардан ажырата албай, казактарды «кыргыз», кыргыздарды «кара кыргыз» деп келишкен. Бирок, Ч.Айтматовдун өмүрү менен чыгармачылыгында казактар эки элдин ортосундагы салттуу жакындыгынан да тереңде турат десек аша чапкандык эмес.
Биз жогоруда Чыңгыз Айтматов бүткүл түрк дүйнөсүнүн орток автору экенин айткан элек. Антсе да, анын түрк ааламынын ичинде кыргыздын баласы экени да чындык. Атап айтканда, ал кыргыз ата-энеден төрөлүп, кыргыз үй-бүлөсүндө чоңойгон. Бирок улутуң ким? – деген суроого “мен кыргызмын” дегендин ордуна “мен кыргыз менен казактын орток жазуучусумун” дегенди артык көргөн.
Муну ал өзүнүн адабий стилинде мындай деп жазган: «Мен казакмынбы же кыргызмынбы? Ушуну билгиси келгендерге Манас менен Мухтар Ауэзов тууралуу айтып берейин. Бул экөө – менин каны бирге элдеримдин мөрөйү: ушу экөөнө ээк артсам, башка журттардын арасында жалым тик туруп чыга келет».
Арийне, Айтматовдун минтип сүйлөшүүнүн ааламдык жана маданий себептери бардыр. Мисалы, Айтматов кыргыз тилиндей эле казакчаны да мыкты билген. Мунун себебин сураганда, ал Жамбылда (азыркы Тараз) техникумду бүтүргөнүн жана казак авторлорунун көптөгөн китептерин казак тилинде түп нускасында окуганын айткан.
Анын атасы Төрөкул Айтматов да казактар менен ынак достук мамиледе болгону маалым. Атүгүл абактан акыркы жолуккан адамы да Теңирберди Алабаев деген казак болгон. Белгилүү болгондой, Төрөкул Айтматов 1938-жылы «эл душманы» деген айып менен атууга өкүм кылынган. Мындан Чыңгыз абдан азап тартты. «Атаң эл душманы болгон эмес, башыңды жерге түшүрбө» деп кубаттаган устаттарынын бири.
Мындан тышкары Төрөкул атылганга чейин өзү менен түрмөдө жаткан казак Теңирберди Алабаев аркылуу уулу Чыңгызга салам айтып, өзүнүн кылмышкер эмес экенин жана атууга өкүм кылынганын билсин деген. Бирок Чыңгыз бул саламды көп жылдардан кийин, 1975-жылы алган.
Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкулдун жаш кезинде билим алуусуна Түркстан элдеринин ынтымагы үчүн аракет кылган Мирсаид Султангалиевдин “Туран” идеяларын колдогон казак саясатчысы Турар Рыскуловдун салым кошкону белгилүү.
Ч.Айтматов өзү али жаш, атагы чыга элек калемгер кезинде эң чоң колдоону казактын белгилүү жазуучусу Мухтар Ауэзовдон алган. Муну Ч.Айтматов өзү дайы-ма айтып жүргөн. Ч.Айтматовду адегенде СССРге, андан кийин бүткүл дүйнөгө таанытууда Ауэзовдун салымы чоң. Жаш Ч.Айтматовдун өзүнө калтырган “Жамийла” романын окугандан кийин дароо жактырып, аны адабий дүйнөдөгү таланттуу жаңы үн катары колдоп чыккан.
Ал дароо чара көрүп, ошол кездеги эң таасирдүү «Новый мир» адабий журналынын редактору Н.Твардовскийге жөнөтөт. Аны менен катар «Литературная газетанын» 1958-жылдын 23-октябрындагы санына жазган макаласы менен “Жамиланы” өргө сүрөгөн.
Буга чейин «Абай жолу» аттуу чыгармасын француз тилине которуп басып чыгарган Париждеги жазуучу жана котормочу Луи Арагонго да бул чыгарманы которуу сунушун жиберет. Ошентип, бул чыгарма француз тилине которулуп, француз окурмандарына жол тартты.
Китептин французча басылмасына жазган кириш сөзүндө Арагон «Менин оюмча бул аңгеме дүйнөдөгү эң сонун махабат дастаны” деп, анын атагын ааламга жайган. Белгилүү казак жазуучусу Абиш Кекилбаев-дин сөзү менен айтсак, Ч.Айтматовдун “Жамийласы” XX кылымдын адабиятында Чыңгыз хандын жортуулдары сыяктуу өзгөчө окуя болгон.
Ч.Айтматовдун “Тоолор жана талаалар окуялары” китебинин Лениндик сыйлыкты алышына М.Ауэзов чоң роль ойногону белгилүү. 1961-жылы СССРдин Лениндик сыйлыктар боюнча комитетинде сүйлөгөн сөзүндө: «Сиздер автор али жаш, анын чыгармалары аз деп жатасыздар, бул үстүрт жана текебер пикир. Ал ушул чыгармасынын өзү менен эле чоң сыйлыкка татыктуу, анын келечеги мындан да кенен», – деген эле. Ауэзовдун бул көрөгөчтүгүн алдыдагы мезгил көрсөттү.
Мукаң жаңылган эмес, анткени Ч.Айтматов 1963-жылы «Тоолор жана талаалар аңгемелери» үчүн Лениндик сыйлыкты алды. Ошондой эле «Жаныбарым Гүлсары» (1967), «Эрте кайткан турналар» (1975), «Бороондуу бекет (Кылым карытар бир күн)» (1980) чыгармалары үчүн дагы үч жолу СССР Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты болгон. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын үч жолу катары менен алган мындай жазуучу совет доорундагы адабиятта болгон эмес.
Жазуучулук жолунун башында колун сунуп, жардам берген улуу жазуучу Мукаң жөнүндө Ч.Айтматов мындай дейт: «Дүйнөлүк адабият китепканасы» деп аталган 200 томдукта Шекспир менен Дантенин, Толстой менен Томас Манндын, Горький жана Шолоховдун катарында, М.Ауэзовдун эки томдугу тургандыгы казак менен кыргыздын мактанычы деп ойлоймун”.
Анын үстүнө Ч.Айтматов өзүнүн макалаларынын биринде: «Менимче, бир кезде орус маданиятынын өнүгүшүнө Пушкин кандай таасир этсе, Борбордук Азиядагы тектеш элдердин бүгүнкү чыгармачылыгынын өсүшүнө, руханий жашоосунун калыптанышына Ауэзов дал ошондой таасир эткен» деп жазат.
Ч.Айтматов Мухтар Ауэзовду биринчи жолу 1952-жылдын күзүндө СССР Илимдер академиясынын Бишкектеги Кыргыз филиалында «Манас» эпосунун тагдырына арналган жыйында көргөн. Ч.Айтматов ал күндү эч качан унуткан эмес.
“1952-жылы Кыргыз Илимдер академиясында «Манас» эпосун талдоого алган чоң жыйын өттү. Биз, жаштар, аны угууга бардык. Ошондо Мухтар Ауэзовду биринчи жолу көрүп, сөзүн уктум. Залда ийне сайганга орун жок эле. Анткени улуу мурасыбыз “Манас” эпосунун тагдыры чечилип жаткан. М.Ауэзовдун эрдигинин, чечендигинин аркасында гана “Манас” эпосу элге кайтып келди. М.Ауэзовдун жалындуу сөзүнө ыраазы болгон эл бир нече жолу кол чаап жатышты. Анан да мага оратордун жазы маңдайы, маселени талдоодогу кайраттуулугу, жан дүйнөсүнүн тереңдиги жакты. Кийин ал экөөбүз бири-бирибизге ата-баладай болуп калдык», – деген сөздү Чыңгыз Айтматовдун өз оозунан уктум дейт Абдылдажан Акматалиев.
Бул жыйында «Манас» эпосу бай-феодалдардын доорун даңазалаган, карапайым элге жат реакциячыл чыгарма катары сынга алынып, ага тыюу салуу чечими кабыл алынаары күтүлгөн. М.Ауэзовдун ал жердеги сүйлөгөн сөзү Коммунисттик партиянын мындай ыплас саясатынын алдын алган. Буга күбө болгон Ч.Айтматов ошол күнү М.Ауэзовду биринчи жолу көрсө дагы, ага абдан таасирленип, аны “үлгү ала турган инсан” катары тутунуп калган чыгар. Ч.Айтматовдун М.Ауэзовду экинчи жолу көрүшү Москвада болгон. Анда ал 1956-1958-жылдар аралыгында Максим Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун адабият факультетинде окуп жаткан.
Ошол кезде, атап айтканда, 1956-жылы Михаил Дудинцевдин «Нан менен гана эмес» аттуу романы жарыкка чыгып, окурмандар арасында кызуу талаш-тартыштарды жараткан. Бул роман тууралуу Борбордук адабият үйүнө жолугушууга келген Мухтар Ауэзовду ал экинчи жолу көрүп, ошол чогулушта биринчи жолу таанышат.
Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин Ч.Айтматов М.Ауэзов менен Москвадагы мейманканалардын биринен жолугушат. Ошондон кийин экөөнүн ортосунда адабият жаатында устат-шакирт мамилеси башталат. Бул мамилени айтматов таануучу, профессор Абдылдажан Акматалиев: «Эки таланттуу жазуучунун мамилеси – бири устат жана насаатчы, экинчиси шакирт катары өнүккөн” деп сүрөттөйт.
Ч.Айтматов Мухтар Ауэзовдун 1916-жылдагы көтөрүлүш тууралуу тыюу салынган «Кыйын заман» романына баш сөз жазып, аны 1972-жылы «Новый мир» журналына басып чыгарып, бул шедеврдин окурманга жетишин камсыздаган. Албетте, бул ошол кезде чоң эрдикти талап кылган иш эле. М.Ауэзовдун өмүрү Ч.Айтматовдун адабий сыйлыктарды алганын көргөнгө жеткен жок. Ал 1961-жылдын июнь айында каза болду. Ч.Айтматов башка казак жазуучулары менен достук карым-катышын улантты.
Атап айтканда, З.Кабдолов, К.Нурмаханов, Т.Ахтанов, К.Мухамеджанов, С.Бердикулов, Ш. Муртаза, М.Шаханов, А.Кекилбаев, Н.Оразалин өңдүү жазуучулар менен тыгыз байланышта болгон. Бул байланыштар адабияттагы чыгармачылыкты гана эмес, эки боордош элдин достугун чыңдоого, адамдык баалуулуктарды өнүктүрүүгө кызмат кылды.
Мына ушул ак ниет достуктун негизинде биргелешкен адабий чыгармалар да жаралган. Мисалы, Ч.Айтматов менен Калтай Мухамеджановдун достугунан жаралган “Көк дөбөдөгү жолугушуу” китеби. Анын казак акыны Мухтар Шаханов менен болгон ынак достугу, алардын «Күз башындагы аңчынын ыйы» жана «Сократты эскерүү түнү же мангыбаш терисинин үстүндөгү сот» аттуу чыгармаларынын жаралышына себеп болгон.
Ч.Айтматовдун кээ бир романдары менен аңгемелерин казак жазуучуларынын шыктандыруусу же казак турмушунан алып жазгандыгы да белгилүү. Маселен, Ч.Айтматовдун «Кызыл алма» повестин жазууга белгилүү казак окумуштуусу З.Кабдолов түрткү болгон. Ошондуктан Ч.Айтматов бул повестти Кабдоловго арнаган.
Бакберген Досманбетов Люксембургда элчи болуп турган Ч.Айтматовдун өзүнөн алган маалыматка караганда, анын “Кылым карытар бир күн” романы бир казак карыя-нын аңгемелеринен улам жаралгандыгы айтылат. Романдын өзөгү 1970-жылдары Москвадан поезд менен келе жатып кездешкен карыянын сөзүнөн келип чыккан. Бирок романдагы маңкурт окуясын Кыргызстандан уккан.
Ч.Айтматовдун чыгармаларын котормочулардын бири Н.Ками: “Чыңгыз Айтматов кыргыз адабиятына канча кызмат кылса, казак адабиятына дагы ошончолук кызмат кылды” – деп келип, сөзүн мындайча улантат: “Анын жазуучу катары эң улуу сапаты – турмушта жолуккан же тарыхтын четинде калган айрым жагдайларды биз да билебиз. Демейде, биз аны ошол бойдон калтырабыз. Ал эми Айтматов буларды чыгармаларында дүйнөлүк көйгөйлөр катары көрсөтө алды».
Ч.Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн дээрлик бардык тилдерине которулган десек жаңылышпайбыз. Анткени, анын романдары 200дөй тилде жарык көргөн. Жазуучунун бардык чыгармалары казак тилинде чыккан. Ч.Айтматовдун чыгармаларынын казакча котормолорунун маанилүү өзгөчөлүгү – алардын котормосунун сапаты өтө жогорку деңгээлде болгондугунда. Бул чыгармаларды алардын башка тилдердеги котормолору менен салыштыргандар казак тилиндеги котормонун жогорку деңгээлине таң калышат.
Неге? Анткени, анын чыгармаларын казак тилине которгон Шерхан Муртаза менен Калтай Мухамеджанов — ары чебер котормочулар, ары казак адабиятынын көрүнүктүү жазуучулары. Анткени баары Айтматовду жакшы көрүшөт жана достору болуп саналат. Анын чыгармаларын которуу алар үчүн сыймык жана аброй болуп эсептелет. Мындан тышкары чыгарманын тилин, мазмунун жакшы билишет. Башка өлкөлөрдө мындай мүмкүнчүлүк жок.
Белгилүү жазуучунун 2008-жылдын 10-июнунда каза болушу бүтүндөй түрк дүйнөсү сыяктуу эле казак элине да катуу тийди. Казакстан Жазуучулар союзунун ошол кездеги төрагасы Нурлан Оразалин көңүл айтуусунда: «Мындан 30 жыл мурун жазуучу элүүгө чыкканда казак жаштары гезити («Ленинчил жас», 12.12.1978) Чыңгыз Айтматовду «Адамзаттын Айтматову» деп атаган, кийин бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн адабиятынын жарык жылдызына, Чыгыштын Чыңгызына, заманыбыздын залкар жазуучусуна айланган Чыңгыз Айтматов сексен жылдыгына алты ай жетпей, жарк этип бул өмүр менен кош айтышканда, суук кабар казак элин да теңселтип кетти. Казак элин гана эмес, Азиянын айдыңдуу төрү менен Ала-Тоонун айбатуу мөңгүлөрү солк эткендей
болду” .
Айматовдун негизги котормочуларынын бири Шерхан Муртаза: «Чыңгыз эми мындан 900 жылдай мурун жашаган Чыңгыз хан менен табышкан чыгар. Ал дүйнөнүн жарымын кылыч менен багынткан болсо, бул Чыңгыз бүт дүйнөнү калеми менен багынтып алды. Руху өчпөс бул алптар эки дүйнөдө тең жаркырайт» – деп аны дүйнөнүн падышасы Чыңгыз ханга теңештирген.
Жыйынтыктап айтканда, Ч.Айтматов ар тармактагы казактар менен терең жана бекем достук мамиле түзгөндүгүн көрөбүз. Мунун себеби эмнеде? Албетте, мунун көптөгөн себептери болушу мүмкүн. Балким, жазуучулук жолунун башында казак адабиятынын улуу ысымы Мухтар Ауэзовдун колдоосуна ээ болуу, анын өзүнө да, башка калемдештерине да ишенимдүү болууга үйрөткөн чыгар. Буга тектеш эки элдин, казак менен кыргыздын тарыхый жана маданий жакындыгы таасир эткен болушу да мүмкүн.
Биздин оюбузча, эң маанилүүсү Ч.Айтматовдун эки маданиятты абдан жакшы билгени жана кабыл алгандыгы ошончолук, аларды өз маданияты деп эсептеген. Адамдар ортосундагы достукту чыңдоо үчүн алар бири-бирин жакшы билиш керек. Бири-бирин тааныбаган, боор толгой албаган адамдардын ортосунда кантип достук болот?
Муну Чыңгыз Айтматовдун казак калкы жана андагы калемдештери түзгөн бекем жана терең достугу ачык-айкын көрсөтүп турат. Ошондуктан Евразия элдеринин ортосунда бекем достукту орнотуу үчүн элдердин, айрыкча интеллигенция коомунун бири-бири менен тыгыз байланыш түзүшү, маданиятын таануусу абдан маанилүү деп айта алабыз.
Казактын да, кыргыздын да уулуна айланган Ч.Айтматов эки элдин колдоосу менен дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу болду. Демек, казак менен кыргыз Ч.Айтматовдой достугу, кызматташтыгы бекем болсо, албай турган сепили, ашпай турган ашуусу жок десек жаңылышпайбыз.
Казакчадан которуп даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”