Бактыгүл Чотурова “Кыргыз Туусунда” көп жылы иштеп, гезит тарыхына өз изин калтырган белгилүү журналисттерибиздин бири. Ал гезитибизге маек куруп берди.
– Бактыгүл эже, “Кыргыз Туусу” гезитине кайсыл жылдары келип иштеп калдыңыз?
– «Кыргыз Туусу» гезити жалпы Кыргызстандын эли үчүн бул – тарыхый очок. Себеби, биринчи жолу кыргыз элине басма сөздүн булагы, башаты болгон гезит. Бир кылымга толуп аткан юбилейлик курагы да ушуну айтып турат. Бир кылым деген оңой эмес да.
Эсимде, мен мектепте окуп жүргөндө “Советтик Кыргызстан” (“Кыргыз Туусу”) гезитинин почтого келишин чыдамсыздык менен күтүп, биринчи эле кимдин ыры чыкты деп кызыкчумун. Ушул гезитте өзүм иштеп калам деген ой анда таптакыр жок эле. Кийин айылдан келип, ырларымды чыгарып калаар бекен деп «Кыргыз Туусунун» редакциясына келип, кайсыл эшикке кирсем деп коридордо ары-бери басып жүрүп, тартынып кирбей кетип калган күндөрүм да болду. Кийин эстеп күлүп жүрдүм. Бул гезитке 1997-жылы келдим. Ал убакта мамлекетибиздин эгемендүүлүгү жашыраак болуп, жашоо да бир аз кыйыныраак кез эле.
– Гезиттин маданият бөлүмүн жетектептирсиз. Ошол кездеги адабияттын, маданияттын алптары менен эчен маектешип, эчен кеп-кеңештерин угуп калсаңыз керек?
– Гезитте 19 жыл эмгектендим. Ушул убакыт аралыгында «Кыргыз Туусунан» көп сабак алдым, чыгармачылык жаатта өстүм. Бул гезиттин жамаатына таазим кылам. Себеби, ушул жерге келип, нан таап жеген журналисттик кесипти өздөштүрүп, аны дилгирлик менен аткардым деп эсептейм. Экинчи канатым болгон жеке чыгармачылыгым да ушул гезиттен өстү. Мен жаңы келгенде гезиттин маданият бөлүмүн Бекбай Алыкулович жетектечү. Ал ушунчалык кенен, Кудай берген киши болчу. Ошол кишинин сабырдуулугун, акылдуулугун, кимге кандай мамиле кылуу керектигин, көп жакшы жактарын үйрөндүм. Ал кишиден кийин маданият бөлүмүнө жетекчи болуп калдым. Бекбай агайдын жанында кыргыз адабиятынын корифейлеринин бири, акын, драматург, котормочу, залкар талант Эрнис Турсунов агай да бар эле. Ушул эки инсандан мен журналистика жаатында көп нерсени үйрөндүм. Эрнис агай абдан тамашакөй, сөзгө мурч кошуп сүйлөгөн адам эле. Кыргыз адабиятын, мадания-тын, тарыхын семичкедей чаккан киши эле. Сүйлөп берсе аңгеме айтып берип аткандай кызыгып тыңшачумун.
Биздин маданият бөлүмүнө кимдер гана келген жок. Советбек Жумадылов, Калый Молдобасанов, Жамал Сейдакматова, Болот Бейшеналиев, адабияттан Бексултан Жакиев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев баш болгон Анатай Өмүрканов, Мар Байжиев өңдүү кыргыз маданиятынын, адабиятынын, искусствосунун алтын галареясын түзгөн чоң-чоң залкарлар келди. Дагы санап отурсам өтө узун тизме болуп калат. Ошолордун сөзүн, тамашасын угуп, чыгармачылыктын сырын угуп олтуруп ушул даражага жеттим деп ойлойм. Жыпара Исабаева сиңдим экөөбүз бир кабинетте олтурчубуз. Керээлден кечке ат тезегин кургатпай аксакалдар келчү. Ошолордун ар бир айткан сөзү бизге чоң тарбия болду. Жалил Садыковдун кандай сонун кеңештерин угуп калдым. Ошолордун таасири менен өзүмдөгү көрөңгөнү өстүрө алдым деп эсептейм. Эгерде андай залкарлар менен иштебесем, алардын сөздөрүн укпасам, алардын чоң чөйрөсүндө жүрбөсөм, балким мен өсө алмак эмесмин.
Мына ушул “Кыргыз Туусунун” куттуу үйүндө иштеп жүрүп мен көп жетишкендиктерге жеткениме абдан ыраазымын. Ушул жерде иштеп жүрүп, 15тен ашык китебим чыкты, “Маданияттын эмгек сиңирген ишмери” наамын беришти, чыгармачылыктын ийгиликтери менен Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчиктин “Алтын жылдызын» алдым, адабияттан Алыкул атындагы сыйлыкты, Казакстандын, ТҮРКСОЙдун сыйлыгын алдым. Кийинки жылдары “Кыргыз Республикасынын эл акыны” деген наам берилди. Ушунун бардыгына сыймык менен, урмат менен “Кыргыз Туусунун» түздөн-түз таасири болду деп айта алам. Мага бир кезекте Теңдик Аскаров деген профессор агай: “Сени ушул деңгээлге жеткирген – “Кыргыз Туусу”,-деп айтты эле. Эң туура деп ойлойм. Себеби, менин тагдырыма жаралган ийгиликтердин бардыгы “Кыргыз Туусунун” жамааты менен байланыштуу болду.
– Гезитке кандай белгилүү рубрикаларды даярдачу элеңиз?
– Гезитте “18 жаш”, “Күүгүмдөгү коңгуроо” аттуу элге тараган рубрикаларды алып чыкчумун. Бир жолу Сүймөнкул Чокморовдун 60 жылдыгына карата “60 сүрөт, 60 ыр” деген рубриканын алдында сандан-санга сүрөт, ыр жарыяламай болдук. Биринчи бул идеяны укканда “бир эле кишиге кайра-кайра ыр жаза берүү кандай болор экен, колумдан келээр бекен, келбес бекен” деп жүрөксүдүм. Балким, залкардын өзүнүн касиетиненби ар бир ырды ынтызарлык менен күтүп жазып аттым. Гезит алганы редакцияга чейин келген эл колумду кармап, ыраазычылыгын билдирип кетип жатышты. Кийин аны өзүнчө китеп кылып чыгардым. Көрсө, ошонун бардыгы чыгармачылыктын таасири, окурмандардын күтүүсү, баалоосу экен.
– Редакцияда кызыктуу окуялар көп эле болсо керек. Ошолордон эстеп айтып берсеңиз.
– Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов биздин редакцияга 2-3 жолу келди. Ага чейин чоң-чоң иш-чараларга журналист катары барып, Айтматов менен жолугуп калчумун. 2004-жылы Чыңгыз Айтматов редакцияга келгенде мен диктофон менен жаздырып аткам. Баары суроо беришти. Мен дагы суроо бердим. Интервью бүтүп, коллектив чогуу Айтматов менен сүрөткө түшөлү деп атканбыз. Карасам эле 4-класста окуган Эркингүл деген кызым дагы редактордун кабинетинде жүрөт. Көрсө, кызым теннистен келе жатып менин жумушума кайрылып калат. “Апам кайда?” – деп сураса, “тигил жакта”, – деп мени көргөзүшкөн экен. Келип эле: «Апа, Айтматовго айтыңызчы, мен дагы аны менен сүрөткө түшкүм келип атат», – деп калды. «Менин колум тийбей жатат, барып өзүң суранып көрчү», – десем. Барып: «Чыңгыз ата, сиз менен сүрөткө түшсөм болобу?» – деп сураса, «Ой сен дагы «Кыргыз Туусунда» иштейсиңби?» – деп күлүп, алдына алып олтуруп 2-3 вариантта сүрөткө түшкөн.
Дагы бир окуя эсиме түшүп олтурат. Жалил Сыдыков деген композитор бар болчу. Ошол киши бир күнү редакцияга кыргыз музыкасы тууралуу бир макала алып келиптир. Аны тердирип, секретариатка бергенбиз. Ал материал корректорлорго келгенде “Эмне үчүн Жалил Садыковду Сыдыков деп бересиңер?” деп туруп Садыков деп оңдоп, секретариатка жиберишет. Анан ал жактан макет жасап атышып, Жалил Садыковдун сүрөтүн коюп коюшат. Ошо менен гезит чыгып кетет. Кеткенде да ал биздин маданият бөлүмү аркылуу кетет. Эртең менен эрте Жалил Садыков агай чалып: “Ай Бактыгүл, бул кандай болуп кетти? Менин атымдан, сүрөтүм менен кошо материал чыгып кетиптир. Мен андай музыка тууралуу материал жазчу эмес элем”, – дейт. Жаңы чыккан гезитти көрө элек болчумун. Бирок, дароо түшүндүм. “Агай, кечирип коюңуз. Бизден жаңылыштык кетип калыптыр, эми түзөтүү беребиз”, – деп аны жайгарсак, бир маалда шашып-бушуп, кара терге түшүп Жалил Сыдыков кирип келди. “Эмне үчүн менин материалыма Жалил Садыковду сүрөтү менен кетиресиңер. Мен таштабадым беле”, – деп. Анан иштин чоо-жайын түшүндүрүп, кечирим сурап, түзөтүү берип, таарынычын араң жазганбыз. Ушундай окуялар да болуп турчу.
– “Интернет, технология-нын доору келди, гезит, басылманын заманы өттү” – дегендер бар. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
– Гезит, компьютер, интернеттин касиеттерин өз-өзүнчө ала жүргөн жакшы. Мисалы, интернеттин артыкчылыгы – каалаган информацияны тез алабыз. Өз убагында бүткүл дүйнөдөн кабар алып турууга мүмкүн. Бирок, интернеттин бир жери – күнүмдүктөй сезилет. Ал эми гезиттин түбөлүктүүлүк жагын эске алышыбыз керек. Гезит – кийинки муунга таалим-тарбия бере турган, элдин тарыхын, мадания-тын, салттуу, нускалуу жактарын өзүнүн бетинде чагылдырып, аны түбөлүктүү сактаган, бийик жерден орун ала турган элдин байлыгы десек болот. Каалаган күнү колуң менен кармап, окусаң болот. Кол менен кармап көргөндүн өзү башкача да. Адам менен тээ алыстан баш ийкешип койгондон көрө, кол кармашып учурашкандын өзү кандай жакшы. Гезит дагы ошондой. Аны кармап, барактап, сүрөттөрүн карап, гезиттин жытын сезип, окуган таптакыр башка. Ошондуктан эл үчүн, окурмандар үчүн гезиттин ыйыктыгын, түбөлүктүүлүгүн сактап калуу керек.
Көпчүлүк учурда гезиттин заманы өтүп кетти, информацияны тияктан-бияктан деле алам дегендер болот. Туура, ала берсин. Бирок, гезиттин өзүнүн орду бар. Ошону ала жүрсөк деп ойлойм. Айрыкча, «Кыргыз Туусунун» орду өзгөчө. Бул бир мезгилде чыга калып, кайра өзүн-өзү актабай калса жабылып калган эркин гезиттердин бири эмес, бул элдин тарыхын, тамырын кармап келе жаткан басылма. Ошондуктан мамлекет үчүн да мааниси чоң. Мамлекеттин, элдин тарыхын ушул гезиттен окууга болот. Андыктан мамлекет дагы, эл дагы ошол жагын ойлоп, “Кыргыз Туусунун” келечегин колдон түшүрбөй ала жүрүш керек деген пикирди айтат элем.
Ар бир мезгилдин өзүнүн каармандары болот экен. Биздин мезгилде 75, 80, 85, 90 жыл деп өткөрүп жүргөнбүз. Азыр эми 100 жылдыкта Мырзакат Тыналиев баштаган “Кыргыз Туусунун” жамааты жакшы тилек менен чуркап жүргөнүңөр эң жакшы, жагымдуу түйшүк. “Кыргыз Туусунун” 100 жылдыгында иштөөнүн өзү чоң тарыхый окуя, тарыхый тагдыр. Ошол тагдырыңар кут болсун! Өзүңөрдүн жашыңар да 100гө жетип, ынтымагыңар арта берсин. “Кыргыз Туусунун” 100 жылдыгы жалпы элибизге, мамлекетибизге, ушул жамаатка кут болсун!
Маектин видеоверсиясын «Кыргыз Туусунун» сайтынан жана ютуб каналынан көрүңүздөр.
Айгерим Качкынбекова, “Кыргыз Туусу”