Суббота, 27 апреля, 2024
6.1 C
Бишкек

Садыр Жапаров Franklin Templeton компаниясынын башкы инвестициялык директорун кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Franklin Templeton Глобалдык инвестициялык-финансылык холдингинин башкы инвестициялык директору Манрадж Секхон баштаган делегацияны кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өз ара кызыкчылык туудурган кызматташуунун келечектүү долбоорлору тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда эл аралык каржы уюмдары жана инвесторлор менен ар кандай тармактарда кызматташууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Кыргыз тарап инвестицияларды тартуу жана ишкердик чөйрөнү жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулат.

Өз кезегинде Манрадж Секхон өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди, ошондой эле Кыргыз Республикасында Улуттук бакубатчылык фондун түзүү боюнча идеялары менен бөлүштү.

Фонддун максаты — мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу, капиталды жана стратегиялык инвестицияларды тартуу, ошондой эле башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү болуп саналары айтылды.

Фонд Кыргыз фондулук биржасында жана глобалдык аянтчалардын биринде листингден өткөрүлөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында Улуттук бакубатчылык фондун түзүү идеясы президент Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынды.


Маалымат үчүн: Franklin Templeton компаниясы 1,5 триллион АКШ доллары активдери менен ири глобалдык башкаруучу болуп саналат. Бул рынокто ал 70 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат, 150дөн ашуун өлкөнүн кардарларына жардам берип, чоң тажрыйбага ээ жана дүйнө жүзү боюнча акциялар рыногунун чечимдерин камсыз кылат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар