Кыргызстанга Орусия өкмөт башчысынын орун басары келди

7-июнда Кыргызстанга Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Рогозин келди. Бул тууралуу өкмөттөн билдирди.

Аны «Манас» эл аралык аба майданынан Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.

Дмитрий Рогозин Бишкекке  8-июнда өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын XV жыйынына катышуу үчүн келди.