Суббота, 27 апреля, 2024
6.1 C
Бишкек

Иштөөгө ыңгайлуу болсо, иштин сапаты да жакшырат

20-апрелде КРнын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун имаратынын ачылышына катышты.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Токтосун уулу Каныбек, облустук соттордун, аймактагы жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялар, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.

З.Базарбеков белгилегендей, Кара-Көл шаардык соту аянты кенен, жайгашкан жери ыңгайлуу болгон имаратка көчүп кирди.

“Мындан эки жыл мурда Кара-Көл шаардык сотуна атайын келип, судьялар менен аппарат кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүн, сот залдарынын жана архив сактала турган жайлардын кейиштүү абалын көрүп кеткем.

Шаардык сот имараты жоктугунан эски бала бакчанын бир бурчунда жайгашып келген. Имараттын ички абалы өтө зээн кейитерлик акыбалда болчу.

Имарат сот кызматкерлеринин ишмердиги үчүн талаптарга жооп бербей турган абалда, чатырынын ар кайсы жеринен суу сарыгып, бөлмөлөрүнүн шыбактары түшүп, дубалдары көгөрүп, ным жыттанып, ыңгайсыздыкты жаратып келген. Атүгүл сот залдарынын төбөсү түшүп калуу коркунучунда турган.

Акыбалды көрүп, дароо Кара-Көл шаарынын мэри Талайбек Конкобаевди чакырып, аталган шаардык соттун кызматкерлери начар абалдагы имаратта иштеп жаткандыгын көрсөтүп, тез арада тийиштүү имарат караштырып берүүсүн айткам.

Мэр тарабынан шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты сунушталып, аталган имарат Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына шаардык мэрия жана шаардык кеңештин депутаттары тарабынан 2022-жылдын 24-октябрында өткөрүлүп берилген”, — деди ал.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул 1980-жылы курулган административдик имаратты оңдоп-түзөө иштерине 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.

Эки кабаттуу имаратта эми 2 судья, 7 аппарат кызматкери, 6 техникалык жана кенже тейлөө персоналдары эмгектенишмекчи.

Жакынкы арада Алай райондук сотунун ачылышы күтүлүүдө. Ал эми Кара-Суу райондук соту менен Таш-Көмүр шаардык сотторунун курулуш иштери башталып, дубалдары көтөрүлүп жатат.

Мамлекет башчысынын колдоосу менен жеткиликтүү жана ачык сот тартибин бекемдөө багытына ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, соттордун натыйжалуу иштешине ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткандыгын З.Базарбеков кошумчалады.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар