Суббота, 27 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

Азербайжан кыргызстандык студенттерге 5 квоталык орун бөлөт

Азербайжан 2025-жылдан тарта жогорку окуу жайларда бакалавриат программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына беш квоталык орун бөлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен  маалымдады.

Мындай макулдашууга 24-апрелде президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Эки тараптуу макулдашуу долбоорунда көрсөтүлгөндөй, акысыз окуган студенттерге стипендиялар төлөнөт. Ошондой эле Азербайжандын улуттук мыйзамдарына ылайык, медициналык тейлөө, окуунун тиешелүү шарттары, спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекстерди пайдаланууга укук берилет.

“Мамлекеттик сапардын алкагында, Баку мамлекеттик университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга да кол коюлду. Меморандумдун негизи билим берүү, илимий жана маданий тармактарда тажрыйба, окутуучулар жана студенттер менен алмашуу болуп саналат”, — деп айтылат маалыматта.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар