Пятница, 3 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Олимпиада жана дүйнө чемпиону Николай Чернецкий

Москва олимпиадасынын чемпиону, жөө күлүк Николай Чернецкий 1953-жылы Фрунзе шаарында спорттук үй-бүлөдө төрөлгөн. Ата-энеси учурунда жеңил атлетика менен машыгышып, 200 жана 400 метрге чуркоодо республикалык мелдештерде байгелүү орундарды ээлешкен.

Николайдын спорттогу жолу татаал болду. Ата-энесинин жолун жолдогусу келбеген өспүрүм жеңил атлетиканы жерип, атактуу футболчу болууну самады. Жарым жыл футбол ийримине катышып, анан ошол учурда жылдызы жанып, эл аралык, союздук мелдештерде мөрөй алып, Европа чемпиону аталып, Мехико олимпиадасына катышкан белгилүү суучул Ахмед Анарбаевдин жолун жолдогусу келип, сууда сүзүү ийримине жазылып, бассейнде машыгып жүрдү. Бир-эки жолу суу жутуп, чөгүп кете жаздаганда андан баш тартты. Анан курбулары менен баскетбол ийримине катышып, өзүнчө команда болууну чечишти.

Бирок, ал командалык оюндун ыгына көнө албады. Топту өзү гана алып жүргөндүктөн өнөктөштөрүнөн далай тил укту. Баскетбол менен алыска тааныла албасын, эл аралык аренага чыгыш үчүн күчтүү команда керек экенин түшүндү. Мектептер аралык мелдештерде утканы менен республикалык, союздук деңгээлге чыгуу кыйынга тураарын билди. Акыры 8-класста окуп жүргөндө Фрунзедеги Кара бакта өткөн жеңил атлетика боюнча мелдешке катышып, келечегинен үмүт кылган улан белгилүү устат Юрий Ушаковдун көзүнө илинип калды.

– Сен туура эмес дем алып, күч менен чымырканып чуркап жатасың. Бирок, ылдамдыгың дурус экен. Жакшылап машыксаң сенден мыкты жөө күлүк, чемпион чыгат. Талантың, шыгың бар экен, – деп ал жаш уланды шыктандырып, көкүрөгүнө ишеним отун жандырып койду.

Спортто өз ордун таба албай жүргөн уланга бул сөздөр майдай жакты.

– Сиздин спорт ийримиңизге жазылып, машыксам болобу? Туура чуркоону үйрөтөсүзбү? – деди дароо.

– Макул, бирок жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек. Эртеңден баштап кел, байкап көрөлү, – деди устат.

Ал күнү Коля үйүнө сүйүнүп барып, ата-энесине да «Силер жеңил атлетика менен туура эмес машыгып жүргөн экенсиңер да. Мен чемпион болуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытам, көрөсүңөр го”, – деди ишенимдүү.

– Ооба, кыйратасың! Сенин чемпион болгонуңду көрө жатаарбыз. Футболго бардың, андан майнап чыккан жок. Анан Ахмед Анарбаевдей чемпион болом деп, бассейинге барып, сууга чөгүп, өлүп кала жаздадың. Баскетболдо деле кыйраткан жоксуң. Сенин деги эле бир нерсеге чыдамың жок. Туруктуу эмессиң. Бир күнү чуркоодон дагы тажап, башкасына жөнөйсүң. Сага ишенүү кыйын, – деп атасы намысына тийип койду.

– Футбол менен баскетбол жамааттык оюн болгондуктан команда мыкты болуш керек экен. Мен өзүмдүн издегенимди таптым. Жеңил атлетиканы жеңил спорт деп маани бербей жүргөн элем. Көрөсүңөр, мен чемпион болом, – деди Коля.

– Биз туура эмес, эрежени билбей чуркап жүрсөк, ал учурда мыкты адистер, устаттар жокко эсе эле. Эми сен чуркоонун сырларын терең үйрөнүп, жалакай, жалкоо болбой тилегиңе жет, – деди апасы.

Колянын машыгууларды үзгүлтүккө учуратып, курбулары менен көчө таптап, киного кирип жүргөн күндөрү да арбын болду. Машыгууларга тийди-качты болуп жүрүп, биринчи разрядчы болгондо деле ата-энесине, машыктыруучусуна берген убадасын унутуп, шалаакы болуп жүрдү.

Мектеп окуучуларынын бүткүл союздук спартакиадасы босогодо турган. Устаты Юрий Васильевич Коляны командага кошуу же кошпоо боюнча далай ойлонуп, убайым тартты. Машыгууну үзгүлтүккө учуратып жүргөн уланга анча ишенбей, “Башка балдар таарынат” деп, күмөн санап турду. Бирок, ички сезими «Тобокелге баш байлап, байкап көрчү, таланттуу уландын келечеги алдыда» дегендей туюм жаратты. Ошентип аны мектеп окуучуларынын бүткүл союздук спартакиадасында сынап көрүүнү чечип, команданын катарына кошту.

400 метр аралыкка жарышта Николай Чернецкий марага экинчи келип, күмүш медаль тагынды. Лидерге эки гана секунд алдырып койду.

– Машыгууга өтө жооптуу мамиле кылуу керектигин эми түшүндүңбү? Машыгууга үзбөй келсең, алтын медалдын ээси болуп, үйүңө чемпион болуп барат элең, – деди устаты.

Ошондо гана Коля ата-энесине берген убадасын эстеп “Эми мындан ары машыгууну калтырбай, чемпион болом”, – деп өзүнө убада берди. Ошол мелдештен кийин гана Коля өзгөрүп, спортто жооптуу, так, туура мамиле кылуу керектигин билди.

– Же жакшылап машыгып, натыйжага жетип, чемпион болуу керек, же убара болбой, спорттон кетүү зарыл, – деп ишенимин бекемдеп, мелдештерде ийгиликтерди жарата баштады. Андан кийин уландар жана жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону аталды. 1977-жылы Вильнюс шаарында өткөн мелдеште 400 метр аралыкка чуркоодо Кыргызстандын рекордун жаңырткан. Ошол учурда анын көрсөткүчү 46,12 секунда эле. Союздук аренага да бат таанылып, адистердин көңүлүн бурду. Аны СССРдин жаштар тандалма командасына мүчө болууга чакырык келди.

Донецк шаарында өткөн жаштар арасындагы Европа биринчилигинде 400 метрге жарышта күмүш медаль тагынды. Советтер Союзунун тандалма командасынын машыктыруучулары Николайдын бардык аракеттерине тыкыр көз салып жүрүшкөн экен. Донецкидеги ийгилигинен кийин дароо аны Москвага чакырышты. Коля алардын шартына, чакырыгына дароо макул болгон жок. Себеби, ал Фрунзе шаарын, Кыргызстанды, ата-энесин, курбу-курдаштарын кыя албай турду.

– Чоң спортто, эл аралык, дүйнөлүк аренада ийгиликтерге жетүү үчүн мыкты адистерден таалим-тарбия алып, Москвага барууң керек. Атактуу спортчу, чемпион болом дечү элең, мына сага абдан чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөнү турат. Бизге кылчактабай Москвага жөнө, биздин тилди ал, – деп кеп-кеңеш берди атасы.

Мындай пикирди устаты Юрий Ушаков да айтты.

Ошентип, Коля Москвадагы Бүткүл союздук олимпидачыларды даярдоо борборуна кабыл алынып, даңазалуу устат Галина Бухаринадан таалим-тарбия ала баштады. Бир аздан кийин Москва мамлекеттик дене тарбия институтунун студенти болду. Бирок, ал жеңил атлетика федерациясынын жетекчилеринен анын жеңиштерин Кыргызстандын эсебине жазууну суранып, бардык мелдештерде кыргызстандык спортчу катары чыгып жүрдү.

1973-жылы жыйырма жашында Николай Чернецкий эл аралык аренада таанылып, советтик спорт үчүн ийгиликтерди жарата алды. Ал СССР – ГДР мелдештеринде жеңишке жетишип, Европанын кышкы чемпионатында күмүш байгелүү болду. Италияда өткөн эл аралык турнирдин баш байгесин утту. Ошондой эле 400 метр жарышта марага 46,12 секундада келип, бүткүл союздук рекордду жаңыртты. Бул рекорддук чекти бир нече жыл эч бир советтик спортчу кайталай алган жок. Мындан сырткары 4х400 метрге эстафеталык жарышта алтын байге утууга өзүнүн зор салымын кошту. Бул Болгарияда өткөн эл аралык турнирде Николай америкалык атактуу жөө күлүктөр Винсен, Тейлер, Харристи артка калтырып, чеберчилигин, мыкты даярдыгын, тубаса талантын көрсөттү.

Ал Универсиада оюндарында 400 мерт аралыкты 45,12 секундада чуркап өткөн. 1979-жылы кыргызстандык жөө күлүк Николай Чернецкий жаштар арасында Европанын чемпионатында алтын медаль тагынып, чемпион аталса, ошол жылы СССРдин чемпионатында 400 метр жарышта бардык атаандаштарынан алдыга озуп, жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, СССРдин чемпиону наамын жеңип алган. Машыктыруучу Ю.Ушаков таптаган бул жөө күлүк эл аралык мелдештердин көбүндө баш байгеге арзыган.

СССР спортуна эмгек сиңирген чебер Николай Чернецкий 400 метр аралыкка чуркоодо СССРдин чемпионатында 1979-1980-жылдары да жеңип, рекорд койгон. Жеңил атлетика федерациясынын жетекчилери ага ишеним артып, Москва олимпиадасына жолу ачылган.

Ошентип 1980-жылы Москва олимпиадасында 400Х4 эстафеталык жарышта СССРдин жөө күлүктөр командасы алтын медаль тагынышты. Алардын (Р.Валюлис, М.Линге, Н.Чернецкий жана В.Маркин) бири кыргызстандык болгону бизди да сыймыктандырган.

Николай табына келип турган 1979-1980-жылдары жабык стадиондогу жарыштарда Европанын чемпиондугун эки ирет жеңип алган жана дүйнөдөгү эң мыкты жөө күлүктөрдүн катарына кирген. Москва олимпиадасынан кийин дагы эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген.

1983-жылы Хельсинки шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 4х400 метр эстафеталык жарышта алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону аталган.

Тилекке каршы, ал чоң спорттон эрте кетүүгө аргасыз болду. Себеби, жарыштарда алган жаракат, тынымсыз машы-гуулар кесепетин тийгизди көрүнөт.

Кийин Москвада жашап, иштеп жүрдү. СССР ыдыраган 1990-жылдары Италияда машыктыруучу болуп иштеди. Карындашы Татьяна да СССРге эмгек сиңирген спорт чебери. Спорттун азыркы заманбап беш түрү боюнча дүйнө, Европа жана СССРдин чемпиону болуп, учурда Россияга эмгек сиңирген машыктыруучу. Николайдын жубайы Иоленде Чен да спорт ишмери, Россиянын эмгек сиңирген спорт чебери. Спорттун азыркы заманбап беш түрү боюнча дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүсү.

Кыргызстандын, СССРдин жана дүйнөнүн жеңил атлетика спортунун тарыхында Николайдын ысымы ар дайым сыймык менен айтылып келатат.

Олимпиада чемпионубуз Николай Чернецкий учурда Москва шаарындагы орто мектепте дене тарбия мугалими болуп иштеп, өспүрүмдөргө чуркоонун сырларын, ыкмаларын үйрөтүп жүрөт.

Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар