Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Бакай ОМОРОВ: «Кыргызстандын өнүгүү потенциалы чоң»

Бакай Оморов 2003-жылдан бери АКШда жашайт. Азыркы учурда чет элдик өнөктөштөрү менен бирге Кыргызстанга инвестиция тартып, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна салым кошуп жатат.

– Бакай, АКШга кайсы жылы бардыңыз?

– Мен Америкага 2003-жылы иштегени бардым. Ошол жылдары ал жакта кыргыздар аз болчу. Ар бир штаттан өкүлдөр шайланып, Кыргызстандын АКШдагы элчилиги менен тыгыз кызматташып иш баштаганбыз. Ошол эле жылы алгачкы кыргыз диаспоралары түзүлдү. Диаспоралар жылына бир жолу чогулуп, анда өткөргөн иш чаралар тууралуу ар бир мекендешке жеткирип турчубуз. Бул жактан баргандардын арасында жумушсуз калгандар жокко эсе болчу.

– Америкада канча кыргызстандык иштеп жүрөт деп ойлойсуз?     

– Болжол менен 100 000ге жакын. Көп жыл мурда баргандар азыр үйлүү-жайлуу болуп отурукташып калышты. Нечендеген мекендештерибиз Американын жарандыгын алган соң Кыргызстанга ээн-эркин келип жүрө беришет. Бирок, ал жакта төрөлүп өсүп, жакшы билим алган муундун өкүлдөрү тарыхый мекенине кайтпаса да, ата бабабыз жердеген Кыргызстан тууралуу интернеттен маалымат алып жашай беришет. Анткени, көптөгөн мекендештер Америкада биротоло жашап калууга ыңгайлашып баратышат. Ошого карабай, кыргыздын канында мекенчилдик сезим жогору экенин Азамат Алтай аганын тагдыры далилдеди. Ал Америкага өткөн кылымдын 50-жылдары барган. Бирок, ал кыргыздын нукура төл сөзүнүн бирин да унутпай, адабий тил менен сүйлөгөнүнө күбө болгом.

Бул 2003-жылдын күз айлары болчу. Мен жашаган Филадельфия шаарынан Эрбол Жантаев, жазуучу жана котормочу Ашым Жакыпбековдун уулу Улан Жакыпбеков, Жаныш Төлөгөнов, Автандил Ажимиталипов байкелер болуп ай сайын же эки айда бир ирет Азамат Алтайдын Нью-Йорктогу үйүнө барып, ал жайын сурап, чогуу чай ичип турушчу. Бир күнү ошол агаларга кошулуп мен да барып калдым. Анда Азамат Алтайдын 82 курактагы кези экен. Ал бир башкача көркөм, кыргыздын нукура адабий тили менен сүйлөп отурду. Ата Журттан алыста жашаса да эне тилдин бир да сөзүн унуткан эмес экен. Жубайы каза болгондо кыргыздар Азамат аганын жанында болушуп, тажыясына катышып, кой союп, куран окутушкан. Азамат Алтай жарым кылымга тете Америкада жашады. Ошол жылдары ал жалгызсырап отуруп: “Бул жакка кыргыздар келип иштесе, мен алар менен жолугушуп, чер жазып сүйлөшүп турсам экен”, – деген эңсөөсү, кыялдары кийин ишке ашты деп ойлойм. Ал Чыңгыз Айтматов менен абдан жакын мамиледе болуп, глобалдык саясий өзгөрүүлөрдөн баштап, тарыхый, адабий процесстерге тиешелүү улуу нерселерди сүйлөшүп турчу. А. Пушкин, Ю.Лермонтов, А.Токомбаев ж.б. дүйнөлүк жана кыргыз классик акындардын ырларын өзү жатка айтып туруп, биздей жаш балдардан: “Муну ким жазган?” – деп сурап коюп отурчу.

Азамат Алтай токсонунчу жылдары Кыргызстанга келип, Ата журтту көрүп кеткен. Көп жолу Кыргызстандан барган делегацияларды тосуп алып турчу. Кыргызстан тууралуу сөз кетсе эле, көзүнө жаш алып барып токточу. Анда мен 22 жашта болчумун. Тилекке каршы, ошол учурдагы жаштар аны менен жакындан сүйлөшө албай калдык. Ал Колумбия университетинде иштечү экен. Ысык-Көлдөн жакын жээни барып, анын өмүрүнүн акыркы күндөрүндө багып каралашып жанында болду. Азамат Алтайдын сөөгү Нью-Йоркко коюлду.

Мен Огайо штатында көп жашадым. Ал жакта кыргыздардын маданий борбору ачылган. Ошол жерге 2017-жылы Азамат Алтай атындагы китепкана уюштурулган. Анын жакын тууганы агайдын китептерин, кол жазмаларын ушул китепканага өткөрүп бермек болгон. Бирок, ковид башталып кетип иш токтоп калган. Буюрса, муну ишке ашырабыз деп ойлойм.

– Кыргыздар негизинен кандай жумуштарда иштешет?

– Американын университеттеринде иштеген профессорлорубуз көп. Ал жакта чоң компанияларды жетектеген кыргыздар бар. Кыргыздар аз болгонубуз менен ийгиликтер арбын. Биз кайда жүрсөк да намыскөй, креативдүү эл экенбиз. Мисалы, Садык Шернияз агабыз Лос-Анджелес шаарында Азия мамлекеттеринин дүйнөлүк кинофес-тивалын 9 жылдан бери жыл сайын ноябрь айында өткөрүп келе жатат. Эң мыкты фильмдерге Кыргызстандын “Ак илбирс” статуэткасын ыйгарып жатат. Бул Голивуддун “Оскар” сыйлыгына аналог түрүндө чыгарылган олуттуу кинофестиваль десек болот.

– Бүгүнкү күндө Американын эмгек рыногундагы жагдай кандай? Ал жакка мыйзамсыз жолдор менен кетип жаткандарга берер кеңешиңиз барбы?

– Эмгекке жарамдуу калктын сыртка агылуусу жылдан жылга көбөйүп жатат. А бирок, эмне үчүн мигранттардын Кыргызстанга которгон 2 млрд. доллар каражатынын көлөмү өсүп кеткен жок? деген суроо туулат. Барган сайын бул каражат азайышы мүмкүн. Анткени, Кыргызстанда алардын иштөөсүнө шарт түзүлбөгөндүктөн мигранттар чогулткан каражатына өзү иштеген өлкөлөрдөн үй сатып алып, жарандык алып жашап калууда. Биз болсок: “Кыргызстанда өзүмдү өнүктүрүүгө эч нерсе жок турбайбы”, – деп, чет өлкөлөргө чыгып кеткен муундун өкүлү болуп калдык. Азыр ойлосом, 2000-жылдары кыргыз коомунда негативдүү маалыматтар көп тарачу экен. Ал түгүл гитарист ырчы Сагымбек Момбековдун: “Сат, сат баарын сат!”, – деген көңүл чөгөрүүчү ырынын катуу таасиринде калганым эсимде. Ал эми азыркы күндө мага Кыргызстандын баалуу-луктары кашкайып көрүнө баштады. Мисалы, альпинизм үчүн 7 чоку, арча-карагайлуу бийик тоолор, дүйнөдө жок шаркырап аккан өзөн суулар туризмди өнүктүрүгө эң жакшы шарт түзүп жатат. Дүйнөдөгү эң бай адамдар Кыргызстандын туризм тармагына кызыгуусу артып келип жатышат. Чоң жана чакан ГЭСтерди курууга табигый шарттар бар болгону менен, квалификациялуу кадрларыбыз жок. Университеттерде, кесипчилик окуу жайларда кадрларды даярдабай, мигрант болуп акча таап келүүдөн башка жол көрсөтпөгөн чиновниктерге мен өкүнүч менен карайм. Америкада трак айдоо азаптуу жумуш. Андан ден соолугунан ажырап, жол кырсыгынан каза болгондор да жок эмес.

Акыркы 3-4 жылдан бери Кыргызстанга тез-тез каттап калдым. Анткени, бул жакта иштеп бай, бакубат жашоого боло турган зор потенциал бар экенин айтып, мекендештерге жеткире албай жатам. Мен 20 жылдан бери АКШда мигранттык турмуштун кыйынчылыгын да, ийгилигин да баштан өткөргөн адам катары айтсам, кээ бир жарандар: “Америкада өзүң эле жыргап жашагың келеби?” – деп ишенишпейт. Атүгүл өмүрүн тикелей тобокелге салып, мыйзамсыз жолдор менен Мексика аркылуу кетип жаткандар да бар. Кредит, карыз алып кетишип, депортацияланып кайткандарды аяп кетем. Албетте, ар кимдин тагдыры ар башка. Ошондуктан мен “Америкага баргыла!”, – деп үндөгүм келбейт.

– Көп жылдан бери Россияда иштеп, бизнести өнүктүргөн кыргыздар биригип, Бишкекте көп кабаттуу ипотекалык үй куруу боюнча долбоорду сунушташууда. А сиздерде ушундай ири долбоорлор барбы?

– Ооба, Америкада иштеген жигиттер болуп, өткөн жылы Сокулук районунун Шопоков шаарындагы 8 гектар жерге көп кабаттуу үйдүн курулушун баштадык. Ал эми 2022-жылы Бишкектин Кызыл-Аскеринде 14 кабаттуу турак жайды курууну колго алганбыз. Азыркы учурда курулуштун 20 пайызы бүткөрүлдү. Себеби, Бишкекте калктын саны 1 миллиондон ашты. Изилдеп көрсөк, шаардыктардын 30 пайызга жакыны батирди ижарага алып жашайт экен. Болжол менен Бишкекте 300 миңге жакын адам үйсүз. Ошондуктан шаарда турак жай маселеси курч бойдон калып жатат.

Биз баштаган иш Кыргызстанда мурда практикалана элек  Американын моделиндеги жаңы долбоор. Батирлер 10-15 жылга чейин бөлүп төлөнөт. Пайызы да, баштапкы төлөмү да болбойт. Буюрса, жаңы башталган ушул долбоор кийин заманбап шаарчага айланат. Себеби, Кыргызстанда курулуш компаниялары кардарларды кыйнап, ызы-чуусу түгөнбөй келе жаткандыктан ушул моделди үлгү катары көрсөткүбүз келди. Анын үстүнө, батирлерди толук курбай, кара шыбак менен кардарга өткөрүп берүү акылга сыйбаган иш. Кардарлар кайра чыгым тартып, өзү ремонттогон көрүнүштөн арылуубуз керек. Мындай көрүнүш өнүккөн мамлекеттердин стандартына туура келбейт. Мисалы, Америкада батирлерди толук ремонттоп, газ плита, муздаткычынан бери компания өзүнүн эсебинен орнотуп берет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 60 млн. квадрат метр турак жай жетпейт. Ошондуктан ушул технология өлкөбүзгө өз учурунда келди деп ойлойм. Анын үстүнө биздин долбоорду мамлекет да колдоп жатат. Чет мамлекетте көп жыл бою иштеген кыргыздар ал жактан топтогон тажрыйбасын Кыргызстанга ушинтип жайылтуучу учур келип жетти деп ойлойм.

– Андай болгондо компания өзүнүн кийинки курулушуна каражатты кайдан алат? Шаарда жердин баасы да кымбат эмеспи.

– Көп адамдар ушул суроону берип жатышат. Биз бул долбоорлордон киреше тапсак да, таппасак да курулуштун ушул стандартын өлкөбүзгө жайылтууга белсендик. Ал эми курулуш түшүп жаткан жерлер башынан эле жеке менчикке тиешелүү болчу. “Дөөлөт курулуш” компаниясынын долбоору БУУнун туруктуу өнүктүрүү максатынын (ЦУР)  программасы менен шериктеш иштеп жатат. Бул программаны ар ким эле колдоно албайт. А биз БУУнун билим берүү, медицина, жакырчылыкты жоюу, экологияны коргоо ж.б. өнүктүрүү программаларын комплекстүү турмушка ашырууга өттүк. Ал эми кардар толук бүтпөгөн батирди бир нече миң долларга өзү ремонттосо калкты жакырчылыктан чыгаруу программасынын пайдасы канча? Ушул долбоор дүйнөлүк стандарттарга туура келгени үчүн инвестиция тартуу жаатында эл аралык фонддор да бизге жардамга келип жатышат. Анын үстүнө бул долбоор эл аралык финансы институттардын талабына жооп бергени үчүн туруктуу өнөктөштөр колдоп жатышат. Элибиз кенен, сапаттуу заманбап үйлөрдө жашагысы келет. Ошондуктан 1 бөлмөлүү батирлер 45-50 чарчы метр, 2 бөлмөлүү батирлер 50-70 чарчы метр болуп курулууда.

Назира АЛИЕВА

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар