Пятница, 3 мая, 2024
21.1 C
Бишкек

28-марттан тарта карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте 28-марттан тарта карызын убагында төлөбөгөндөрдүн электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Карызы бар абоненттердин саны 6,2 миңден ашат.

«Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Турмуш-тиричилик абоненттер “Мой свет” тиркемесин уюлдук телефонуна жүктөп алып, өздүк эсеби тууралуу бүт маалыматты ала алат. Ошондой эле 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 күнү-түнү иштеп жаткан колл-борборуна чалып же 0556 001209 WhatsApp номерине жазып өзүнүн дебитордук карызын сурап билсе болот.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар