Суббота, 27 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси жаңыланууда

2024-жылдын 27 — мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2024-жылдын 28- апрелинде ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Лилиенталь Юлия Викторовнадан арыз келип түшкѳн. №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 28-мартында аяктайт.

Өзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү КР БШКга талапкердин ушул шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталуу ниети жѳнүндѳ арыз берүү жолу менен жүргүзүлѳт.

Саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү ар бир талапкер кѳрсѳтүлѳтурган шайлоо округун кѳрсѳтүү менен курултайда ишке ашырылат. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди кѳрсѳтүүгѳ укуктуу.

Эскерте кетсек Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-мартындагы Жарлыгына ылайык, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 28-апрелине дайындалды.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси

Талапкердин ФАА Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби Арыз тапшыруу датасы
1 Абдугапаров Авазбек Абибулаевич 11.03.1971 Убактылуу иштебейт Өзүн өзү көрсөтүү 25.03.2024 11:40
2 Балтабаев Абдивали Жакыпович 22.11.1964 ОшГУ, мугалим Өзүн өзү көрсөтүү 26.03.2024 10:30
3 Маматкулов Максатбек Борубаевич 06.05.1989 Ош шаардык кенешини депутаты Өзүн өзү көрсөтүү 26.03.2024 14:14
4 Эргешов Бекмурза Аскарбаевич (онлайн) 27.04.1974 Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын директору Өзүн өзү көрсөтүү 26.03.2024 16:47
5 Арзибаев Бекболот Осконбаевич 21.01.1985 Ош шаардык кенешенин депутаты Өзүн өзү көрсөтүү 26.03.2024 17:25
6 Бакир уулу Турсунбай 17.03.1958 Пенсионер Өзүн өзү көрсөтүү 26.03.2024 18:15
7 Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович (онлайн) 13.02.1961 Жактоочу, юридикалык кеңеш берүү Өзүн өзү көрсөтүү 27.03.2024 09:50
8 Лилиенталь Юлия Викторовна 12.07.1981 “Эгамберди Хаджы” фодунун директору Өзүн өзү көрсөтүү 27.03.2024 13:57

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар