Суббота, 27 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

Равшан САБИРОВ:«Өлкөдө тарыхый өзгөрүүлөр болууда»

Коомдук ишмер Равшан Сабиров менен маек.

– Равшан Азатович, акыркы 3 жылдан бери өлкөдө болгон  орчундуу окуялардын кайсынысын белгилейт элеңиз?

– Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодогу программасында Кумтөрдү мамлекетке кайтарып алуу боюнча айткандарына элдин көбү ишенген эмес. Чынында нечен жылдан бери чырдан башы арылбаган бул ишке калкты ынандыруу кыйын эле. Президенттик шайлоонун үгүт компаниясында региондогу аксакалдар: ”Жапаров акыйкат издеп, көп кыйынчылыктарды баштан кечирип жүргөн жигит. Буйрук болуп ал көпчүлүк добушка ээ болсо, чыныгы элдик Президент болоруна көзүбүз жетет. Ошондуктан биз аны колдоорубузду айта баргыла. Бирок, Кумтөрдү улутташтырабыз деген кыялыңар ишке ашабы же жокпу бул кыйын иш”, – деп күмөн ойдо калышса да, ак баталарын берип узатышкан.

Тилекке жараша, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана мыкты улуттук кадрлардан турган юристтер менен Президенттин командасы талыкпаган, тайманбаган иштерди тынбай жүргүзүүнүн натыйжасында Кумтөр көп жылдык соттук териштирүүлөрсүз мамлекетке алынды. Ошол күндөрү Кыргызстандын бул жеңишин Россия, Америка, Англия, Түркия, араб мамлекеттери ж.б. алыс-жакын өлкөлөрдүн мамлекеттик маалымат каражаттары суктануу менен чагылдырып жатышты. Ушундан баштап, көп мамлекеттердин лидерлери биздин өлкөгө да, Президентке да өзгөчө урмат-сый менен баа берген резонанстуу окуя болду. Бүгүнкү күндө Кумтөр бюджетти толтурууга, социалдык долбоорлорду турмушка ашырууга абдан чоң салым кошууда. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кумтөрдөн бюджетке түшкөн которуулар түшкө кирбегендей эселеп өстү.  Улуттук экономиканын алдыга жылуу процесси ушундан башталды деп эсептейм. Анткени, кыргыз бийлиги инвесторлордун баарына бирдей шарт түздү. Бизнес жаатындагы мыйзамдар ачык-айкын принципте иштөөгө өттү.

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин бири калбай инвестицияларга муктаж. Учурда бизге инвесторлор келе баштады. Анткени, мамлекет башчы кайсы өлкөгө барбасын, ал жакта бизнес чөйрөсү менен жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн өзү баштап жайылтып жатат. Жакында Президент С.Жапаров бизнести текшерүүгө карата мораторийди 2024-жылдын аягына чейин узартуу боюнча жарлыкка кол койгону жакшы иш болду. Мында кылмыш иши козголгон мекемелерди гана текшерүүгө уруксат берилет. Мен Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттикти жетектеп турганда, чет элдик инвесторлор өздөрүнө карата жасаган бийликтин мамилесине суктанганына күбө болгонмун. Инвесторлорду мамлекет башчы өзү кабыл алып, бизнеске болгон мамиленин өзгөргөнүн айтып, алар менен сүрөткө түшүп шыктандырып жатканы да ишеним туудурган иш деп эсептейм.

Андан тышкары, Элдик Курултай институту туруктуу калыптанып бара жатат. Буга да өз учурунда: “Парламентти кайталаган дагы бир жыйындын эмне кереги бар?”, — деп каршы болгон саясатчылар четтен чыккан. Тилекке жараша, эки жылдан бери Президент Элдик Курултайга өзү баштан аяк катышып, ар бир делегаттын сөзүн жазып алып, алардын аткарылышын жеке көзөмөлүнө алууда. Өткөн жылдагы Курултайда делегаттар көтөргөн маселелердин канчасы аткарылды, канчасы аткарылуунун үстүндө экени боюнча Президент отчет берди. Өлкөдөгү  ушул процесстер: “Президенттик башкаруу киргизилсе, демократиялык принциптерден тайып кетебиз”, – деп айткан адамдарга бул айдан ачык жооп болду.

Артта калган 3 жылда 200дөй мектеп курулуп, жаңыланды. Приватташтырылган бала бакчалардын имараттары мамлекетке алынып, жаңы бала бакчалар курулуп жатат. Бүгүнкү күндө ички аба каттамдарын калыбына келтирүү иштери башталды. Бишкек, Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл ж.б. аймактардагы аэропорттордун кээ бири модернизацияланып, айрымдары жаңыдан курулууга өттү.  Жалал-Абадда жаңы аэропорт үчүн жер бөлүнүп, быйыл анын курулушу башталганы турат. Учурда “Торугарт”, “Эркештам” чек ара посттору санариптештирүүнүн алкагында онлайн системасына өткөрүлүп, чырмалышкан коррупцияга бөгөт коюлууда. Салык системасы заманбап технологиялардын тутумуна батыл кирди. Ушул процесстердин бардыгы бюджеттин көтөрүлүшүнө чоң салым кошуп, өткөн жылы Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ИДПнын көлөмү 1 трлн. сомдук чектен ашты. Кыргызстанда ишке ашырууга даяр болгон энергетика, жол инфраструктурасы, саламаттык сактоо, айыл чарбасы ж.б. тармактар боюнча бир нече ири долбоорлор бар. Быйыл Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору ордунан жылганы турат.

Өзгөчө саясий коррупцияны демонтаждоо, уюшулган кылмыштуу топторго (УКТ) каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү команда иштөөдө. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: “Кээ бир адамдар: “Эмне үчүн УКТга каршы мурда ушундай күрөш жүргүзгөн эмессиңер?” – деген суроо берип жатышат. А биз “караларга” каршы күрөшкө 2 жыл даярдык көрдүк”, – деди. Көп жылдан бери Кыргызстандагы кылмыштуу топтор кыргыз ишкерлерине да, чет элдик инвес-торлорго да күн көрсөтпөй талап-тоноп келишкен.

– Президент С.Жапаров кыргыз-тажик чек арасы ушул жылдын жаз айларында такталарын айткан эле. Мындай   билдирүүгө оюңуз кандай?  

– Мамлекет башчынын минтип ишенимдүү билдиргенине караганда, иш олуттуу өңүткө өттү деп ойлойм. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 12-январда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча Кыргызстандын, Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун Баткенде жолугушуусу болду. Анда эки тарап принци-
пиалдуу маселелер боюнча бирдиктүү чечимге келишти. Көп өтпөй эки тараптын делегациясы кайрадан жолугушуп иш алдыга жылып жатканы кабарланды. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасынын делимитациялоо процесси аяктаган сыяктуу эле, бул маселеде дагы элибизди кубандыра турган учур алыс эмес. Буюрса, кошуналар менен чек ара көйгөйү такталып бүтсө, бул Кыргызстандын тарых барактарында кала турган ири окуялардын бири болуп калат. Жандоочу кийик аттырат дегендей, Президенттин тапшырмасын так аткарып, 1 сантиметр жерге чейин карталарды тарыхый документтер менен далилдеп Камчыбек Ташиев бардык аракетин жумшап жатат. Баткен облусуна 3 жылдын ичинде бюджеттен 3 млрд. 726 млн. сом бөлүнүп, Капчыгай, Достук айылдарынын инфратүзүмдөрү оңдолуп жаңыланды. Эң башкысы, элдин тынч, бейпил жашоосуна эч нерсе жетпейт. Баткенге инвесторлордун келүүсүн шарттаган өзгөчө макам берилип, салыктардын бир нече түрүнөн бошотулду. Азыркы бийликтин мындай өтө оор ишке саясий эрки жетип жатканына күбө болгон коомчулук колдоого алууда.

– Садыр Жапаров өткөн жылы жаштар форумундагы сөзүндө: “Мен көп нерселерди кечире алам. Бирок, элибиздин байлыгын жана келечегин уурдагандарды эч качан кечирбейм”, – дегенин кандайча түшүндүңүз?

– Ар бир жакшы иштин артында сын айткан оппозициячыл топтордун чыгып турушу коомдо кадыресе көрүнүш. Тилекке каршы, алар сырттан карап туруп “эксперт” болуп алышканы өкүндүрбөй койбойт. Ошол саясатчылар сындаган иши боюнча өздөрүнүн программасын, идеяларын, долбоорлорун сунушташса, эл деле аларды туура түшүнмөк. Бирок, андай болбой жатат. Президенттин элге жакындыгы, адамгерчиликтүүлүгү, жөнөкөйлүгү бар үчүн алардын айрымдарын кабыл алып көрдү. Артта калган 3 жыл ичинде ал мурда өзүнө душмандык кылып сүйлөгөн саясатчыларды да бооруна тартып, аргументтерин угуп, ал түгүл кызмат берди. Кечирди. Менин оюмча, инсандык улуу касиеттерге ээ адам кек сактабайт.

– Сиз Кыргызстан калкынын ассамблеясынын этностук лидеринин бири катары өлкө аймактарында көп болосуз.  Айтсаңыз, азыркы бийликтин социалдык программаларына эл ичинде кандай баа берилип жатат?

– Инфляцияга карата тышкы таасирлер чоң болгонуна карабай, өлкөдө пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлдү. Бир мисалды айтсам, өткөн жылы пенсия 38 пайызга жогорулаганы абдан жакшы болду. Анткени, айыл жерлеринде ата-энесинин пенсиясынын көзүн караган үй-бүлөлөр али арбын.

Президент мамлекеттик ипотекалык компаниянын багытын олуттуу өзгөрттү. Акыркы 3 жылдан бери 1500-2000ге жакын жаран турак-жайлуу болуптур. Мурда Мамлекеттик ипотекалык компания банк болуп эле иштеп жаткан. Жарандар 14 пайыздык кредит алып, үйдүн наркынын 30 пайызын алдын ала төлөшчү. Бирок, Президенттин демилгеси менен мунун баары жоюлуп, социалдык долбоор катарында 4 пайызга түшүрүп жатат. Алдын ала акча төлөтпөй, батирдин канча бөлмө экенине жараша 15-25-жылга чейин төлөп бүтө тургандай шарт түзүлүүдө. Азыркы күндө өлкө боюнча 13 000 адам кезекте турат экен. Буюрса, 2024-2025-жылдар ичинде ушул жарандардын бардыгын турак-жай менен камсыздоо планы коюлуп жатат. Ал эми 2030-жылга карата мамлекеттик кызматкерби, базарда соода кылган адамбы же мигрантпы, айтор, бардыгын турак-жай менен камсыздоо тууралуу пикирин Президент жаштар форумунда айтты. Анткени, жаштардын көпчүлүк бөлүгү үй сатып алуу үчүн мигрант болуп кетип жатышканы чындык. Учурда ипотекалык үйлөрдү облустар, райондор жана шаарларга куруу башталды.

Президент спортту кеңири жайылтууга өзгөчө көңүл буруп, мындай иш-чараларга өзү да активдүү катышып жүрөт. Ал кыргызстандыктарды жаңы жыл майрамы менен лыжа талаасында куттуктаганы калкты спортко дем бергени деп түшүндүм. Айталы, 6 ай сайын ойнолуучу футбол оюндарынын “Мурас” турнири 4-жолу өткөрүлдү. Ага Президенттик администрациянын кызматкерлеринен баштап, министрликтер, облустук жана райондук администрацияларга чейин тартылууда. Мындай иш-чаралардын калктын ден соолугун чыңдоодо орчундуу орду бар экенин эч ким тана албайт. Кыргыз футболу эл аралык алкакта айрым ийгиликтерге жетишип калды. Андан тышкары, биздин балбан жигиттерибиз, кыздарыбыз дүйнөлүк аренада Кыргызстандын туусун желбиретип жатышат. Мындайда кубанычтын көз жашын чыгарбаган адам болбос. Өлкөбүз тарыхый окуяларга байы-ган учурларды Жараткан бизге кут кылсын.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар