Суббота, 27 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

Философия илимдеринин доктору, коомдук ишмер Клара АЖИБЕКОВА: “Коррупцияга каршы күрөш күчөтүлдү”

– Клара эже, сиз акыркы 3 жылда өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болду деп ойлойсуз?     

– Эң алды менен армияны, УКМКны, ИИМди жана чек ара кызматын күч-төндүрүүнү  улантышыбыз керек. Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы К.Ташиев күч түзүмдөрүн заманбап техникалар менен камсыздап жатышат. Азыркы күндө күч структуралары үчүн бардык аймактарда имараттар, үйлөр курулуп, оңдолуп, кызматкерлерине батирлер берилүүдө. УКМКнын төрагасы К.Ташиев: «Өлкөдө коопсуздук камсыздалса, өсүп-өнүгүү болот. Көп жылдан бери УКМКга көңүл бөлүнбөй келген. Кызматкерлери ар түрдүү имараттарга, үйлөргө, китепканаларга жайгашып иштешчү. Бирок, эч кандай өзүнчө имарат курулган эмес. Азыр коопсуздук кызматкерлерине өлкө боюнча 50гө жакын имарат курулуп, 100гө жакын автоунаа сатып алынып, заманбап техникалар менен жабдылды. Мунун бардыгы мамлекеттин менчиги”, – деп айтканына кошулам.

Айрыкча чекисттердин жана чек арачылардын айлык акылары эселеп көтөрүлсө дагы колдойт элем. Анткени, дүйнөдө согуштар токтобой, геосаясий абал курчуду. Көп жылдан бери сырттан миллиондогон гранттарды алган бейөкмөт уюмдар өз уставынан тышкары иштеп, кожоюндарынын тапшырмасын аткарып жатышат. Постсоветтик респуб-ликаларда өткөн жоогазын революциялар ар кандай фонддор аркылуу тыштан каржыланып келгени эч кимге жашыруун болбой калды. Мунун 30 жылдан бери Кыргызстанда болгон кандуу окуяларга да тиешеси бар.

Андан тышкары, маалымат айдыңын капчыгын толтуруу максатында колдонуп, өлкө коопсуздугуна каршы иштегендер тууралуу мамлекет башчы ачык айтып, туура кылды. Айтор, ач курсак тоюнат экен. Бирок, өлкөнүн коопсуздугунан өткөн байлык жок. Бүгүнкү күндө чек арачы болуп иштөө артыкчылыктуу болуп бара жатат. Мамлекет алардын маяналарын 80 000-100 000 сомго чейин жеткирип, материалдык жана моралдык колдоого алууда. Союз ыдыраганда мурдагы бийлик вертолётторду, аскер техникаларын тышка сатып жиберишкенин коомчулук билет. Бүгүнкү күндө тышкы жана ички чалгындоо иштерине бардык шарттарды түзүп коюп, аларга талапты да катуу коюу керек.

Акыркы 3 жылда өлкө экономикасы көтөрүлө баштады. Президенттин демилгеси менен социалдык контракт системасы киргизилип элди жакырчылыктан чыгаруу колго алынды. Көп жылдан бери үй куруп жашаганы менен участогу мыйзамдаштырылбай келе жаткан жарандарга өлкө боюнча кызыл китептери берилди. Учурда экономикалык коррупцияга каршы күрөш жакшы натыйжа бергендиктен, ИДПнын көлөмү 1 трлн. сомдон ашты.

– Бийликтин көмүскө экономикага каршы күрөшүн кандай баалайсыз?

– Базарлардагы контейнерлердин ижара акысын өтө кымбаттатып, ККМ, ЭТТМди колдонууга каршы ишкерлерди митингдерге тымызын тукургандарга карата чаралар көрүлгөнү абдан туу-ра болду. Ал жердеги көмүскө байлар базарларга жол, суу, ашкана, ал түгүл тыңыраак даараткана курбай, капчыгын толтуруу менен гана алек болуп келишиптир. Алардын коррупциялык иштерин жашырган салык кызматкерлери кармалууда. Азыркы учурда базарлардагы миллиондогон көмүскө каражаттар бюджетке түшүрүлө баштады. Бирок, андагы кредитке батып, кышкы суукка тоңуп соода кылган ишкерлерди аяп, Президент патент системасын ушул жылдын июлуна чейин узартты. Жылдык соода жүгүртүүсү 8 млн. сомдон ашпаган ишкерлер салык төлөөдөн бошотулса, эми ал сумманы 15 млн. сомго чейин көтөрүп берди. Өткөн аптада мыйзамсыз иштери менен ишкерлерди көп жылдан бери кыйнап жүргөн “Берекет гранд” базарынын ээси Б.Бегалиев күч органдарынын кылтагына илинди. Качып жүргөн саясатчы А.Шадиевдин “Баткен комфорт” базарынын 61 пайыз үлүшү мамлекетке өттү.

Азыркы бийлик уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүгө, коррупциялык кылмыштардын бетин ачууга саясий эрки жетип жатат.

Президент С.Жапаров ар кайсы тармактардагы чырмалышкан коррупцияны жоюу боюнча берген убадасын четинен аткарып жатканын тана албайбыз. Мисалы, ал өткөн жылдын сентябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Жыргалаң” курортуна барганда Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчилерин катуу сынга алып, көп жылдан берки коррупциялык иштеринин бетин ачты. Совет жылдары курулган курорттор кароосуз калган. Ошондон бери 6,5 млрд. сом каражат түшсө да, 1 дагы санаторий жаңыланбаптыр. Аларга мурдагы бийликтердин бири да көңүл бурушкан эмес. Профсоюздун жетекчилери кызыл чеке болуп мушташып, төраганын ордун талашып, олчойгон маяна алгандан башка дээрлик иш жүргүзүшкөн эмес. Профсоюз федерациясына тиешелүү 134 объектини сатып жиберишкен. Ал эми профсоюздун мүлктөрү сатылууга тийиш эмес болчу.

Азыр профсоюздардын кыңыр иштерин Башкы прокуратура менен Эсептөө палатасы текшерүүгө өттү. Учурда эскилиги жетип, адам чыдагыс абалга келген санаторийлердин бардыгын мамлекет кайра куруп, жаңылоону колго алып жатат. Андан кийин бардыгы санариптештирүү тутумуна кошула турган болду.

Мамлекет башчы Бишкектин түштүк тарабындагы “Ала-Арча” жаратылыш паркын мисал келтирди. Бул парк жаңыланып кайра курулганга чейин бюджетке жылына 25 млн. сом түшүрүп турган. Санариптештирүү тутумуна кошулгандан кийин 75 млн. сом которуп жатыптыр.

“Жыргалаңдагы” жаңы  курулган коттедждерге бюджеттен 150 млн. сом жумшалган. Эми мамлекет ушундай дагы 15 санаторийди жаңы курганы жатат. Кезек “Жети-Өгүз” курортуна жетти. Андан соң “Ысык-Ата” курорту да колго алына турган болду. Булар жыл бою иштеп турса, тез эле чегерилген каражатты актайт.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
«Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар