Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Калыгул Бай уулу

Белгилүү сынчы, адабиятчы, жазуучу, филология илимдеринин кандидаты Шаршенбек Үмөталиев агабыз азыр катарыбызда жок. Бирок, ал калтырып кеткен илимий-адабий мурастары, көркөм чыгармалары улуттук адабиятыбызды байытып турат.

Ал эми окумуштуу катары Калыгул Бай уулу тууралуу  төмөнкү макаласы, бул легендарлуу инсандын ким болгондугу, чыгармачылыгы, калтырган мурастары боюнча түшүнүгүбүздү дагы толуктап турат десек жаңылышпайбыз. 

ХIХ кылымдын биринчи жарымында кыргыз элине бөтөнчө кеңири белгилүү болгон акын – Калыгул Бай уулу. Ал чыгармалары бүт болбосо да, кээ бир нускалары менен өз атында сакталган кыргыздын эң туңгуч акыны эсептелет. Көркөм сөз искусствосунда ага чейин биздин кыргыз элинде болгон акын менен чечендердин, же ырчылардын аттары аталган менен алардын алгылыктуу чыгармалары жок, эгер бар болсо да өтө аз санда жана алардын да авторлугу кээде бири-бирине оошо берет, атүгүл кайсы мезгилдерден туулуп жашагандыктары жөнүндө жарытымдуу даректер да жок.

Мисалы, Калыгулга чейинки көркөм сөздө өнөрпоз Асан кайгынын, Санчы сынчынын, Жээренче чечендин, дагы башкалардын аттары менен чыгармалары реалдуулуктан көрө легендага жакыныраак.

Белгилүү фольклорист Ыбырай Абдыракманов атактуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун Калыгул жөнүндө төмөнкүлөрдү айтканын жазып калтырган: “Калыгул акын кыргыз акындарынын атасы эсептелет. Андан мурда эл журтка маалим ырлары сакталган биринчи кыргыз акынын уга албадык”.

Калыгул (оң бетинде калы болгондуктан ушундай ат коюшкан) 1785-жылы (эскиче жылан жылында) түндүк кыргызынын сарбагыш уруусундагы букаралашып кеткен манап насилинен туулган. Атасы Дөөлөт кедей болгон. Жалпы жонунан сарбагыш уруусундагы «Надырбек уулдары” дешкен.

Калыгул жети жашка келгенде бардык арка кыргызындай эле окуу билбестен, азык уруусундагы Сопу ата дегенден намаз окууну үйрөнгөн. Анын диний окуусу ушуну менен чектелген. Ушуга байланыштуу анын чыгармаларында диний көз караштар элементтер катарында гана кезигет. Диний кат сабаты болбогон. Себеби, ал туулган жана эр жеткен мезгилде кыргыз арасында диний көз караштар анчалык канат жая албаган, диний мектептер жок болгондугуна байланыштуу диний окуулар да сейрек боло тургандыгын тарыхый маалыматтар далилдейт.

Калыгул өз турмушунда айлана-чөйрөгө адил даанышман, чечен катары таанымал болгондугун кыйла кыргыз өнөрпоздору айтышат. Мисалы, мындай маалыматтар бар: “Калыгул элди аралабаса дагы, бийликке келбесе дагы, анын адилдигине көзү жеткен соң, кээ чакта арка кыргызы чиеленишкен чоң доосу болсо, Калыгулга тапшырган. Калыгул акылынын жетишинче тууралык менен союш, парз албастан, дос-тамыр, өз-жатка карабастан адилеттүүлүк менен чечкен”.

Замандын шартына карай кээде адилеттик кылып байыртан келе жаткан кадимки адат заңын колдонуп «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» деген анын башкы принциптерин айрым учурда адилет кармагандыгы үчүн «калыс бий» аталып кеткен.

«Кара кылды как жарган Калыгулдай калыс бол» деген лакап тараган. Эки үзөңгүнү тең тепкен калыстыгы үчүн эл аны өзүлөрү «бий» аташкан. Калыгулдун керт башына байланыштуу бир катар уламыштар бар. Алардын кээси чыныгы фактылардан тургандыгында шек жок. Мисалы, оң жаккы бетиндеги калына жана нукура сөзмөр, чечен поэтикалык талантына байланыштуу аны «кара кылды как жарган кара жаак Калыгул» атандырышкан. Кийин «кара жаак» деген сөз нагыз чечендиктин бир синоними болуп кеткен. Демек, бу символ Калыгулдун ысмынан келип чыккан.

Кыргыздын көрүнүктүү карыя-акын, ырчы, өнөрпоздорунун кээ бирөөлөрүнүн айтуусу боюнча (Тоголок Молдо, Сагымбай, Шапак Ырысмендеев, Ыбырай Абдыракманов, Абдыкалык Чоробаев жана башка) Калыгул – «олуя», «аяр», «көзү ачык», «даанышман» катары таанылган адам. Мисалы, көрүнүктүү манасчы Шапак Ырысмендеев «Калыгулдун масели» деген казалында:

«Нечен акыл ойлонуп,

Көкүрөккө алуучу.

Көргөн жандын баарысы,

Ажайыпка калуучу.

Ошо тушта адамдын,

Олуясы дечү экен», – деп айткан.

Ушуга жакын ойду Ыбырай Абдыракманов 1940-жылы жазып калтырган: «Калыгул-аттын кашкасындай таанымал акын. Кыргыздар Калыгулдун сөздөрүн олуялыкка такагандан башкага барбагандыктары маа-лым. Калыгул чыгарган ырларын обонго салбай, жөн эле маселдентип айтып берген. А кезде ырларын обонго салып, комузга кошуп ырдагандарды «ырчы» дешкен. Ал эми Калыгул болсо, чечендик искусствосунун өкүлү катарында өзүнүн терең образдуу, санат, накыл, макал-лакап иретиндеги сөздөрүнө философиялык маани киргизип, даанышмандык көрк бергендиктен, аны «акын» аташкан. Анын үстүнө анын манаптык даражасы да ырдап отурууга, же комуз кармоого жол бербеген. Мындай даражадагы адамдардын ырдашы ал кездин шарты боюнча «чоң намыстын иши болгон, уят иш болгон» деп жазат Ыбырай Абдыракманов.

Калыгулдун акынчылык бөтөнчөлүгүнө байланыштуу мындай маалыматтар да кызык: «Калыгул ырчы эмес даанышман болгондуктан тойго ырдабаган. Сөзүн көп ачылып, айта бербеген. Көп убактарда унчукпай отура берген. Сөзүн макалдатып, акырын токтоолук менен акыл-насыят катарында сүйлөгөн. Айылдын дөңүндө, чогулушта, жаки үйгө киши көп келсе, уят кылып сөз айткан. Айтар сөзүн айтып, айтып туруп, кээ убакта өзүнчө күңгүрөнүп туруп «ушундай эмеспи!» деп, оң жаккы, сол жаккы ийнин карап коюп сүйлөгөн.

Калыгул өмүрүнүн басымдуу көпчү­лүгүн көл жергесинде өткөргөн. Туруктуу жердеген жери Кара-Ой, Сары-Ой – Көл күңгөйүңдөгү жерлер болгон. Калыгул Бай уулу 1855-жылы жай айында 70 жашында көл башындагы Ак-Сууга жол тартып бара жатып, Чолпон-Атага кире бериш жердеги жолдун жээгин көрсөтүп, «Менин сөөгүмдү ушул жерге койгула» деген керээзин айткан имиш.

Ал ошонун эртеси күнү Байсоорунда жол үстүндө каза табат. Керээзи боюнча сөөгү коюлган күмбөз Кара-Ойдо. Бу күмбөз боюнча да бир катар легендалар бар. Мисалы, ушу азыркы күнгө чейин Кара-Ойлук карыялар мындай дешет: «Бу олуя аба каза тапканда ага күмбөз салыш үчүн көп киши келет. Эл күмбөздүн топурагын көл боюндагы беш-он чакырымдан алган экен. Ошондо кол кирпичти бири-бирине берип эл он чакырымча катар турушкан экен. Элдин сүйгөнү ушунчалык экен»…

Калыгулдун чыгармаларындагы башкы мүнөздүү көрүнүш анын насыятчы акын катарында чыккандыгында. Мындай көрүнүш чындыгында жалаң гана ага таандык болбостон, революцияга чейинки жалпы эле кыргыз оозеки поэзиясына жана анын алдыңкы өкүлдөрүнөн болгон көрүнүктүү акындардын поэзиясынын бардыгына таандык.

Атүгүл, бүткүл чыгыш поэзиясында дидактикалык поэзия байыртан эле башкы орундарды алып келген. Образдуурак айтсак, поэзиянын алтын таажысы катары эсептелген. Анткени, поэзиянын бул түрүндө коомдук, саясий, турмуш-тиричилик, кыс-касы, адам менен коом жөнүндөгү тарыхый конкреттүү шарттарга байланыштуу ар түрдүү мазмундагы поэтикалык жыйынтыктар берилген.

Нечен кылымдар бою дидактикалык поэзияда этикалык нормалардын, моралдын, эл турмушуна жана элдеги ар кандай катмарлардын дүйнөгө өзүнчө көз караштары чагылдырылган. Калыгулду көркөм сөздөн бөтөн турган кургак моралист катары кароого такыр болбойт. Анын поэзиясынын багытынан келип чыгуучу айрым бир түздөн-түз айтылган предметтүү сөздөр менен бирге, Калыгул өзүнүн санаттарын эмоционалдуу көркөм боектор менен жандырат да, айтып жаткан ойлорун образдуу түрдө туюндурууга жетишет.

Калыгулдун поэзиясы-афористтик поэзия, заттардын мазмунун так жана таамай алууда ал өтө кыска жана элестүү образдарды колдонот да, ага нукура ювелирдик устаттык менен кайталангыс оригинал-дуулук киргизет.

Чынында эле, Калыгулдун кайсы ырларын алып карабайлы, алардын ар бир сабы дээрлик өзүнчө ой толгоонун жемиши, алардын ар бирөөндө көп учурларда көркөмдөй айтылган залкар ойлор каймактап турат. Бирок ошону менен бирге алардын бардыгы биригип келип да (ал өзүнчө турганда афоризм болуу менен бирге) кандайдыр бир борбордук идея, ойго багындырылат. Башкы басым, негизги ой толгонуу-
су ошого баш ийет. Калгандары болсо, биригип келип ошонун тегерегине топтолуп, ошону туу катары көтөрүп, көрктөндүрүп тургандай.

Ырас, андай поэтикалык «тирөөчтөрдүн» кээси божомолдуу, шарттуурак, а түгүл шалкыраак. Андай «жардамчы тирөөчтөр» гана эмес, кээде акын айтайын деген негизги ойдун өзү да бошоңураак, тигил катардагы ойлордон өзүнчө окчун бөлүнүп тура албайт. Бирок, мындай учурлар акын поэзиясы үчүн мүнөздүү эмес, эпизоддук көрүнүштөр. Бу планда алганда акындын поэзиясы өзүнүн ички логикасынын чыйрактыгы, табына жеткириле бышырылгандыгы менен айрымаланат.

Шаршенбек ҮМӨТАЛИЕВ

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар