Воскресенье, 28 апреля, 2024
4.1 C
Бишкек

Шайирбек СУЛАЙМАНОВ: «Кыргызстанда бөйрөктү алмаштыруу акысыз жасалууда”

Кыргызстанда бөйрөктү акысыз алмаштыруу алгачкы жолу ишке ашты. Анткени, Президент Садыр Жапаров өлкөдө бөйрөктү трансплантациялоого бюджеттен каражат бөлүү боюнча тапшырма берген. Бул боюнча Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Шайирбек Сулайманов суроолорубузга жооп берди.

– Шайирбек Алибаевич, Кыргызстанда бөйрөктү алмаштыруунун  азыркы тенденциясы кандай? 

– Кыргызстанда бөйрөктү алмаштыруу операциялары 2018-жылдан бери жасалып келе жатат. Өлкөдө бөйрөгүн алмаштырган 588 адам бар. Булардын басымдуу бөлүгү Түркия, Россия, Индия жана Белоруссиядан жасатып келишкен. Анын ичинен 45и Кыргызстанда жасалган. Чет мамлекеттерде бөйрөк алмаштыруу 20-50 миң долларга
чейин жетет. Бирок, азыр атаандаштык күчөгөндүктөн арзандай баштады. Биздин бейтаптар ал жакта убактылуу батирде жашап, кошо барган жакындары менен көп чыгым тартышчу. Чет өлкөлөргө баруу үчүн каражат табуунун жолдору да ар кандай. Кээ бири үй-жайын сатып барышат. Айрымдар бирөөлөрдүн айтуусу менен ал жактагы адистер жасаган операцияга кепилдик бар деп эсептешет. Ал эми акыркы жылдары биздин дарыгерлердин тажрыйбасы жакшырып бараткандыктан бейтаптардын ишеними арта баштады.

2021-жылы Белоруссиядан келген адистердин жардамы менен бөйрөктү алмаштыруу операциялары жасалган. Өткөн жылы бизде мындай операциянын 8и жасалды. Бул өтө эле аз. Мисалы, Түркиянын трансплантациялоо борборлорунда жыл сайын 350дөн ашык бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалып жүрөт. Ал эми Президенттин демилгеси менен бюджеттин каражатына бөйрөк алмаштыруу алгачкы жолу болду. Жакында биздин борбордун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы кызга акысыз бөйрөк алмаштырылды. Операцияга саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Бейтап кыз жарым жылдан бери гемодиализ алып жаткан. Ага атасы донор болду. Операция 2 саатка созулду. Азыркы учурда бейтаптын да, атасынын да абалы жакшы. Экөө тең дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Бейтап донорду өзү таап келген соң, экөө тең толук текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин операцияга уруксат берилет.

Өлкөнүн гемодиализ алуучу борборлорунда күн сайын 40ка жакын адам аптасына 3 жолу гемодиализ алышат. Өлкө аймагында мындай 35 борбор бар. Бирок, мезгил өткөн сайын бөйрөк оорулар “жашарып” бара жатат. Гемодиализ алгандар бөйрөктүн өнөкөт оорусу өтүшүп, 4-5-стадияга жеткендер болуп эсептелет. Бөйрөк өз кызматын аткара албай калганда, андагы заттар канга топтолуп, кан менен зааранын айырмасы болбой аралашып калат. Бөйрөк толук бузулганда гемодиализге өткөрүүгө туура келип, ал андан соң трансплантациялоого туш болот. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2600 адам аптасына 3-4 жолу гемодиализ алышат. Мамлекет гемодиализ алган ар бир бейтап үчүн жылына 1,5 млн. сом бөлүп турат. Бул каражат жалпысынан  жылына 2 млрд. сомду түзөт.

Ал эми бөйрөктү алмаштырсак, бир жагынан, бейтаптардын жашоо сапаты жакшырып, экинчи жагынан, мамлекеттин каражаты үнөмдөлүп, андан арткан каражат башкага операция жасоого багытталат. Карап көрсөк, жумасына 3-4 жолу 4 саат бою гемодиализге байланып, аппаратта жаткан бейтап кыйналып азап чегип, ансыз алыс жактарга бара алышпайт. Ал эми буга чейин бейтаптар өлкөдө бөйрөктү алмаштырууга 617 миң сом, (7500 доллар) төлөп келишкен. Мында ары ушул каражатты мамлекет төлөп берүүгө өтүп жатат.

– Кандай адам донор боло алат? 

– Бейтапты операцияга чейинки даярдоо этабы өтө жоопкерчиликтүү иш. Ал донорду өзү таап алып келиши керек. Мисалы, бир тууганы донор болом десе, экөөнүн клеткаларынын түзүлүшү окшош болуп, шайкеш келсе анын бөйрөгүн бейтапка которууга болот. Эгерде ыңгайлуу келбесе, оорулуунун организми кабыл албай, бөйрөк кайра эле иштен чыгып калышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, экөөнүн генетикалык жагдайын изилдөө этабы абдан кыйын иш. Себеби, бир тууган экенине карабай, ар бир адам башкага окшобогон өз-өзүнчө өзгөчөлүккө ээ.

Кыргызстандын трансплантациялоо боюнча мыйзамына ылайык, донор адам бейтаптын ата-энеси же бир туугандарынын бирөөсү гана болуш керек болчу. Ал эми ушул жылдын январында кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча чоң ата, чоң энеси же экинчи катардагы туугандары да донор болууга укуктуу болуп калды.

Дүйнөдө трансплантациялоо-нун башкачасы да практикаланып жүрөт. Мисалы, Англиядагы бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кезекте турган бейтапка, Испаниядагы адамдын бөйрөгү туура келип калса, ага алмаштырууга уруксат берилет.

– Президент С.Жапаров жакынкы келечекте мындай операцияларды өз жарандарыбыздан тышкары чет өлкөлүктөргө да жасоону практикалоо, медициналык мекеме жайгашкан жерге жаңы имарат куруп бейтаптарды көбүрөөк кабыл алуу менен бул тармакты өнүктүрүүнү тапшырган. Ушул жаатында жылыштар болот деп ойлойсузбу?

– Ооба, бөйрөктөн тышкары боорду жана сөөк чучугун трансплантациялоо боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин программасы бар. Мамлекет башчы ошол иштерди алдыга жылдыруу боюнча жаңы стратегия керек экенин айткан. Мисалы, жакында боорду алмаштыруу боюнча улуттук хирургия борборунун дарыгерлери Түркияга окууга барышат. Буюрса, алар жакшы даярдык менен келишип, жакынкы айларда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу боюнча дагы операцияларды жасоого өтүшөт. Анткени, буга чейинки боор алмаштыруу операцияларынын бир-экөөсүн айтпаганда, дээрлик баары жакшы жыйынтык берген эмес.

Хирургдардын окуусуна Кыргызстан тараптан чыгым кетпейт. Жашаган жери, тамак-аш жана билим алуу чыгымдарын Түркия тарап каржылайт. Андан тышкары, биздин борбор чучук алмаштыруу боюнча адистерди Түркияда окутуу боюнча сунуш бердик. Алар да жакынкы арада Түркияга жөнөп кетишет. Ушул программаларды ишке ашыруу боюнча саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиев Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Биздин борбордо жыл сайын онкологиялык дартка чалдыккан 250дөн ашык бала дарыланат. Анын ичинен 180ге жакын баладан рак оорусу жаңы табылып жатканы кооптуу болууда. Азыркы учурда дартты аныктоо жакшырып калгандыгына байланыштуу бул көрсөткүч дагы өсүүсү күтүлүп жатат. Тилекке каршы, бейтаптардын бир бөлүгүндө оору кайра кайталанып, кээ бирөөсүнүн организми дартка каршы туруштук берүүсү начар. Ошондуктан оорунун түрүнө жараша дарылоонун натыйжалуулугу 40-50 пайыздан 90-95 пайызды түзүп жатат. Мындай учурда бейтапка чоң дозадагы химиотерапия берилип, ал чучукту алмаштыруу деңгээлине  өсүп жетерин дүйнө практикасы көрсөттү.

Биздин борбордун балдар онкологиясы менен онкогематология бөлүмдөрүнөн жыл сайын 40 бала чучук алмаштыруучу операцияга муктаж болуп жатат. Мында адамдын чучугун өзүнө ооштуруп же башка бирөөнүкүнө алмаштырууга болот. Мындай операциялар өнүккөн өлкөлөрдө небактан бери ишке ашырылууда. Бирок, Кыргызстанда жасала элек. Бизде бул дарт эмнеден пайда болуп жатканынын себеби да аныкталган эмес. Мында да бейтаптын операцияга чейинки жана андан кийинки абалын көзөмөлгө алууга атайын шарт түзүлүшү зарыл.

Ал эми мамлекет башчы айткан оорукананын имараты чучукту трансплантациялоо боюнча операцияларды жасоо үчүн өзүнчө курулуп, ага ылайык атайын аппаратуралар орнотулат.

– Бөйрөк жетишсиздигинин алдын алуу үчүн кандай кеңеш бересиз?

– Баланын тиши кариес боло баштаганын көргөндө дароо стоматологго кайрылуу керек. Кулак ириңдеп, суюктук чыгып же мурундан суу куюлганда ага кайдыгер мамиле жасабоого чакырам. Анткени, ушунун бардыгы микроб-дорду топтоп, канга сиңип, инфекциянын очогуна айланып бөйрөктү, жүрөктү жабыркатып жатат.

Анын үстүнө, бейтаптар оору башталганда кенебей жүрө беришип, өтүшүп кеткенде келишет. Жарандар жылына эки жолу дарыгердин кароосунан өтүп турууну адатка айландыруулары керек. Тилекке каршы, бейтаптардын көпчүлүгү дарыгер жазып берген дарылоо курсунун жарымын да аткарышпайт. Бардык ооруну дарылоого караганда, алдын алган жакшы.

Андан тышкары, ар кандай канцерогендик заттар, боёктор кошулган суусундуктар бөйрөктү жабыркатып жаткандыктан атамекендик өндүрүштөн чыгарылган сууларды ичүүнү сунуштар элем. Кечкисин мүнөздөп тамактанып, уктаардын алдында оор тамактарды чектеп, ички органдардын эс алуусуна кам көрүү керек.

Ал эми биздин борбордо тажрыйбалуу адистер жетиштүү болгондуктан, мындан ары бөйрөктү алмаштыруу үчүн чет мамлекеттерге баруу зарыл эмес.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
«Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар