Суббота, 27 апреля, 2024
3.1 C
Бишкек

Райкомду сабаган Асанкул, уй минген Райкан

Жыл башы менен адаттагыдай белгилүү куудул Келдибек НИЯЗОВ редакциябызга баш багып, кыргыз элинин сүймөнчүлүктүү артисти, куудулу Асанкул Шаршеновдун кызыктуу эки окуясын айтып берди. Чынында унутулуп бара жаткан, Кыргыз эл артисти наамын убагында албай калган бул залкар инсаныбыз мамлекеттик деңгээлде эскерилип, ал тууралуу даректүү тасма тартылып калса абдан жакшы болмок.

Куурдак кууратканда

– Бир жолу филармониянын директору Абдрасул Жунушев “Ой Асаке, Ак үйдүн кимисинин куйругун бастың эле. Өз колум менен сизге эмгек сиңирген артист наамын берүү боюнча документти толтуруп алып барам, бир аздан кийин эле кайра мага беришет”, – деп чыркырап калды. Анда ал “Аа Абдыке, анын өз секрети бар, удулу келгенде өзүңө айтып берем”, – деп койду.

Бир күнү “Ай, Келдиш, баланча күнү бош бол. Директорго айттым, макул болду. Үчөөбүз бир жерде отуруп, чер жазалы”, – деп калды. Болжошкон күнү үчөөбүз абдан жакшы отурдук. Ошондо чечилип алган Асакем баягы бизге айтпай жүргөн сырын айтып берди эле:

– Ээ Абдыке, Келдиш, бул колдорумдун өзүмө далай кесири тийди. Бир жолу Талас-та гастролдо болуп калдык. Топтун жетекчиси Эстебес Турсуналиев. Бригадир катары акчанын баары менин колумда. Концертти уюштуруу, билеттерди таратуу менин моюнумда. Таласта эки күн болгондон кийин эле филармониянын директору Эстебеске чалып, “Таласты көрө элекмин, ал жакты көргөнчө силердин кандай иштеп жатканыңарды бир баам-дайын”, – дейт. Аны мага айткан Эстебес “Чарбанын жетекчисинен бир жакшы ирик алайын, дасторконду сен даярда” деп калды. Таластын токоюна баарын даярдап директорду, анын орус орун басары, айдоочусу үчөөнү сыйлап кирдик. Тигилер ичип-жеп, биз болушунча төгүп, ырдап берип түн бир оокумда келип жаттык. Таң атпай биздин үч кызыбыз кайра директорду сыйлап, чай берип жатышты. Бир кезде кыздардын бири чуркап келип “Агай, директор сизди чакырып жатат” деп калды. Барсам, директор “Асаке, мобу кыздар шампан ичебиз деп жатышат, шампан таап келиңиз” деди. Эч кимге билгизбей сыртка чыгып сураштырсам “Горторгдун” складында гана шампан бар экен. Ал жерге барып кайра-кайра жумшай бербесин деп бир ящик шампан алып келип директорго киргизип бердим. Бир кезде директор кайра чакыртты. Барсам “Ой Асаке, мунуң суу эле болот экен, коньяк таап келип бер”, – деди. Жыла басып чыгып коньяк таап келип бердим.

Бир кезде тиги кайра чакыртат. Барсам “Коньякты шоколад менен ичиш керек экен. Шоколад таппасаң болбой калды”, – дейт. Бая-гы ырчы үч кызыбыз кылгырып алган. Директордун көңүлүн алып жатабыз дегенсишип мага баш ийүүчүдөй түрү жок. Айла жок темселеп жүрүп шоколад таап келип бердим. Бир кезде кыздардын бирөө дагы селпектеп чуркап келиптир. Ансыз да бул эмнеге баласынтат деп кыжырым кайнап турган жаным араң бардым. Барсам “Ой, Асаке жүрөк күйүп бүттү. Бир куурдак кууртуп, ысык бойдон бул жерге алдыртып келе кал”, – деп жатпайбы жанды кашайтып. “Куурдакпы?!” – десем, –  Ооба, куурдак!” – деп каткырды. “А момундай куурдак жегиң келбейби!” деп кулак түпкө бир урдум. Тиги оңкосунан кетип, үч кызды баса жыгылды. Директордун орус орун басары кумсара түшүп четке жыла берди эле, ачуум менен баягы үч кызды да бирден уруп калдым. Ал жактан атып чыгып бөлмөмө бардым да кагаз-кугаздарымды жыйнадым.  Анан Токтосун Тыныбековго барып: “Ме, Токо, мобу калган ишти өзүң алып кет. Акыры тигиге менин колум тийди. Ал мени соо койбойт”, – дедим да такси менен Фрунзеге келе бердим.

Эртеси таң атпай Токтосун аялы менен кирип келип: “Ой Асанкул, ошо бойдон директор баарын токтоттуруп: “Давай баарыңар жөнөгүлө! Асанкулдун урганы чын деп күбө өтөсүңөр. Мен Асанкулду түрмөнүн түбүндө чиритем” деп баарыбызды айдап келди”, – деди. Ичимен “болор иш болгон экен” дедим. Аңгыча эле Токтосун Тыныбеков “Эми биз мындай кылалы. Сен тиги улам жумшай берип ушундай ишке бардым деп жаз. Үч кыздан да болгонун болгондой кылып түшүнүк кат жаздыртып алалы”, – деп үч кызга түшүнүк кат жаздырттык. Андан соң Токтосун директорго кирип “Ай, бул ишти ырбатсак элге шерменде болобуз. Асанкул деле жөн жаткан жок. А деле арызданам деп кагаз-кугазын даярдап жүрөт”, – десе директор “Чын элеби?”,-деп чочуп кетиптир. “Чын эле, сен жаш балача аны жумшай берген турбайсыңбы”, – дегенде тиги “Анда жарашалы”, – деп жибериптир. Ошентип мен айылдан бир кой алып келип Ала-Арчага союп, ал жерден тигиге костюм-шым кийгизип элдешкенбиз. Кетерде экөөбүз тимеле эзилип, өбүшүп тарадык. Бирок, тиги болбой эле Кыргызстан КП БКда иштеген бажасы аркылуу өчүн алып жатат. Менин документтеримдин кайра кайтып келип жатканынын себеби да ошол. Тигинин бажасы кетмейинче мен деле бир наам, сыйлык албайм, Абыке”, – деди.

Ал айткандай эле ошол директордун бажасы кызматтан кеткенден кийин, Асакем 60 жашында гана “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын алды. А 65 жашында ал өтүп кетти. Болбосо бул киши Кыргыз эл артистигине татыктуу адам эле да.

Алдамчы райкомду аласалдырганда

Ошондо Асакем экинчи жолу колу кимге тийгенин да айтып берди эле. “Алайга барып Эстебестин кадыры менен райкомго кирдик. Кирсек эле райкомдун биринчи катчысы маңдайы жарыла сүйүнүп “Ээ, айланайын Кудай, силерди ким айдап келди бул жакка. Бизди теңсинип эч ким деле келчү эмес. Кыркын башталып элдин баары кыркынга даярданып жатат. Ошонун астында силер келип элдин көңүлүн көтөрсөңөр укмуш болбойбу. Азыр 16 кыркын бар. Ал жерге айылдардан кыркынчыларды араң чогулттук. Ошондуктан айылдарга концерт койбой туруп кыркындарга концерт коюп бергиле. Мен 16 кыркындын акчасын чогултуп берем”, – дегенде Эстебес, Тууганбай сүйүнгөнүнөн кол чаап жиберишти.

Ошентип биз кокту-колотттогу 16 кыркынга концерт койдук. Анан жакшы акча алабыз деп шымаланып баягы райкомдун биринчи катчысына бардым. Барсам, тиги “Ой, мынчага төлөй албайм. Ашып кетсе беш-алты кыркынга төлөп берем. Бизде акча жок. Анын үстүнө республика боюнча эң артта калган районбуз”, – деп кекээрленет. Анын жанында дагы үч жигит отурган. Алардын көзүнчө “Ой сен өзүң төлөп берем дебедиң беле. Же Эстебес, Тууганбайды чакырып келейимби?” десем, “Чакырбай эле кой, аларыңдын мага кереги жок. Мен төлөбөйм, билген жериңизге арызданыңыз” дегенде кармана албай кетип анын бетин аткый кармадым дагы “Мобу бетиң бетпи же бирдемеби?” деп тумшук талаштыра уруп калдым. Тигил баягы үч жигиттин алдына кулап түштү.

Андан чыгып Эстебес, Тууганбай, Ашыралыга келип төлөбөйм дегенинен райкомдун биринчи катчысын сабаганымды айттым. Тигилер “Анда ал акмак турбайбы, кой ага теңелбей барып ызы-чуу кылбай басып коёлу” дешип райкомдун биринчи катчысына кетишти. Алар барышса “Ал ит экен. Мени ушулардын көзүнчө сабады. Мен аны соттотом, жоготом!” деп албууттанат дейт. Көрсө, мен аны урган маалда райкомдун катчысынын жанында отургандар райондун прокурору, соту, райондук милиция жетекчиси экен. Тигил ошенткенде үчөө “Жоготосоң жогот, бирок, ал дагы принципке туруп “Ушундай райкомду кантип иштетип жатасыңар. Бизди ушинтип шылдыңдады” деп Султан Ибраимовго айтам деп кеткени жатат” дешкенде райкомдун биринчи катчысынын жүрөгү түшүп калыптыр. Анан ал “Айланайындар аны жибере көрбөгүлө. Бүгүн түшкө чейин төлөп берем” деп акчасын төлөп, бизди аябай сыйлаган. Көрсө, ага чейин ал кыркынды кечеңдеткен үчүн Султан Ибраимовдон сөгүш алган экен. Ошентип бул лапыйган колум эки чиновникке тийген” деп күлдүргөн.

Ууру атыккан Райкан менен Асанкул

Кээде биз Асакемден “Мидин, Райканды көрүп калдыңызбы?” – деп сурап калчубуз. “Атаңдын гөрү ай, Мидинди жакындан көрбөй калдым. Ал кезде борбордун кайсы бир жеринде ордо оюну болуп жаткансып эл дуу болуп калчу. Анан ошол жерге Мидин менен Райкан келгени угулуп калар эле. Ошондой жерге барып Мидинге учураша алган жокмун. А Райкан менен бир түн ичишип калдым. Анда мен хордо иштейм. Райкан агезде филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы болуп иштечү. Орусу, кыргызы, еврейи деле аны сыйлап “Раке” дешчү эле. Бир күнү хордо ырдаганы жатсак Райкан кирип келип баарыбызды кыдырата карап калды. Анан мага көзүн токтотуп “Эй, узун сары, мобунун баары менен ичишиптирмин, бүрсүгүнү сени менен ичишем” деп туруп чыгып кетти.

Солтонбек Шаршенов деген Райкан менен жашташ бирөө бар болчу. Ал “Кудай урган эми айлыгыңды жаздырып ал. Бир түн ичсеңер көп эле акчаң кетип калат. Бир жерге алып барып сыйла” деди. Анда жалгыз ушул темир жол вокзалында гана ресторан бар болчу. Жанымдагы орустардан кантип сыйлайм деп сурасам “Ресторанда “меню” деген кагаз бар, ошону Ракенин алдына койсоң ал өзү айтат. Ошентип сыйлайсың” дешти. Эки күндөн кийин Райкан кирип келип эле “Эй узун сары, кеттикпи?” деди. Экөөбүз ээрчишип Дзержинский бульвары менен өйдө жөнөдүк. Вокзалга жеткиче Ракем көк күркөлөрдөн улам жүздөн алып отурду. Ресторанга кирсек төрдөгү үстөл бош экен. Жай алган соң менюну алып келсем “Кудай урган, мен тамак ичели деген жокмун. Ичишели дедим. Эл көзүнө уят, бир салат алып кой, калганын өзүбүз билебиз” деди.

Ал айткандай ичип жатабыз, ал киши боорду эзип укмуштуу окуяларды айтып берет. Угуп отуруп боорум эзилди. Бир кезде “Уходите, уходите!” деп орус кемпирлер пол жууп киришти. Саатты карасак түнкү саат үч болуптур. Райкан “Ай ата, канбай калдык. Эки бөтөлкөнү ал, Төкөлдөшкө кеттик” деди. Экини алып сыртка чыгып, темир жолдун шпалдары менен өйдө жөнөдүк. Ай ууздай жарык. Бир кезде бутума бирдеме тийип калдырай түштү. Карасам консерванын калайы экен. Ракем “Ошого куй” деди. Арактан азыраак куюп чайкап жатсам “Кудай урган, опутуң жок немесиң го. Балыктын жытына курт эмес чымын да кирбейт. Куя бер таптаза болот” деди. Баягынын жарымын ичип, калганын салып алып Төкөлдөшкө бардык. Айылдын жогору жагынан төмөн карай түшүп келатканбыз. Колтуктап келе жаткан Ракем колуман чыгып, асмандап барып жерге талп дей түштү. Көрсө Ракем жаткан уйду тебепелеп кетип, уй мөңкүгөндө көтөрүлүп барып кайра түшүптүр. Ракемди тургузуп жатсам “Воры, воры!” деген үндөр чыгып, бирөө асманга ок атты. Биз эч нерсе түшүнбөй эс-мас болуп туруп калсак жаныбызга бир орус жетип келди. Ракем эптеп ага жагдайды түшүндүргөндө тиги орус бизди кашаасынан чыгарып туруп көчүктөн ары бирден тепти. Шылкыйып бир үйгө келип такылдатсак бир бала чыгып “Апам жок, айылга кеткен” деп эшигин жаап алды. Асакемдин айтымында ошол бала кийин чоң кызматка барыптыр.

Ошондон жүрүп отуруп кайра вокзалдын көпүрөсүнө келип, таң агарып келе жатканда экинчи бөтөлкөнү ичтик. Андан аркысы эсимде жок. Ойгонсом, Спорт сарайынын жанындагы барак тамда жашаган Солтонбек Шаршеновдун үйүндө жатыпмын. Көрсө, Ракем мени бул жакка алып келип: “Эй, ал мунуңду. Бул көрсө бир түндүк эле экен. Мен дальше кеттим” деп андан ары кеткен экен”, –  деп айтып берди эле.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар