Среда, 8 мая, 2024
20.1 C
Бишкек

Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган мелдеш 28-29-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Индия, Түрменстан, Нидерланд жана Афганистан өлкөлөрүнөн келген 120дөн ашык спортчу катышат.

Жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашат:
• Эркектер арасында (класикалык жана эркин стиль): 60, 70, 80, 90, 100, +100 кг.
• Кыз-келиндер арасында (эркин стиль): 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар