Вторник, 30 апреля, 2024
18.1 C
Бишкек

Оор атлетчи дүйнө кубогунда коло медаль тагынды

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Таиланддагы дүйнө кубогунда кичи коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

8-апрель күнү 102 кг чейинки салмакта мелдештер болуп, ага жалпы 42 спортчу катышкан.

Бекдөөлөт Расулбеков «В» тобунда ат салышып, «түртүп көтөрүүдө» – 165 кг, «жулкуп көтөрүүдө» – 220 кг багындырды. Жыйынтыгында 172 кг көтөрүп, кичи коло байгенин ээси болду.

Эске салсак, Парижде өтө турчу Олимпиада-2024 оюндарынынын алдында оор атлетика боюнча жыйынтыктоочу «Дүйнө Кубогу» аталышындагы лицензиялык турнир Таиланддын Пхукет шаарында өтүүдө. 31-мартта башталган мелдештер 11-апрелде жыйынтыкталат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар