Вторник, 30 апреля, 2024
14.1 C
Бишкек

АКШда биринчи жолу Кыргызстандын этномаданий көргөзмөсү ачылды

Чикагодо Кыргызстандын АКШдагы биринчи этномаданий көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Көргөзмөгө кыргыздын кайталангыс маданиятынын жана тарыхынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган түрдүү экспонаттар коюлган.

Бул иш-чара Кыргызстандын маданияты менен каада-салттарынын чыныгы майрамына айланып, АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн да, бардык маданият жана искусство сүйүүчүлөрүнүн да көңүлүн бурду.

Иш-чара Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Башкы консул Болотбек Борбиев бул көргөзмө келечекте АКШдагы жаңы өсүп келе жаткан муун үчүн кыргыз элинин бай маданиятын жана тарыхын даңазалай турган музейге айланарын белгиледи.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар