Четверг, 2 мая, 2024
21.1 C
Бишкек

Ысык-Көлдө күн электр станциясын курууга капсула салынды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарынын Кара-Талаа аймагында 400 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушуна капсула салды.

“Акыркы 2 жылда Кыргызстандын энергетика тармагында ири долбоорлор ишке ашырылууда, алсак Камбар-Ата-1 ГЭСи, Куланак ГЭСи, Бала-Саруу ГЭСи жана жүздөгөн чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат. Биздин максат – энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү. Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча иштердин биринчи этабы аяктап, учурда техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу иштери жүрүп жатат. Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп, ири гидроэнергетикалык мамлекетке айланат. Күн энергиясын, шамалды жана биогаз технологияларын колдонуу Министрлер Кабинетинин негизги артыкчылыктарынын бири”, – деп билдирди А.Жапаров.

Аны менен катар күн электр станциясынын курулушунун башталышы менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Минкаб башчысы белгилегендей, күн электр станциясын курууга кытайлык компания тарабынан (Fortis Kg, Molin Energy) 400 млн. доллар инвестиция салынаары пландалууда.

“Биз 1,5 жылдан кийин күн электр станциясы ийгиликтүү иштей баштайт деген ишенимибизди билдиребиз”, – деди Жапаров.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар