Среда, 1 мая, 2024
10.1 C
Бишкек

«Мите курт жугузгандардын 80%ы жаш балдар»

Дүйнө жүзүндө медициналык мааниге ээ болгон 370тен ашык мите курттун түрлөрү бар. Мына ошол мите курттардын ичинен Кыргызстанда 20 түрү кездешет. Алардын 12-13 түрү бизде ар дайым кездешкен курттар. Ал эми эң кеңири жайылган мите курт бул – чүчөк курту. Андан кийинки эле орунда лямблия курту. Ал лямбиоз оорусун козгойт. Кыргызстанда мите курттардан чоңдорго караганда жаш балдар көбүрөөк жабыркайт. Тактап айтканда 14 жашка чейинки балдар оорушат. Акыркы убактарда бул илдетке кабылган балдардын саны кескен көбөйгөнү бизди ойлондурбай койбойт… Ошол себептен И. Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын доценти Курсанбек Раимкулов менен байланышып, лямблиоз деген эмне, анын белгилери кандай, кантип алдын алса жана кантип дарыласа болот деген суроолорго жооп издедик.

Курсанбек Мамасалиевич, лямблиоз оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?

– Лямблиоз оорусун жугузуп алганда ичтин жогору жагы же киндиктин тушу ооруйт. Баланын ичи көөп курулдайт, кускусу келет, кээде былжыр аралаш суюк заңдайт. Башы ооруп, жүрөгү айланып, тамакка болгон табити жоголот, салмак таштайт. Оозу жыттанат жана кыжырданууну жаратат. Ошондой эле уйкусу качып, эс тутуму начарлайт. Лямблиоздун симптомдору адатта, ооруга кабылгандан кийин бир же эки жумадан кийин пайда болот. Жогорудагы белгилерди байкаган ар бир ата-эне баласын сөзсүз анализ тапшыртып, дартын аныкташ керек. Кээ бир адамдар симптомдору байкалбастан лямблия мителерин алып жүрө беришет. Бирок, көпчүлүк учурда мен айткан мындай көрүнүштөр балада байкалбашы мүмкүн.

– Бул мите курттардын организмде бар экенин билбей жүрө берүү канчалык кооптуу?

– Мите курттардын организмге тийгизген зыяны абдан чоң. Алар адамдын организмин тамактануунун булагы катары гана эмес, жашоонун жана көбөйүүнүн жагымдуу чөйрөсү катары колдонушат. Адамдын ичинен азыктанып, кайра калдыктары менен ууландырууга жөндөмдүү келишет. Курт качан гана өзүнүн абалын жакшыртып, ичегинин былжырлуу челине бекип, үзгүлтүксүз тамактануу булагына ээ болгондо тукумдарын көбөйтө баштайт. Ал эми алар көбөйүп кеткенде, жайгашкан органды басып, бүтөп салышат. Мисалы, эхинококкоз жана альвеоккоз оорулары. Ал эми аскаридоз оорусу ичегиде чоң шарга айланып, ичеги өткөрүмдүүлүгүн тосуп, ичегини жарып да жибериши мүмкүн. Ал эми лямблия курту бул бир эле 12 эли ичегиде митечилик кылып, өзүнүн соруп бекүүчү дискалары менен ичегинин былжыр челине жабышып, анын сиңимдүү кызматын начарлатат. Ичкен жеген өтө керектүү витаминдер толук ичеги былжыр чели аркылуу канга сиңбей заң аркылуу сыртка чыгып кетет. Бул учурда организмди аз кандуулукка, иммунитетинин начарлашына, унутчаактыкка, тез жининин келишине, уктап жатканда тишин кычыратышына, шилекейдин агышына, акыл жагынан начарлашы менен сабакка көңүл буруусунун төмөндөөсүнө, физикалык  жактан артта калышына алып келет.

– Дарылоо жолу кандай?

– Дарылоо иш-чаралары ар бир баланын жекече организмине жараша жүргүзүлөт. Дарылоо абдан жеңил эгерде оорулуу адам дарыгердин көзөмөлүндө болуп, туура дарыланса. Өз алдынча дарылануу туура эмес.

– Кантип алдын алса болот?

– Мите куртун жугузгандардын 75-80%ы жаш балдар болуп атат. Ата-энелер муну көзөмөлгө алышы керек. Кайдан жуктуруп атат, ойногон жери кайсы жерлер же малдан жуктубу? Колун самындап жууп атабы текшерип туруу керек. Айыл жеринде үй менен даараткананын ортосунда кол жуучу жайды, шарты менен уюштуруп беришсе.  Балдар кол жуугандан зеригет, самындабай колунун учун суулап коюп деле жуудум деп коё берет. Көзөмөл керек. Бала колун күнүнө, жок дегенде, беш жолу самындап жууп атабы текшерип туруу – ата-энесинин милдети. Таза суу элетте маселе, андыктан апалар сууну кайнатып, атайы идишке дайым муздатып коюшса болот. Балдар ошого көнүп, банкадан суу ичиши керек.

– Жер-жемиштерди таза жуубай жей берүү да ооруну жайылтат турбайбы?

– Алма, жемишти элетте балдар эмес чоң кишилер деле аарчып туруп жей беришет. Эч качан андай кылбаш керек. Буларды жакшылап жууп, андан кийин кайнак суу менен чайкап жешти сунуш кылам. Апалар тамакка көк аш-чөптөрүн көп колдонот эмеспи. Тамагы даяр болгондон кийин, көктөрдү туурап, жытын буркуратып себелеп алып келишет. Бирок, ошол убакта байкабай мите курттарды жеп алуу мүмкүн. Доктор катары кеңешим ал чөптөрдү тамак менен кошо кеминде 10-15 мүнөт кайнатуу зарыл. Анан аны колдонуудан мурун, таза суу менен үч-төрт жолуу жууп, кийин жылуу сууга кичине туз салып, аш-көк чөптөрүн жарым саат салып коюшубуз керек. Болбосо, мите курттардын жумурткалары ошол чөптөрдө көп болот. Ошондой эле, чымын-чиркейлерди үйгө киргизбөө. Анткени, чымын бир эле учурда колдоруна 6 миллиондон ашык, ал эми ичегисинде 28 миллион мите курттардын жумурткаларын, цисталарын алып жүрүп конгон жерине жабыштырып, мите курт ооруларын таркатуучулары болуп эсептелет. Ошондуктан, биз үстөлдүн үстүнө жууп койгон жашылча жемиштерге бир секундда конуп, жумурткаларды жабыштырып кетишет.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар