Вторник, 30 апреля, 2024
21.1 C
Бишкек

Акылбек Жапаров ЭВФ жетекчилиги менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар климаттын өзгөрүшү, энергетика жана “жашыл” экономика жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы салыктык башкарууну жакшыртуу жана санариптик технологияларды киргизүү боюнча координацияланган ишинин натыйжасында акыркы үч жылда Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшү орто эсеп менен 7%ды түзгөнүн белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле республиканын учурдагы макроэкономикалык абалына кеңири токтолуп, энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна өзгөчө көңүл бурду.

Ал бул стратегиялык долбоордун масштабын, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу жана экономикалык өсүш үчүн потенциалдуу дивиденддерди эске алуу менен бул эбегейсиз зор долбоорду ишке ашырууда Кыргызстан кызматташуунун ар кандай ыкмаларын карап чыгууга даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Бо Ли глобалдык экономиканын учурдагы чакырыктары боюнча өзүнүн пикири менен бөлүшүп, инфляциянын тездик менен өсүшү, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жана табигый кырсыктарды белгиледи. Ал ошондой эле 2024-жылы Кыргыз Республикасына баруу пландары бар экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык артыкчылыктуу маселелер, анын ичинде бул жолугушууда талкууланган маселелер боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия аймагы боюнча директору Жихад Азур менен жолукту.

“Биздин өкмөт мамлекеттик каржынын натыйжалуулугун жогорулатуу, жеке секторду өнүктүрүү жана коррупция менен күрөшүү боюнча реформаларды ишке ашырууга багытталган. Эл аралык валюта фонду менен болгон үзгүлтүксүз конструктивдүү диалог жана техникалык кызматташуу биздин стратегиялык максаттарга жетишүүгө жардам берет деп ишенебиз. 2024-жылдын биринчи чейрегинде экономика (ИДП) болуп көрбөгөндөй 8,8%га өскөнүн белгилеп кетким келет”, — деп билдирди МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров.

Жолугушууда тараптар өз ара аракеттенүүнү дагы арттыруу, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу сыяктуу инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар