Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына болгон иш сапарынын алкагында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) администратору Саманта Пауэр менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар билим берүү, энергетика, айыл чарба, санариптештирүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында маектештер сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө белгиленген багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.