Вторник, 30 апреля, 2024
14.1 C
Бишкек

Тергөөчүнү сабаган үч шектүү кармалды

Кантта милиция кызматкерин сабоого шек саналган жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде болжол менен саат 4.00дө Кант шаарындагы «Маркет-24» дүкөнүнүн жанында 30-35 жаштагы  адамдар Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү К.Р.ны себепсиз ур-токмокко алышкан. Ал Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаагы сынып, жаткырылган.

Милиция кызматкерлери шектүү адамдардын өздүгүн аныктады, алар 1989-жылы төрөлгөн Д.А., 1991-жылы төрөлгөн И. Т., 1989-жылы төрөлгөн Э. У. аттуу жарандар болуп чыкты. Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар