Вторник, 30 апреля, 2024
18.1 C
Бишкек

“Түйшүгү кыйын болсо да, берекенин баары тоодо”

Каарманым — Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну Ботогоз Сейтханова жайкысын үй-бүлөсү менен жайлоого чыгып мал бакса, айылга түшкөндө кол өнөрчүлүк менен алектенип, өз оокатын тыңдап келет.

– Ботогоз, өзүң тууралуу айтып кетсең?

– Өзүм Чүйдүн кызымын. Кичинемден орус тилдүү мектепте окуп, мал, уй саайт деген эмне экенин билбей чоңойгом. Тагдырдын буйругу экен, Жумгал жергесине келин болуп, бүгүнкү күндө жолдошум экөөбүз 5 баланын ата-энесибиз.

Жайкысын элдин малын алып, жайлоого чыгып, багабыз. Бээ байлап, кымыз жасайбыз. Жергиликтүү тургундар, эс алуучулар келип, кымыз ичишет. Рынок заманы эмеспи. Ошентсе да, келген элден “мынча сом бересиң” деп соодалашпайбыз, көңүлүнөн чыкканын беришет.

Балдарым мектеп жашында болгондуктан окуу башталаар убакта айылга келебиз. Жолдошум тоодон түшкөнчө малды карап калат. Кышкысын үйдө бош отур-байын деп суроо-талапка жараша курак кылып, жер төшөк курайм.

– Элдин малын кандай шарт менен багасыңар?

– Жолдошум экөөбүз 2007-жылы үйлөнгөнбүз. Ошондон бери эле жайкысын элдин малын алып багабыз. Мурун кайнатамдар чабан экен. Башында алар менен бирге чыкчубуз. Азыр өзүбүз чыгып, алыбызга жараша жылкы, уй бакканга басым жасап, жайлата уй саап сүзмө, каймак, сары май жасайбыз.

Сүзмөнү жума сайын сатып алуучулар өздөрү келип, алып кетишет. Эгер жакшы иштесек, жумасына 10 миң сомго чейинки каражат таап алабыз. Сүзмө алгандар жайлоого болгон керектүү азык-түлүктү алып келип беришет.

Сүзмө, сары май, каймакты эскиртпей, кардарга жаккандай даярдап берүүгө аракет кылабыз. Сары майды даярдап койсом туруктуу кардарларым койбой алып кетишет.

Тапкан каражатыбызга бала-бакырабызды багабыз. Жайлата баккан малдын акысын эл чогултуп берген убакта алабыз.

– Жардамчыларың балдарың болсо керек?

– Жайлата жолдошум, балдарым болуп үй-бүлөбүз менен иштейбиз. Балдарым да кээде тажап кетишет. Бирок, каражат тапчу булагыбыз болгондон кийин иштейбиз да.

Тоонун түйшүгү кыйын болгону менен берекенин баары тоодо. Сүт, айран, каймак, май, кымыз – баары кенен. Балдарым кенедейинен тоодо жүрөбүз. Буга баа-рыбыз көнүп калдык. Кышкысын айылда жүргөндө тоону сагынып, эңсеп калабыз.

Мурун кыштоого да мал багып калчубуз. Азыр балдарым мектепте окугандыктан кышкысын кыштоого чыкпай калдык.

Тоодо таңкы 5те эле кыймыл башталат. Жолдошум малды караса, мен балдарым менен уй, жылкы саап, кымыз, айран, сүт даярдайбыз дегендей.

– Орусияга барып иштеп да келиптирсиң…

– Мектепти бүтөрүм менен Орусияга кетип, ал жакта соода тармагында  иштедим. “Орусия укмуш, акча табасың” десе эле баарыбыз кете берет экенбиз. Орусияны көргөнүм эле болбосо, ал жактан кыйраткан каражат тапканым жок.

Атам мен 3-классымда каза болуп калган. Турмуштун айынан апама жардамдашайын деп бардым. Кичинемден кыйынчылыкты көп көрдүм. Ошол убактагы кыйын күндөр турмуштагы ар бир күнүмдү сарамжалдуу колдонууга тарбиялады. Кийин жолдошум экөөбүз таанышып, баш коштук. Жаңы үйлөнгөндө тапкан каражатыбыз тамак-ашка жетпей калган күндөр деле болду.

Жолдошум экөөбүз жогорку билим алган эмеспиз. Бала кезден турмуштун ачуу-таттуусун көп көргөнгө балдарымдын окуп, билим алуусуна абдан көңүл бөлөм. Ошондуктан аларга “Окуп билим алгыла, бир кесиптин ээси болгула, келечегиңер алдыда” деп ар дайым айтам.

– Жер төшөктү качантан бери курап жатасың?

– Бул өнөр менен 3 жылдан бери алектенем. Кичинемден сүрөттү жакшы тартчумун. Интернеттен ар кандай сүрөт, видеолорду көрүп курай берем. Жер төшөктөргө ылайыктуу кездемени райондон, Мадина базарынан алдыртам. Бир жер төшөккө 3 миң сом каражат сарптасам, андан 3 миң сом киреше табам. Жер төшөктөрдү алдын ала ченеп-кесип алып, бир күндө 3-4 саат убакыт аралыгында бирөөнү даяр кылам.

– Курак куроо абдан кылдаттыкты талап кылган, оор жумуш. Чарчабайсыңбы?

– Курак курап жатканда эргүү алып, жан дүйнөм эс алат. Оюмда болгон түйшүктүн баарынан арылып, кадимкидей эс алып калам. Кардарларым “төшөктөрүң жакшы болуптур” деп айтса, мага  дем, күч-кубат берип, “ии, бул деле менин колуман келет турбайбы” деп иштегим келет.

– Даяр болгон жер төшөктөрдү каякка сатасың?

– Айыл ичинде дайыма буюртма болуп турат. Азыр той-топур көп, жаңы үй салгандар алышат. Башка жакка  сатам деп убара болбойм.

– Азыр көпчүлүгүбүз шаарга качып, даяр жумушта иштесек дейбиз. Силер да шаарга келип жашагыңар келеби?

– Шаарга барып жашоону кыялданбайм. Азыркы жасап жаткан ишимди кеңейтип, чакан өнөркана ачып, мен сыяктуу иштеген кыз-келиндер менен чогуу иштешсемби деген оюм бар.

Ата-энебиз убагында 1 жылкы, 1 уй, 7 кой энчилеп берген. Айылга там салып, балдарыбызды багып, жашап жатабыз. Азыр иштейм дегендерге айылда жашап деле чоң каражат табууга мүмкүнчүлүк жетишээрлик деп ойлойм.

Өкмөттөн 5 балама 7 миң сом жөлөк пул алам. Кээде өкмөттө иштегендер “Сен мал багасың, акча таап жатасың, жөлөк пулдан баш тарт” деп да чыгышат. Азыр бир айда 5 бала менен 7 миң сомго жашоо мүмкүн эмес. Балдар чоңоюп, өз алдынча болгучакты жөлөк пул деле тыгынчык. Азык-түлүк, кийим-кечек баары кымбат болуп жатпайбы. Биз сыяктуу көп балалуу, жаш үй-бүлөгө өкмөттөн жөлөк пул берилип турганы туура эле го деп ойлойм.

Кенже ОСМОНАЛИЕВА,“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар