Вторник, 30 апреля, 2024
14.1 C
Бишкек

Ибарат САМАКОВА: “Адептүү коом жаратып алсак, адамдар билимге умтулуп башташат”

Ибарат САМАКОВА Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин япон таануу адистигин бүтүрүп, 21 жашында Япониянын Билим берүү министрлигинин MEXT стипендиясын утуп, ал жактан Осака, Чиба университетинде билим  алган.
Котормочу катары Япония менен Кыргызстандын экономика, бизнес, дипломатия тармактарында эмгектенген.
2020-жылдан бери билим берүү тармагына аралашып, бүгүнкү күндө япон элинин билим берүүсүндөгү жетишкендиктерин Кыргызстанда колдонсок деп келет.

– Ибарат, япон элинин билим берүүдөгү жетишкендиктерин изилдеп жүрөсүз. Буларга токтолуп кетсеңиз?

– Ааламдашуу процесси жүрүп, билим берүү тармагынын адистери болушунча жакшы методдорду алып келгенге аракет жасашууда. Бирок, ошолор чын эле биздин менталитетке туура келеби же келбейби деген мониторинг жакшы жүргүзүлүш керек. Ал убакытты талап кылат.

Японияда билимден да биринчи — адептүүлүк турат. Мисалы, күндөлүк турмушта күндө кийилүүчү бут кийимди ордуна коюу иш-аракети. Бут кийимди чечкенден кийин ордуна коюу – бул оюңа туура сарасеп салуу, артыңдан кире турган адамга жагымдуу жагдай түзүү катары бааланат. Мындай иш-аракет илгертен бизде да бар. Анткени, ата-тегибиз чакан боз үйдө жашап, иреттүү болгон.

Бул эми “бут кийимиңди туура чечип, ордуна кой” деп айта берсе эле ишке ашып калбайт. Ага атайын метод керек. Адептүүлүктү япон эли 70 жылдан бери түптөп, элине сиңирип, иштеп чыккан. Биз сыяктуу жаңыдан өнүгүп жаткан мамлекетке ушундай даяр, сыноодон өткөн методду элге сиңирүү керек.

Экинчи – математиканы биздикилер бул оор илим, аны акылдуулар эле билет деген түшүнүк менен жашап, көпчүлүгүбүз математикадан начар билим алганбыз. Математиканы жакшы окуган адамдан сөзсүз эле кыйын математик чыкпайт, бирок, логикалык ойлонуу, жөндөм, чечим кабыл алуу сыяктуу жөндөмдөр кошо өнүгөт. Аны туура ыкма менен берип, баланы кызыктырыш керек. Япон элинин методу биздин менталитетке туура келээрин байкап, азыр ошол методдор боюнча иш жүргүзүп жатам.

Дагы бир чоң көйгөй – ата-энелер “кайсы мектеп жакшы, баламды кайсы жактан окутам” дешет. Биздеги жакшы  билимге ээ мугалимдер кайсы жак  көбүрөөк акча төлөсө ошол жакта жүрөт.

2021-жылдан бери биз Кыргызстанда жайылтып аткан Gakken Classroom методикасында бул маселени уникалдуу окуу материалдардын жардамы менен чечишкен. Окуу материалдар  окучууга түшүндүрүп берүү үчүн эмес, баланын өз алдынча окуусуна шарт түзүү үчүн атайын иштелип чыккан. Ар бир баланын жөндөмүн көзөмөлгө алып, баланы эртерээк өз алдынчалыкка көндүрүү методун колдонушат. Ал окуу материалдарда бала кабыл алганчалык гана жүктөмдөр берилет. Буларда мугалим математик болбой деле койсо болот, эң башкысы – баланы сүйүп, аны менен тил табышуусу.

– Бизде окуучулар менен мугалимдин ортосунда ар дайым пикир келишпестиктер чыгып, сындап эле калабыз.

– Биздин коомдо балдар эле эмес чоң адамдар деле адепсиз. Балдар эмнеге адепсиз? Ата-эне баласына өзүнүн баскан-турганы,  кылган мамилеси менен адептүүлүктү көрсөтө албай жатса, бала аны көрүп “бул ушундай болушу керек” дейт. Баланын адептүүлүгү өзү эле түптөлүп калбайт. Ага да метод керек. Ата-эне канчалык адептүү адатты балага сиңирсе, ал өзөк болуп кала берет. Бир нерсени жасаш үчүн деле атайын иш-аракетти аткарабыз. Ошол сыяктуу эле атайын методикасыз максатка жете албайбыз.

Япон элинин менталитети, маданияты, түпкү аң-сезими кыргыз элине жакын болгондуктан бат сиңип, эл жакшы түшүнөт деп ойлойм. Бул жерден бала эле эмес, ата-эненин да кабыл алуусу зарыл. Себеби, ата-эне кабыл алып, кызыкдар болсо, убактысын, каражатын да бөлөт.

– Окуучулар, студенттер олимпиада жеңүүчүлөрү болуп жатканы менен мектепте, ЖОЖдо билимге умтулбай, барды-келди болуп жүргөндөр көп.

– Негизи кандай коом курабыз деген идеология керек. Жеке оюмда, адептүү коомду тарбиялап алсак дейм. Адептүү адам өзү эле билимге умтулат. Азыр жеке мектептер көп ачылып жатат. Алар бала көптүгүнөн пайдаланып, бизнес катары эле ачышууда. Арасында мыктылары бар. Бирдиктүү идеология болсо 30-40 жылдык максатты көздөмөкпүз. Ошол себептүү, япон методикасы менен бир жылда адептүү 100 баланы тарбияласак, 3 жылда 300, 10 жылда 30 миңге жеткирип, адептүүлүктү жайылта алабыз. Адептүү, маданияттуу, билимге умтулгандар көбүрөөк болсо коомду өзгөртө алабыз. Бул үчүн ушул максатка  умтулуп жаткандар биригип, күч жумшоосу керек.

Ата-эне да “мектепте окутпайт, мугалим начар” деп отура бербей аракет кылса. Ата-энелер “кандай кылсам жардамым тиет” деген маселенин үстүндө иштешибиз керек. Мамлекет колунан келгенин жасап, шарт түзүп жатат. Коом дагы колубуздан келген аракетти кылсак.

Бизде өз алдынча окуу жөндөмү өнүкпөй, бирөө үйрөтүш керек деген көз карандылыктан чыга албай келебиз. Тил үйрөнөсүңбү, күнүгө жаңы сөз жатта. Өз алдынча окуу адаты сиңген адам интернеттен да туура маалымат кабыл алганга үйрөнөт. Ата-эне катары кичине кезинде ошол адатты сиңирип, балдар менен чогуу окусак.

Советтик системанын таасири менен билим берүү тармагында бирөөнүн айтканын аткаруу, жардамын күтүү деген принциптер калыптанып калган. Азыр балдарды көз карандылыктан чыгарып, жөндөм, өз алдынча окуганга, катанын үстүндө иштөөгө үйрөтсөк.

– Ачык булактардагы маалыматтын көптүгү окуучуларга окуу китептерин кызыксыз кылбай элеби?

– Бизде азыр көбү эски система менен билим алган мугалимдер иштейт. Жаш мугалимдер бар. Алар азыр аз болуп, такшала элек. Мугалим да заман талабынан калбай балдар менен чогуу жаңы методдорду ойлоп табууга аркет кылсын. Азыр эки башка муундун айкалышы болуп, маалымат өтө көп. Бизде окуп жаткан китебин түшүнбөгөндөр көп. Алардын суроолорун угуп “бир нерсе түшүндүңбү?” деп сурагың келет.

Негизи эле ата-энелер балдары менен көбүрөөк маектешип, күндө  бир теманы талкуулап, баланы ойлондуруш керек. Эгер бала күнү бою телефондон башка карай турган нерсеси жок болсо, албетте, телефонду карайт.

– Балдардын гаджеттерге көз карандылыгы тынчсызданууну жаратууда…

– Ата-эне өзү телефондон чыкпайт да. Баланын телефон менен алаксып
отурганы ага ыңгайлуу. Мындай ыңгайлуу шарт анын келечегине залакасы тийип, кечке телефондо отурган баланын ойлонуусу токтоп калат. Жогоруда айткандай  өз алдынчалыгы өнүкпөгөн бала гаджетти даяр курал катары гана көрөт. Аны туура максатта колдонуу мүмкүнчүлүгү ар бирибиздин өз алдынчалыгыбызга жараша. Ошол себептүү, ата-эненин балдар менен ар кандай оюндарды чогуу ойноосу баланы ар тараптан өнүктүрөт.

– Бизде башталгыч класстын окуучулары кыргыз тилинде гана билим алсын деген талаш-тартыштар айтылып келет…

– Кыргыз эли ийкемдүү, бир нерсени бат үйрөнөбүз. Биз ошону колдоно албай жатабыз. Башка тилде сүйлөп, аны курал катары колдонсок эмнеге болбосун? Япондордо биздикиндей ийкемдүүлүк сапаты жок үчүн тил үйрөнүүгө 10 жылдай убакыт керек. Ааламдашуу доору жүрүп жаткандыктан бир тил менен ийгиликке жете албайбыз.

Башка тилди чектеп койсо, кыргыз тилин жакшы билип калат деген методика жок. Японияда башталгыч класстан англис тили окутулат. Орус тилин да чектеш керек дегенге мен кошулбайм.

IT тармагы боюнча улан-кыздарыбыз дүйнө жүзүн багынтып, өз продукцияларын сунуштап, чоң ийгилик жаратып жатышат. Бул тармак деле тил сыяктуу, күндө жаңы кодду жаттап, анан  компьютерди сүйлөтө баштайсың. Ошол себептүү,  балдарды кайсы бир жерден чектеп, башка өңүттө өнүктүрүү дээрлик мүмкүн эмес.

– Мектептеги сабак жүктө­мүнүн көптүгү боюнча да пикир келишпестик бар.

– Билим берүү тармагы мамлекеттик стандарттын талабына ылайык  иштейт. Албетте, бул жакта көйгөйлөр жок эмес. Ошентсе да балага эки тараптуу багыт менен жашоо курганды үйрөтүш керек. Биринчиси – кызыккан нерсемди окуйм. Экинчиси – жоопкерчилик. Бул жерде “бул сабак керек” же “кереги жок” деген маселе болбосо. Окуучу катары акылыңдын жетишинче “2”  же “3” деген баага болсо да аткар. Үй тапшырманы аткарган балада жоопкерчилик сезими калыптанат.

Балдар үйдөн тамак-аш жегенден кийин “апам жыйнайт” деген сезим менен туруп кетет. Эгер дайыма “апам жасап коет” деген тарбия менен кетсе, баланын жоопкерчиликсиздиги калыптана берет.

– Кесип тандоо жагынан да баарыбыз кайсалап калабыз…

– Азыр кесип тандоо дегенди унутуп, жөндөмдү өнүктүрүүгө көңүл буруу зарылчылыгы келип чыкты. Тил сынган жаңы кесиптер көп. Бүгүн карасаң бар да, 2-3 жыл ичинде өзгөрүп кеткен болот. Балдар жаңы чыгып жаткан кесиптерди үйрөнүп кетүүгө шыктуу болушу зарыл. Аларга “сен момундай кесип ал” деп таңуулоонун кажети жок. Ал эмнеге кызыгат, кайсы ишти жакшы кылат, ошону өнүктүрүп, бат өзгөргөнгө жөндөмдүү болуш керек.

Кенже ОСМОНАЛИЕВА,“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар