Вторник, 30 апреля, 2024
14.1 C
Бишкек

Биринчи кыргыз басылмасынын алгачкы саны кантип чыккан?

“Эркин Тоонун” (“Кыргыз Туусу”) биринчи санынын чыгышына быйыл 7-ноябрда толук бир кылымдын жүзү болот. Төмөндө гезиттин алгачкы саны кандай шарттарда жарык көргөндүгү, кимдер чыгаргандыгы тууралуу сөз кылабыз.

“Гезит чыгаруукечиктирилгис милдет…”

1924-жылы 14-октябрда Бүткүл Союздук БАКтын (Борбордук Аткаруу Комитети) 2-сессиясында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү чечими жактырылат. Ага ылайык кыргыз эли Түркстан АССРинен чыгып, РСФСРдин курамына кирет. Буга байланыштуу көп өтпөй Пишпек шаарында кыргыз элинин биринчи өз алдынча партиялык конференциясы өткөрүлөт. Ага Москвадан бир катар куттуктоо телеграммалар келген. Алардын арасында: “…Сиздерде дыйкандар газетасынын орус тилинде гана чыгып жаткандыгы өкүнүчтүү иш. Газетаны кара-кыргыз тилинде да сөзсүз чыгаруу керек. Бул кечиктирилгис милдет” мазмунундагы РКП(б) БКнын кыргыз тилинде газета чыгаруу жөнүндө телеграммасы да болгон.

Жетекчилик бул тапшырманы дароо колго алышып, улуттук басма сөздү чыгаруу камын көрө башташат. Партиялык комитет гезиттин жооптуу редакторлук кызматына Ташкенттеги Казак-кыргыз эл агартуу институтун бүтүргөн Осмонкул Алиевди дайындашат. Ал эми  гезиттин орфографиясына жооптуу кылып ушул институттун студенти Кусейин Карасаевди, корректорлукка Мустапа Акматовду бекитишкен.

Бирок булардын ичинен газета чыгарууну, типография иштерин жакшы түшүнгөн адис табылбайт. Ошондо Касым Тыныстановдун сунушу менен облустук партия комитети Сыдык Карачевге тезинен Караколго келүүсүн өтүнгөн телеграмма жиберишет. Себеби, ал басма сөздү чыгаруу иштери менен мурдатан тааныш болгон. (Сыдык Карачев тууралуу гезиттин өткөн санында кеңири сөз кылдык. (№18. 8-март 2024-жыл) Чакан редколлегиянын эң улуусу Сыдык Карачев 24 жашта, ал эми калгандары 20-21 жаштарда болушкан. Алар менен бирге ошол кездеги Билим коммиссариатынын төрагасы, эл агартуучу Ишеналы Арабаев да гезит үчүн жан үрөп иштеп, тыгыз кызматташкан.

Гезитке ат коюу

Туңгуч гезитке ат коюу жоопкерчиликти талап кылган. Сыдык Карачев гезитке ат коюп берүү өтүнүчүн айтып, Ташкентте иштеп жүргөн илимпоз-агартуучу Ишеналы Арабаевге кайрылган. Аны менен бирге редакция кызматкерлери гезиттин аталышында “тоо” деген сөздүн сөзсүз болушун каалашкан. Өз ара акылдашып отуруп, Ишеналы Арабаевдин сунушу менен газетага «Эркин Тоо» деген атты ыйгарышкан. Аны РКП(б) БКнын Орто Азия бюросу бекиткен.

Биринчи санына эмнелер жарыяланган?

“Эркин Тоонун” биринчи санына ошол учурда Орто Азия Коммунисттик университетинде окуган жаш талант Аалы Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” деген ырын саясий ыңгайга тууралап, гезиттин биринчи санына жарыялашкан. Бул тууралуу Аалы Токомбаев өзүнүн “Автобиографиялык фрагментинде” мындай деп эскерет: “Кыргыз элинин тарыхындагы биринчи газета “Эркин Тоо” 1924-жылы 7-ноябрда жарыкка чыкты. Ошол газетанын биринчи санына “Өктөбүрдүн келген кези” деген менин ырым басылды. Бул күн өмүрүмдөгү унутулбай турган күндөрдүн бири болду”. Чындыгында эле ушул ырынан тартып жаш акындын чыгармачылык өмүрүнүн даңгыр жолу башталган.

Ал эми Ишеналы Арабаев “Эркин Тоо” аталышындагы  көлөмдүү макаласында мындай деп жазган: “…Кыргыз кыргыз болгондон бери өз тилинде гезит, журнал, китеп дегенди көрбөй-билбей, ары чети өз журтундагы тиричиликтен, саясаттан, маданияттан артта калып, караңгылыкта камыккан. Мына эми өзүнчө эрктүү облус болуп, эңсеп жүргөн тоосу энчисине тийген соң, Кеңеш өкмөтү кыргыздар да жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп, мына бул гезитти чыгарып отурат. Бул гезиттин табын аягы көңүлдү элжиретип, көздүн жоосун алган “эркиндик” менен “тоону” кошуп – “Эркин Тоо” деп койдук. Эми муну бек карма, кыргыз, бек карма!”

И.Арабаевдин жаңы чыккан гезиттин кыргыз эли үчүн маанисин жана милдеттерин, айрыкча, маданият, илим-билимге жетүүдө, сабатсыздыкты жоюуда гезиттин аткара турган кызматын баса белгилеп көрсөткөн бул макаласы гезитке “салмак” кошкон эң бир өзөктүү материал болгон.

Биринчи санын 14 жашар бала тараткан

Ошентип, 1924-жылы 7-ноябрында Ташкент шаарында “Эркин Тоонун” биринчи саны араб тамгасы менен кыргызча басылып чыгып, улуттук басма сөздүн тарыхы башталган. Өз эне тилинде басма сөздүн болушуна ынтызар чыгармачыл жаштардын талыкпас аракети, зор мээнети менен туңгуч гезитибиз жарык көргөн.

Гезиттин биринчи саны Октябрь революциясынын 7 жылдыгына арналган майрамга туш келген. Гезит төрт беттен туруп, чоң форматта 1000 нуска менен чыгарылып, майрамда демонстрацияга чыккан элдерге бекер таратылган. Гезитти алгачкы тараткан ал кездеги 14 жаштагы өспүрүм, кийин белгилүү журналист-жазуучу болгон Мамасалы Абдукаримов болгон. Ал Ташкенттин көчөлөрүн аралап демонстрацияга чыккандарга “Жолдоштор, кара кыргыз гезитин алгыла!” деп кыйкырып тараткан.

Гезитти уюштуруучулар “Баланын колу – периштеники” деген даанышмандык жөрөлгө менен төлгө катары гезиттин биринчи санын бала таратуусун туура көрүшкөн. Тарыхында биринчи жолу жаралган гезитин колуна алышкан кыргыздардын кубанычы койнуна сыйбай, бири-бирин кучактап куттукташып, ал түгүл көздөрүнө жаш алышкан.

Элдик академик, улуу лингвист, кыргыз элинин тун гезитин чыгарууга катышкан Кусейин Карасаев бул күндү мындай деп эскерген: Бирин-бири куттуктап, бирин-бири өпкүлөп, бирин-бири карекке чогулган кубаныч жаштары менен сүйкүмдүү караган Ташкентте иштеген жана  окуган Ала-Тоо азаматтары жаңы төрөлгөн гезитти таң эртең менен Октябрь революциясынын жети жылдыгына арналган демонстрацияда баратып алышып, элжирөө жараткан өз бөбөгүндөй боорго кысышып, XX кылым ыйгарган бул укмуш таалайды алыс жергеде “башкага тарттырбай” сактагандарына курсант болуша, даңктуу майрамдын кийинки азем-каадасы өтүүчү жайларга бажак-бажак этишип бактылуу тарап жатышты…”. Ал эми гезиттин алгачкы санынын окурмандардын колуна тийиши зор кубаныч туудурганын А. Токомбаев “Тунгучтун төрөлүшү” деген ырында мындайча сүрөттөгөн:

“…Бактыбызга бүгүн гана төрөлдү,
Жаңы гезит кара-кыргыз тилинде!
Эркин элдин өз тилинде “Эркин Тоо”,
Кана, жаштар, умтулгула билимге!
Ден чымырайт, кандай ысык сүйүнчү!
Жүрөгүбүз экиленип туйлады,
Ач жөжөдөй талап ийдик гезитти,
Бир карыя “көрдүм ээ” деп ыйлады…”.

Чындап эле “Эркин-Тоонун” биринчи санынын чыгышы кыргыз эли үчүн чыныгы майрам, алардын маданий турмушундагы эбегейсиз зор окуя, чоң бурулуш болгон. Гезиттин алгачкы алты саны Ташкент шаарынан жарык көргөн. Ал эми 1924-жылы 30-декабрында Кыргыз Автономиялуу облусунун партиялык, советтик жана башка уюмдарынын Ташкенттен Пишпекке көчүрүлүшүнө байланыштуу, «Эркин Тоо» гезитинин редакциясы да Пишпекке которулган.

Жаштар “Эркин Тоону” кыйкырып окуп беришкен

Гезит чыккандан көп өтпөй эле карапайым калктын жашоосунда маанилүү орунду ээлей алган. Айрыкча, кат таанып, сабаты ачылган жаштар “Эркин Тоонун” үнүн элге жеткирүүдө эбегейсиз зор кызмат кылышкан. Кат тааныбаган элеттик кыргыздар гезитти ошол ыктыярдуу жаштарга окутуп угуп, арыз-муңдарын, маселелерин гезит редакциясына жиберип турушкан. “Эркин Тоого” келип түшкөн өтүнүч каттар, арыздар да эч качан көңүл кош калтырылбай, тиешелүү органдарга жиберилип, көзөмөлдөнүп турган. Бул жөнүндө Мамасалы Абдукаримов мындай деп эскерет:

“…Ал кезде өлкөдө жана кыргыз жергесинде болуп жаткан жаңылыктар, ар түрдүү окуялар жөнүндө областыбыздын эмгекчилери жалгыз гана “Эркин Тоо” гезити аркылуу биле алышат болчу. Мына ошондуктан эмгекчилер арасында газетаны кыйкырып окуп берүүнү бардык жерлерде кеңири уюштуруу боюнча партиянын жана “Эркин Тоо” газетасынын чакырыгын анча-мынча кат таанып калган кыргыз жаштары жан-дилдери менен кабыл алышты жана көпчүлүк топтоло турган жерлердин бардыгында: базар аянтчаларында чайканаларда, клубдарда, кызыл үйлөрдө, мектептерде “Эркин Тоону” кыйкырып окуп берүү кеңири жайылтылды. Газета кабарларын угуу үчүн адамдар алыскы айылдардан де келише турган. Ал кезде “Эркин Тоо” эң эле аз нуска менен чыккандыктан, газетанын ар бир саны колдон-колго өтүп, эң ыйык, кымбат баалуу нерсе катары өтө этияттык менен сакталар эле…” (Мамасалы Абдукаримов “Биз ким элек, ким болдук?” макаласынан.1977-жыл, 3-апрель, №76 “Советтик Кыргызстан”).

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине чейин газетага жазылуу жана газетаны таратуу иштерин редакция өзү жүргүзүп келген. Ал кезде басма сөздү тарата турган атайын орган болбогондуктан, редакциянын кызматкерлери жер-жерлерге барып, адегенде гезиттин маанисин, жаза турган программасын түшүндүрүшчү. Гезитке жазылуучуларды да өздөрү каттап, квитанция берип, акчаларын кабыл алышчу. Кийинчерээк гезитти эл арасында таратууга ошол кездеги партиялык, советтик, профсоюздук, комсомолдук уюмдарда иштеген кыргыз кызматкерлери, мугалимдер жардам беришкен.

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,“Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар