Среда, 1 мая, 2024
7.1 C
Бишкек

«Акылман» лицейине окуучулар конкурстук негизде тандалат

2024-2025-окуу жылына карата «Акылман» президенттик лицейине кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Тандоого 6-класстардын окуучулары катышып, калктын аялуу катмарынын жана жетим балдардын арасында сынактык тандоо жүргүзүлөт.

20-апрелден 30-апрелге чейин каттоо болот, 4-6-майда алдын-ала онлайн тестирлөө, 10-майда биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 2 миң талапкер үчүн онлайн тестирлөө өткөрүлөт. 14-майдан 20-майга чейин экинчи этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 700 талапкер үчүн оффлайн тестирлөө уюштурулат.

Министрлик «Акылман» лицейин каржылоо толугу менен президенттин фондунун эсебинен жүргүзүлөрүн жана түздөн-түз өлкө башчысына баш иерин белгиледи.

«Акылман» президенттик лицейи 2023-жылы жайында түзүлгөн. Негизги максаты — окуучулардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү. Өзгөчө таланттуу балдарды колдоо жана аларга дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Лицей 6-класстан кийин кабыл алат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар