Среда, 1 мая, 2024
7.1 C
Бишкек

Камчыбек Ташиев: «Парламентти «тазалоо» уланууда»

Жогорку Кеңешке таза депутаттар шайланып барышына биринчи кезекте эл өзү кызыкдар болушу керек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде Жалал-Абадда чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшыруу иш-чарасында билдирди.

Туура эмес, коррупцияга малынган же болбосо деструктивдүү максаттары бар депутаттардын шайланышына шайлоочулар өзүбүз күнөөлүбүз. Бул маселени эске алуу керек. Ал эми талапкерлерге жооптуу түрдө айтып коеюн, эгерде кимдир бирөөңүздөр элди сатып алайын же элди алдап добуш алайын деген аракетиңе болсо, анда биз мыйзам чегинде чара колдонобуз. Мындан ары шайлоолор таза болушу керек. Жогорку Кеңешке болобу, мамлекеттик жогорку кызматка болобу таза адамдар шайланып барышы керек. Ошондо гана мамлекетте өсүп-өнүгүү болот. Мыйзамдуу тартиптин негизинде гана өнүгө алабыз. Мамлекеттик кызматкерлер жардам берип шайлоого катышпаш керек. Кайсыл жерде шайлоолор жүрүп жатса, ошону уюштуруп берген мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер таасириңерди тийгизбегиле. Эл өзү каалаган талапкерин тандап алсын», — деп баса белгилеп, шайлоого таасирин тийгизүүгө аракет кылган мамлекеттик кызматкер мыйзам чегинде катуу жазага тартыларын эскертти.

«Мына ушул жерде прокуратуранын, УКМКнын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери турасыздар. Бул маселеге жакшылап көңүл бургула. Биз мурдагыдай көз жаздымда калтырып, коррупционер, мамлекетти жеген адам болсо деле, зыянкеч экенин билип туруп, акчасына кызыгып аларды мамлекеттик чоң кызматка алып келгенде токтотушубуз керек», — деди ал.

Ошондой эле УКМК төрагасы кимдир бирөө кайсыл бир деңгээлде мамлекетке зыян келтирсе, түздөн-түз жооп берүүгө милдетүү болорун эскертти.

«Анын жооп берүүсүн камсыз кылуу — биздин милдет. Парламентти тазалоону көрүп жатасыңар. Ал жерде да туура эмес адамдар шайланып келген. Аларды «тазалоо» уланууда», — деп кошумчалады ал.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар